Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя иликтене баштады


Ош-Исфана жолу Кыргызстандын Көк-Таш айылын аралап, Тажикстандын Чорку айылынын четинен өтөт.
Ош-Исфана жолу Кыргызстандын Көк-Таш айылын аралап, Тажикстандын Чорку айылынын четинен өтөт.

Эски-Таш аймагындагы окуяда октон жараат алганы айтылган кыргызстандыктан абалы туруктуу.

Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Эски-Таш аймагындагы окуяда октон жараат алганы айтылган кыргызстандыктын абалы туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн милиция кызматкерлери жолугушуп, иликтөө жүргүзүп жатышат. Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө караганда, кыргызстандык жаранга 2-июнга оогон түнү өз машинеси менен баратканда Тажикстан тараптан аңчылык куралдан 11 жолу ок атылган. Ага эки ок тийген.

Буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы окуя түнкү саат 01.20 чамасында Ош-Исфана автожолунда болгонун, кыргызстандык айдоочу октон жеңил жараат алып, Самаркандек айылдык ооруканасына жеткирилгенин билдирген. Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экени кабарлаган.

Кыргыз-тажик чек арасында карапайым тургундар арасында ок атуу соңку айда экинчи жолу катталды.

27-майда Тажикстандын Чек ара кызматы маалымат таратып, саат 11лер чамасында Баткендин Ак-Сай айылынын тургуну Саат Бактыбеков тажикстандык жаран Мутабархонум Шаропованы көздөй мылтыктан ок атканын, натыйжада келин оң далысынан жаракат алып, ооруканага түшкөнүн кабарлаган.

Тажик Чек ара кызматынын билдирүүсүндө: «Кыргызстандык жарандын бул аракети эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаалдын туруктуулугун жасалма бузуу аракети катары бааланат. Бул аракет чектеш аймакта жашаган тажик элинин жооп иретиндеги реакциясына алып келиши да ыктымал», - деп жазылган.

Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө аты аталган Саатбек Бактыбаев бул маалыматты четке каккан. Ал түшкө чейинки убакытта жакында чек арада ок тийген жээнинин үйүндө түлөөдө болгонун, мергенчилик эмес, дегеле эч кандай куралы жок экенин «Азаттыкка» билдирген.

Куралдуу чыр-чатак кыргыз-тажик чек арасында маал-маалы менен болуп турат. Коомчулук арасында чырды дүйнөлүк тажрыйбага таянып чечүү керектигин айткандар да бар.

Чек ара чатагын чечүүнүн жолдору
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:15 0:00

26-майда орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүгө ортомчу болууга даяр экенин билдирген.

Сергей Лавров бул тууралуу 26-майда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлеринин онлайн жыйынынан кийинки пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтып, Москва бул сунушун жыйын учурунда да билдиргенин белгилеген.

«Тажикстан менен Кыргызстан ортосунда чек арадагы курч кырдаал биринчи жолу болгон жок. Биз союздаштарыбызды диалог жүргүзүүгө, күч колдонуудан алыс болууга чакырабыз. Өзүбүздүн ортомчулук кызматыбызды сунуш кылууга даярбыз. Кырдаал канчалык тез тынчыса, ошончолук жакшы болот», - деген ал.

Мындан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавровдун кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча билдирүүсүнө байланыштуу Орусияга нота жөнөткөн.

Ал эми расмий Бишкек нота жөнөткөн эмес. Бирок жергиликтүү сайттардын бирине ТИМдин позициясы жарыяланган. Анда "эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүнүн өтө маанилүүлүгү белгиленип, “Орусия Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү жана союздашы” экени айтылган.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаев кыргыз-тажик чек арасында айрым окуялардын чыгышына чек ара сызыгы юридикалык жактан белгиленип бүтө электиги себеп экенин, бул багытта иш мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйындарында эки тараптуу форматта талкууланып келатканына токтолгон.

24-майда Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Сунган-Баба деген жайлоодо да чыр чыгып, атышуу болгон. «Азаттыктын» тажик кызматы андан Тажикстандын чек арачысы жарадар болгонун жазды. Кыргыз тараптан жарадар болгондор жок.

8-майда чыккан чатакта Кыргызстандын үч жоокери жарадар болгон. Алардын бири оор абалда Бишкекте ооруканада жатат. Тажик тарап бул окуяда эки жараны жараат алганын билдирген.

2019-жылы эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон Тажикстанда жана Кыргызстанда, анын ичинде чек ара чыры көп катталган Ак-Сай - Ворух аймагында жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Бирок андан бери чек арадагы маселеси чечилип кеткен жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG