Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

«Орусиянын ортомчулугуна муктаж эмеспиз»


Баткендин Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасы. 9-май, 2020-жыл.

Акыркы күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы атышуулар эки өлкө ортосундагы мамилелерди оорлоткондой болуп турат.

Чек ара тилкелерин тактоо эмне үчүн алдыга жылбай жатат? Макулдашууга жетише албагандыктын негизги себеби эмнеде? Бишкек менен Дүйшөмбү чек ара маселесин чечүүдө Орусиянын ортомчулугуна муктажбы? Ушул ж.б. суроололорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев, кыргыз өкмөтүнүн мурдагы вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиев жана Кыргыз чек арачыларынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Чолпон Буржуев катышат.

«Азаттык»: - Таабалды мырза, ортолору жакын эле убакта кыргыз-тажик чек арасында эки жолу атышуу болуп кетти. Эки тарап бири-бирин күнөөлөп келатат. Маселенин чыныгы чоо-жайы кандай болгон?

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

Таабалды Тиллаев: - Тилекке каршы, атышуу аралашкан окуялар болуп жатат. Мен ошол аймактын жараны, кулуну катары да айтсам, биз тараптан кандай гана сунуштарды айттык, кандай гана ыкмаларга барбадык. Ушул убакка чейинки сүйлөшүүлөр натыйжа бербеди. Ошондуктан мен парламентте кыргыз-тажик чек ара постторун биротоло жабуу тууралуу маселе көтөрдүм. Азыр ал маселенин үстүнөн өкмөт иштеп жатат. Менин жеке оюмда чек арадагы маселелер чечилмейинче алар менен бардык карым-катышты токтотуш керек. Бизде стратегиялык ыкмалар бар. Тажик тарапка оор учурларда убакыт, мүмкүнчүлүк берип келгенбиз, биздин андай мамилебизди түшүнүшкөн жок. Учурда чек арада абал тынч. Бирок ал тынчтыкты туруктуу болот деп айтуу кыйын. Себеби, бул аймакта суу, жайыт, жол маселеси өтө курч турат.

«Азаттык»: - Чолпон мырза, акыркы убакта чек арадагы атышууларда эки өлкөнүн чек арачылары тил табыша албагандай. Тартипти, мыйзамды сактабай чагым кылып жаткандай маалыматтар тарап кетти. Сиздин оюнузда маселенин төркүнү кайда?

Чолпон Буржуев: - Акыркы 20 жылдан бери чек арадагы жол, жайыт, суу талаш токтобой келет. Бул маселе жай келгенде абдан курчуйт. Биздин чек арачылар менен тажиктердин чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда ар дайым сүйлөшүүлөр болуп турат. Бирок натыйжа аз. Абал курчуп баратат. Ушул убакка чейин чек араларыбыз кайсы жерден өтөрүн кыргыз тарап да, тажик тарап да так билбейт. Коомчулукта чек арачылар чек араны кантип кайтарууну билбей жаткандай пикирлер бар. Иш жүзүндө андай эмес. Биздин чек арачылар кандай иштешти билет. Бизге мамлекет чек араны тактап берсин. «Кыргызстандын чек арасы бул жерден өтөт, эми эч ким талашпайт» деп айтышсын. Чек арабыз делимитация, демаркация болбосо, мындай чыр-чатак боло берет. Көп учурларда эки тараптын чек арачыларынын өз ара сүйлөшүп, макулдашып иштеп жатканынан улам абал тынч турат. Биздин чек арачыларыбыз өз дипломатиясын жүргүзүүдө. Тилекке каршы, эки тараптан тең жергиликтүү элди козутуп, жаңжалга чакырган чагымчылар да болуп кетип жатат. Биздин чек арачылар ошондой оор кырдаалга карабай өз өмүрүн сайып коюп кызмат кылып жатышат.

«Азаттык»: - Абдрахман мырза, эки өлкөнүн президенттери жолугушкандан кийин бир топ ишеним жаралды эле. «Мамлекет башчылардын ортосунда принципиалдуу макулдашуу болду» дегендей айтылды эле. Эмнеге андан кийин деле жылыш болбой жатат?

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

Абдрахман Маматалиев: - Президенттер жолугушуп, сүйлөшүп, саясий ташырмаларды берип жатышат. Аны аткара турган орган - бул өкмөт. Эки өкмөттө тең чек ара менен иштей турган, вице-премьерлер жетектеген комиссия бар. Алардын алдында катчылык деген орган бар, жумушчу топтор түзүлгөн. Ошолордун иши алга жылбай жатат да. Ошондон улам жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө, макулдашууларга да ишенбестик жаралууда. Ал чек ара боюнда жашаган элге, жөнөкөй чек арачы жоокерлердин күнүмдүк кызматына таасирин тийгизүүдө. Эки мамлекеттин президенттери «эки эл илгертен кошуна жашап келген, мындан ары да жашайт, чек араны тактоого, биротоло чечкенге кызыкчылыгы бар, көзөмөлгө алынат» деп маселелерди чечүүгө умтуларын билгизишкен. Аны укканда баарыбыз кубандык. Айрым маалымат каражаттары «чек ара чечилип калды» дегенге чейин барышты. Ошол макулдашуулар оозеки боюнча эле калып жатпайбы. Аны бүтүрө турган органдар иштебей жатат, аткара турган механизмдер бар болчу.

«Азаттык»: - Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «кыргыз-тажик чегара маселелери женил эмес, Орусия ортомчу болууга даяр» деген позициясын билдирди. Бул маселе канчалык оор жана үчүнчү тараптын ортомчулугуна муктажбызбы?

Таабалды Тиллаев: - Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон кийин өз маселесин өзү чечиши керек. Бул жөнүндө Конституцияда, башка мыйзамдарда так жазылган. Биз башка мамлекеттин ортомчулугуна муктаж эмесбиз. Эгер биздеги маселени үчүнчү өлкө келип чечип берет десек, анда биз мамлекет катары алсыздыгыбызды билдиребиз. Кыргызстандын бүтүндүгүн, эркиндигин башка бирөөлөрдүн кийлигишүүсү менен чечкенге жол бербешибиз керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (26)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG