Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

Чек арадагы кырдаалды эки өлкө чогуу көзөмөлдөйт


Чечме, 31-май, 2020-жыл
Чечме, 31-май, 2020-жыл

31-майда кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек жеринде эки өлкөнүн жарандары ортосунда чыр чыкты.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме булагынан улам чыр чыккан жердеги кырдаалды эки өлкө чогуу көзөмөлдөйт. Бул тууралуу чечим 31-майда Кыргызстан менен Өзбекстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүндө кабыл алынды.

Сүйлөшүүгө Кыргызстан тараптан кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбай Максүтов, Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров, ал эми Өзбекстан тараптан Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиев менен Сох районунун акими катышкан.

Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, сүйлөшүүдө тараптар аймакта кырдаалды жөнгө салууну чечишкен. Ал үчүн эки тараптын күч түзүмдөрү чогуу чек арадагы жаңжалды токтотуп, тараптардын мыйзамсыз аракеттерине жол бербөөнү сүйлөшкөн.

Булак талаштан чыккан чыр

Жаңжал чыккан жерде жүргөн кабарчыбыздын маалыматына караганда, учурда эки тараптан тең таш атышуу токтоду. Бирок чогулган эл тарабай, топтолуп турат. Милиция элди таратууга аракеттенүүдө. Чечмеге облустун башка аймактарынан кошумча милиция тартылып жатканы кабарланды.

Ал арада Чечмедеги жаңжалда жаракат алган эки кишинин абалы оор экени маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлиги “Фейсбуктагы” расмий баракчасында маалымдагандай, 31-май күнү кыргыз-өзбек чек арасындагы чатакта жаракат алган 15 адам Айдаркен шаардык медициналык борборуна кайрылышкан. Алардын ичинен төртөө түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылган, экөөнүн абалы оор. Калгандары медициналык жардам алгандан кийин, үйлөрүнө кетишкен.

Ошондой эле маалыматта “жаңжал чыккан жерде эки “Тез жардам” бригадасы нөөмөттө турат. Аларга көмөк көрсөтүүгө Баткен облустук ооруканасынан реаниматолог менен травматолог адистер саламаттык сактоо боюнча облустук координатор менен бирге Чечмеге чыгып кетишти” деп жазылган.

Сох районунун тургуну «Озодлик» радиосуна 16 өзбекстандык жараат алып, ооруканага кайрылганын айтты.

31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак катталып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда "булак бизге таандык" деген сөз талаштан чыккан.

Кечке жуук Өзбекстандын Чек ара кызматы "кырдаал көзөмөлдө" деп маалымат тараткан:

"Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох районундагы Чечме булагында
кыргызстандыктар менен өзбекстандыктар ортосунда жаңжал чыкты. Бул кырдаалды чечүү үчүн чек арада эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтеринин жооптуу адамдары жолугушту. Учурда кырдаал көзөмөлдө. Жаңжалдын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат".


"Азаттыктын" өзбек кызматы менен байланышкан сохтук тургундун айтымында, 31-май күнү түшкө жуук Чечме булагынын үстүндө жаңжал чыккан. Тараптар бири-бирин таш ыртытышкан.

"Сохтуктар булактан суу алабыз деп барганда жаңжал чыккан. Кыргызстан тараптагылар сууну биз алабыз деп туруп алышкан. Жаңжал чыгып, таш атылган. Бир нече адам жаракат алды. 16 киши ооруканага түштү деп айтышты. Бул жолку жаңжал аябай катуу болду", - деди атын атагысы келбеген сохтук.

Чыр чыккан жерде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров жана милиция кызматкерлери жүрүшөт.

Чырга Баткендин Кадамжай районуна караштуу жерде Чечме деген булак талаш себеп болгон.

Мадумаров: Чырдын чоо-жайы такталып жатат

Күндүз социалдык тармактарда тараган видеолордон топтолуп турган элди, кыйкырып, айтышып жаткандарды көрүүгө болот.

Чек арада чыр чыкканда вице-премьер-министр Акрам Мадумаров "Азаттыкка" буларды айткан эле.

Акрам Мадумаров: - Кыргыз-өзбек чек арасында Кадамжай районуна караштуу Чечме деген булак бар. Жыл сайын эки өлкөнүн жарандары бул булакты тазалап турушат. Бул жолу эки тарап айтышып, уруша кетишкен экен. Бири-бирине таш ыргытышкан. Жергиликтүү бийлик жеринде чырдын себебин тактап жатат.

«Азаттык»: - Канча адам топтолгон? Сизде бул боюнча маалымат барбы?

Акрам Мадумаров: - Сөзүмдүн башында айткандай, ал жерде эки өлкөнүн жарандары чогулуп, жайында булакты тазалашат. Адатта 30-40 киши чогулат. Азыр канча адам чырга катышканын тактап жатабыз. Бул маалыматты тактагандан кийин силерге кабарлайбыз. Жабыркагандар барбы же жокпу, ушуну жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тактап жатышат.

«Азаттык»: - Эл азыр тарадыбы же дагы эле топтолуп турабы?

Акрам Мадумаров: - Жергиликтүү бийлик органдары сүйлөшүп жатат. Ал тактала элек чек ара тилкеси болуп саналат. Бул булакты эки тарап тең пайдаланып келет. Ошол себептен бул жерде чыр жыл уланбай чыгып турат. Бирок кооптуу жагдай түзүлө турган абалга келишине жол берилбейт.

Чечме булагы чырга себеп болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00


«Азаттык»: - Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу жакын арада кандайдыр бир сүйлөшүүлөр пландалып жатабы?

Акрам Мадумаров: - Ооба, пландалууда. Учурда Чек ара кызматы демаркациялоо, тосуу, алдын алуу иштерин жасап жатат. Ушул жумада эле жолугушуу болгон. Бирок коронавирус пандемиясы маалында бул жолугушуулар белгисиз мөөнөткө калды.

«Азаттык»: - Бүгүн чыр чыккан жер канчалык көйгөйлүү?

Акрам Мадумаров: - Ал жердеги булактын маселеси чечилбей келатат. Эгерде бул булак бир өлкөнүн пайдасына чечилсе, экинчиси суусуз калышы ыктымал. Ошондуктан булак көйгөйлүү маселе болуп эсептелинет. Бирок бул маселени чечүүнүн жолдору бар. Эки тараптуу жолугушуу болгондо чечебиз.

Редакциядан: Өкмөттүн маалыматына караганда, кыргыз-өзбек чек арасынын 95% макулдашылган.

"Азаттыктын" архивинен: Чек арадагы булак кайсы өлкөгө өтөт?

Баткен: чек арадагы булак кайсы өлкөгө өтөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG