Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

«Чечмедеги булак талаш жер такталганда чечилет»


«Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун Баткендеги өкүлү Роберт Абазбеков кыргыз-өзбек чек арасындагы жагдайга байланыштуу ой бөлүштү.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалда жаракат алган төрт кыргызстандык ооруканада жатат. 11 киши медициналык жардам алып, үйгө чыгарылды. Өзбекстанда да 16 киши жараат алганы кабарланды.

31-майда түштө Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Жаңжал аймактагы Чечме булагын талашуудан чыкканы маалымдалган.

«Азаттык»: - Роберт мырза, жаңжал булак талашуудан чыкканы айтылууда. Сиз чек ара маселелери менен жеринен иштеген адам катары ошол булак жөнүндө эмне билесиз? Чоңдугу кандай, талаштын төркүнү эмнеде?

Абазбеков: Бирлик айыл өкмөтүндөгү Чечме булагынын суусу чоң. Ичүүчү суу катары да, сугат суу катары да колдонулат. Кыргыз тараптан Чечме айылынан 1500 чамалуу адам пайдаланат, өзбек тараптан Чашма айылынын 2000-3000ден ашуун тургуну ичишет.

Булактын жайгашкан жери 80 сотых деп жүрөт. Мен ал жерде болгом, көргөм. Көлмө бар, айланасына бак тигилген. Анын 70 пайызын өзбекстандыктар, 30 пайызын кыргызстандыктар колдонот экен.

Кечээги жаңжалдын себебине кайрылсак, суу талаштан чыкты деген деле туура эмес. Жылына эки өлкөнүн тургундары чогуу ишембилик өткөрүп, булакты тазалачу экен. Быйыл кыргызстандыктар өзүнчө тазалай баштаганда, тигил тараптагылар нааразылык билдирип, ошондон улам жаңжал чыгып, курчуп кеткен.


«Азаттык»: - Булакка байланыштуу майда талаш-тартыш буга чейин деле болуп келгенин уктук. Бирок мынчалык чоң жаңжалга соңку жылдары күбө болгон эмес элек. Муну жергиликтүү элдеги көп жылдык чыңалуунун жарылышы десек болобу?

Абазбеков: - Ооба, Совет ыдырап, эгемендик доору башталгандан бери эле булак талашка түшүп келатат. Дайыма сүйлөшүү жүрөт. Пайдалануу графиктери, суу бөлүштүрүү эрежелери бар. Бирок элди ал канааттандырбайт. Эки тарап тең мүмкүн болушунча көбүрөөк суу алганга аракет жасап келишет.

«Азаттык»: - Кыргызстандын жана Өзбекстандын расмий өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Абалды курчутпоонун кандай жолдору бар?

Абазбеков: - Ошол аймактагы Чарбак айылында 2013-жылдагы жаңжалга чейин жылына Өзбекстан менен бир катар чыр чыгып турчу. Чарбак жаңжалынан соң чек ара тилкелерине зым орнотулуп, бөлүп койду. Андан соң ири талаш-тартыш чыкпай калган. Анализ кылып көрсөк, ошондон бери болгон жаңжалдардын дээрлик баары аткезчиликке байланыштуу болуптур. Жайыт талаш, жер талаш, суу талаш деген маселелер тынчып калган эле.

Чечмедеги жагдайды чечүүнүн да бирден бир жолу – демаркация, делимитация ишин аяктап, булактын мынча бөлүгүн өзбек тарап, мынча бөлүгүн кыргыз тарап алат деп, мамлекеттик деңгээлде келишим түзүп, бөлүп коюу зарыл. Антпесе, жаңжал чыга берет.

«Азаттык»: - Бөлгөндө тең болбой калса, кайра талаш күчөшү мүмкүнбү?

Абазбеков: - Мамлекет аралык сүйлөшүүнүн негизинде чечилип, конкреттүү бир документ болсо, эл көнөт. Мен билгенден азыр айыл өкмөттөрдүн, райондун деңгээлинде гана сүйлөшүү бар.

"Чечмедеги булак талашы жер такталса чечилет" (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:31 0:00


Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (11)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG