Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Куралчан уктаган чек арачылар


Баткенде 8-майдагы чек ара чатагында жарадар болгон чек арачы Султанбек уулу Мирбек.
Баткенде 8-майдагы чек ара чатагында жарадар болгон чек арачы Султанбек уулу Мирбек.

Баткенде 8-майдагы чек ара чатагында жарадар болгон үч чек арачынын бири Султанбек уулу Мирбекке кечээ экинчи ирет операция жасалып, абалы орто оор деп бааланууда.

Калган эки жоокер Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз учурда Бишкек шаарында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.

Кыргыз-тажик чек арасында ок тийген жоокер Султанбек уулу Мирбектин абалында жакшы жылыш байкала баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Тилек Үмөталиев билдирди. Бирок, анын айтымында, жалпысынан жоокердин абалы оор деп мүнөздөлүүдө. 12-майда чек арачынын ичегисине операция жасалды.

«Абалы туруктуу оор. Кечээкиге караганда кадимкидей жакшы. Ал эми берки эки жоокердин абалы жакшы. Үчөө тең дары-дармек менен толук камсыз болгон».

Сооронбай Жээнбеков ок тийген чек арачылардан кабар алды. 12-май, 2020-жыл.
Сооронбай Жээнбеков ок тийген чек арачылардан кабар алды. 12-май, 2020-жыл.

Оштун Өзгөн районунун тургуну 26 жаштагы Мирбек Султанбеков аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. Анын апасы, иниси жана карындашы да аскер кызматкерлери. Үйдүн улуусу Мирбек 2011-жылы Өзгөн районунун Куршаб айылында орто мектепти артыкчылык менен аяктаган соң ошол эле жылы аскердик жогорку билим алыш үчүн Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскердик институтка тапшырган. 2015-жылы бул окуу жайын аяктап, лейтенант болгон Мирбек Баткендин Көк-Таш айылынын Тажикстан менен чектеш аймагындагы №2022 чек ара бөлүгүндө өз ыктыяры менен иштей баштаган.

8-май күнү кыргыз-тажик чек арасында курал колдонгон чыр чыгып, Мирбек Султанбек уулунун көкүрөк омурткасына, ичине жана жамбаш сөөктөрүнө ок тийген.

Жарадар жоокердин апасы Чынар Жолдошбаева уулу бала кезинен бери аскер болууну аябай каалаганын, бирок ал ок тийип реанимацияга түшүп калат деп эч убакта ойлобогонун айтып отурат.

Чек арачынын таежеси Мирбек жай күндөрдө эле ок тийип жатып калганына кабатырланып жатканын айтып, чек арачылардын коопсуздугуна көңул бурулушу керек экенин белгиледи:

«Бул мекенди коргойм деген ураанды катуу туу тутуп алган экен. Азыр деле жаткан жеринде чек арадагы чыр-чатак тууралуу улам-улам айтып жатат. «Менин артымдагы эки жоокер эмне болду? Алар каякта? Канча киши жарадар?» деп өзү араң туруп аларга сарсанаа болду. Чек арачылардын жыл сайын ушинтип октон катуу жарадар болушу аскерге барууга камынып турган жигиттердин да демин суутуп жатат».

Булар жогору жактан команда ала албай эле бири-бирин куткарам деп окко учушат.

Мирбек Султанбеков менен кошо 1995-жылы туулган аскер Манас Абдисаит уулунун көкүрөгүнө ок тийип, операция жасалган. Ал эми үчүнчү жабырлануучу Турдубай уулу Чыңгыз 1996-жылы төрөлгөн. Анын көкүрөгүн ок тешип чыккан. Дарыгерлер учурда экөөнүн абалы жакшы болуп калганын билдиришти.

Баткендин Көк-Таш айылынын тургуну Абдыганы Муратбек уулу ушундай кырдаалда эч нерсеге карабай күнү-түнү элге чеп болуп, курал кармап уктаган аскерлерге Баткен эли ыраазы экенин айтты:

«Чек арачыларга жогорку баа берем. Эң кыйын жерде турган ушулар. Булар жогору жактан команда ала албай эле бири-бирин куткарам деп окко учушат. Булар болбосо биз эбак эле кырылып калмакпыз. Аймактардан келип ушул жерде ата мекенге кызмат кылам деген жоокерлердин жарадар болуп калышканы өтө өкүнүчтүү. Эми ким билет, алар кандай болуп айыгып чыгат, баары бир майып болуп калышат да. Баарынан Баткен эли чек арачыларга ыраазыбыз. Аман болушсун»!

Кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу чатак Жогорку Кеңештин комитетинде да талкууланып, өкмөткө чек араны тактоо иштерин тездетүү жөнүндө талап коюлду.

Акыркы чек ара чатагында эки тараптан алты киши жабыркап, үч кыргыз чек арачысы октон жарадар болгон. Тажик тарап жаракат алган эки жараны ооруканага түшкөнүн билдирген.

Өткөн жылдын сентябрь айында да кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, атышуудан 13 адам жараат алып, 41 жаштагы чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминов окко учкан эле.

Чек ара: Жаңжалдан кийинки абал
Чек ара: Жаңжалдан кийинки абал
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:34 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG