Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

ТИМ: Чек ара боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүү өтө маанилүү


ТИМдин имараты.
ТИМдин имараты.

Кыргызстан Орусиянын кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөргө ортомчу болуу сунушуна жооп берди. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаевдин билдирүүсү 30-майда “АКИpress” сайтына жарыяланды.

Анда акыркы жыйынтыкка багытталган эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүнүн өтө маанилүүлүгү белгиленип, “Орусия Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү жана союздашы” экени айтылды.

Дыйканбаев кыргыз-тажик чек арасында айрым окуялардын чыгышына чек ара сызыгы юридикалык жактан белгиленип бүтө электиги себеп экенин, бул багытта иш мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйындарында эки тараптуу форматта талкууланып келатканын айтты.

Орусия кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүгө ортомчу болууга даяр экенин бул өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров 26-майда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлеринин онлайн жыйынынан кийинки пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан. Лавров Москва бул сунушун жыйын учурунда да билдиргенин кошумчалаган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу Москвага расмий нота жөнөтүлгөнүн өзүнүн расмий сайтына 29-майда жарыялап, ЖККУнун жыйынында бул маселе тууралуу сөз болбогонун, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иши уюмга мүчө өлкөлөрдүн ички иши болуп эсептелерин жана эки тараптуу гана негизде жүргүзүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле тажик тараптын нотасында Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда чек ара боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп келатканы, бул жараянга үчүнчү тарапты тартуунун зарылчылыгы жок экени өзгөчө белгиленгени да жазылды.

Быйыл май айында чек ара тилкесинде үч окуя катталды, бир нече адам жараат алды. Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдан улам эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон 2019-жылы 26-июлда Тажикстандын Исфара шаарында, 27-28-июлда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында сүйлөшүү жүргүзүшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG