Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Чек ара чырынан үй өрттөнүп, жоокер жараат алды


Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы. 8-майда чек ара чыры ушул жерде катталган.

Чек ара чырына байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирине нааразылык нотасын тапшырды.

Кыргыз-тажик чек арасында 8-майда болгон жаңжалда ок тийген бир аскердин абалы оор, реанимацияда жатат. Эки аскердин абалы орто. Жаңжал орун алган Көк-Таш айылында абал туруктуу. Эки тараптан расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Абдраим Мажитов аксакалдын Көк-Таш айылынын четинен Тажикстан менен чек арага жакын жерде жашап жатканына 30 жылдай болду. Ал байбичеси Шаада экөө ушул жерде 11 баласын үйлөп-жайлаган. Эң кичүү баласына короосунун бир четине насыя алып үй курган экен.

8-май күнү кечке жуук Тажикстандын жарандары менен болгон жер талаш жаңжалында эми эле курулушу бүткөн үйү күлгө айланып, эч нерсеси жок калды:

"Бизге бул жерден 1990-жылы өкмөт участок берген. Анын да жарымын ошол мезгилде кошуна тажиктерге раисибиз сатып жиберген экен. Балдарымды жайлап, тынч эле жашачубуз. Бирок кошуналар менен мамиле жок. Качан болсо жер талашып, чыр чыгара беришет. Биздин жерлерге да кирип кетишет. Жаңжал чыкканда ушул айланада эле жүрүп, аз жерден ок тийбей калды. Жашым 80ден ашты, мен кайда барам эми?", - деди Абдраим Мажитов.

Абдраим Мажитовдун өрттөнгөн үйү.
Абдраим Мажитовдун өрттөнгөн үйү.

Абдраим Мажитовдун байбичеси Шаада соккон килемдери күйүп, неберелери кийимсиз калганына ичи ачышып турат:

"Кол менен килем согуп, базарга сатып жүрүп, балама үй кылдык эле. Банктан да акча алган элек. Баламдын үйүнө деп эки араб килемин эки сокмо даярдап берген элем. Буюмдары, азык-оокаттары баары күл болду эми. Ушул кантип болсун. "Кошуна - түбөлүк" деп айтылат, бир дубал нары турушат. Сууну бизден алышат. Анан ушул кылгандары жакшыбы?".

Абдраим Мажитовдун өрттөнгөн үйү.
Абдраим Мажитовдун өрттөнгөн үйү.

8-май күнү кечке маал Көк-Таш айылынын четиндеги төрт гектар жерди бошотуп бергиле, айдаган эгиниңерди бузгула деп талап коюп, Тажикстан тараптан топтошкон эл келгенде чыр чыккан. Жаңжал курал колдонуу менен коштолду.

Баткен районунун акими Каланбек Маркаев талашка түшкөн жерде Кыргызстандын жарандарына тиешелүү 20-30 жылдык бак-дарактары бар экенин, тажик тарап паритеттик комиссиянын чечими жок эле картадагы жерибизди бошотуп бергиле деп жатканын айтты:

"Ал жерди Кыргызстандын жарандары башынан эле пайдаланып келишет. 20-30 жылдык бактар турат. Кошуналар бул жер биздики деп биринчи жолу айтып жатышкан жок. Буга чейин эле ар жерди эле ошентип айта беришет. Бирок ал жер кимдики экенин паритеттик комиссия гана аныктайт да. Исфаранын жетекчилиги менен сүйлөштүм "жерди айдабагыла, эгин экпегиле, бактардагы мөмөнү ала бергиле" деп жатат".

Дүйшөмбүнүн билдирүүсү

8-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалга байланыштуу Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустембеков Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

“Элчиге Кыргызстандын жарандарынын жана аскер кызматкерлеринин куралдуу жаңжалга алып келген чагымчыл аракеттерине байланыштуу Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин нааразылык нотасы тапшырылды” деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын тышкы саясий мекемесинин билдиришинче, чыр-чатакка кыргыз жаранынын ок атуусу, анын артынан кыргыз чек арачыларынын ушул сыяктуу эле аракети түрткү берип, Тажикстандын аскерлери жооп чара көрүүгө мажбур болгон. Маалыматта окуядан эки тажик жараны жараат алып, ооруканага түшкөнү белгиленген.

Буга чейин Тажикстандын Чек ара аскерлери 8-майда Исфара районунун Чоркух жамаатынын Кумазор аймагында "Тажикстандын мыйзамы боюнча тажик жарандарына таандык "төрт гектар жерди" кыргызстандыктар өз алдынча ээлеп алганы чырга себеп болгону тууралуу маалымат тараткан.

“Кыргызстандын чек арачылары конфликтти токтотуу орунда Тажикстандын куралсыз жарандарына ок атуу менен чагымчыл ролду ойноду. Анын жыйынтыгында Тажикстандын 1983-жылы туулган Фазлиддин Фозилов жана 1971-жылы туулганы Айомиддин Шарипов оор жаракаттарды алышты. Эки тараптуу чаралардын натыйжасында конфликт күчөгөн жок”, - деп айтылат маалыматта.

Ошону менен катар тажик тарап кырдаалды толук турукташтыруу максатында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Кыргызстан да тажик элчисин чакырды

8-майда кыргыз-тажик участогунда болгон чек ара инцидентине байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Назирмад Ализода да чакырылды.

"Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана жарандарына карата гранатомет найлуу автоматтардан, анын ичинде топтук минометтук куралдан бутага алып, ок атууга байланыштуу тажик дипломатына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин протест билдирүү нотасы тапшырылды. Ок атуунун натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматынын үч аскер кызматчысы жана бир жергиликтүү тургун оор жаракаттарды алышты", -деп айтылат 9-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Ошондой эле мекеме "Тажикстандын аскер кызматчыларынын жана жарандарынын кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасында кырдаалды туруксуздаштырууга алып келүүчү ачыктан-ачык деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерине тынчсыздануусун" билдирген.

Бир аскердин абалы оор

Кыргызстан тараптан облустук ооруканага октон жабыркаган үч аскер кызматкери түшүп, биринин абалы оор бойдон калууда.

"8-май күнү бизге жараат алган төрт адам түштү. Бир жөнөкөй жаран бир күндүк дарылануудан соң абалы дурус болгондуктан үйгө чыгарылды. Эки аскер кызматкериндеги октор алынды абалдары туруктуу. Дагы бир аскер кызматкеринин абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир ок алынды. Он биринчи омурткасында дагы бир ок турат. Октон жүлүн жабыр тарткан", - деди Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков.

Чек арадагы жаңжалда ок тийген бир аскердин абалы оор
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Чек арадагы чырдын чыгышына аны чечүүгө болгон чечкиндүү аракеттин жоктугу, маселени бир жаңсыл болбой создуруктулушу себеп болду дешет жергиликтүүлөр. Алардын оюнча, бир арыктан суу ичкен эки эл ынтымакта жашоого болот.

"Бизде бир топ жолдору бар чек араны чечүүнү тездетүүгө. 35 миң калкы бар ушул чектеш Чорку айылынын эли бизден суу ичет. Мал жандыктарын толугу менен биздин жайлоолорго жашыруун алып чыгышат. Контрабанда жүк ташыгандар токтосо, маселени чечүү тездемек. Биз кандай шарт болсо да ушул жерде туулганбыз, кайда кетебиз. Тынч болсо жакшы да. “Аш койгонго биз да аш коюп” жашагыбыз келет", - деди чыр чыккан Көк-Таш айылынын тургуну Камбар Исмаматов.

Чек арадагы чырдан кийин аймакка Кыргыз Республикасынын вице- пермер министри Акрам Мадумаров менен Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев келип, абал менен таанышты. 10 -май күнү алар тажикстандык кесиптештери менен чек арада жолугушары кабарланды.

Орозова: Маанилүү кызматтар Баткенге көчүшү керек

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова 8-майда кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжал бийликтин боштугунан болуп жатканын "Азаттык" радиосуна курган маегинде белгиледи.

- Коронавирус менен күрөшүп жаткан маалда кыргыз бийлиги бул жаңжалдын алдын-алса болот беле?

- Азыр Баткенде жеке эле чек араны тактоо маселесине байланыштуу чатак чыгып жаткан жок. Коңшу мамлекет менен суубуз, жолубуз, жайыттарыбыз бир. Жай алды менен жер айдоо, сугат башталганда ушундай чатактар чыгып турат. Кечээ чыккан чатакка да дал ошол такталбаган жерлер, суу каналдагы талаш себеп болду деп ойлойм. ​

Карамат Орозова.
Карамат Орозова.

Баткендеги көйгөйдү тиешелүү кызматтардын баары билет. Бирок азыр өкмөт коронавируска байланыштуу алагды болуп, чек арага маани берилбей калды окшойт.

Ушул жерден белгилей кетиш керек, качан чыр чыкпасын Тажикстандын аскердик техникасы окуя болгон жерде даяр турат. Менимче, булар ушундай жаңжалдуу жерлерди көзөмөлдөп турат окшойт. Биздики дайыма даяр эмес болуп калат. Бул бийликтин чабалдыгы деп ойлойм.

- Баткендеги элдин абалын жакшы билесиз, кечээ үйү өрттөнүп кеткен адам насыяга там салган экен. Эми аларга бийлик кандай жардам бериши керек. Мындай кырдаал уланса, Баткенде эл калабы? Элге өкмөт кандай кам көрүшү керек?​

- Чек арада жашаган элдин кетип жатканына көп болду. Маселен, Ак-Сай айылында мурда 3 миңге чукул эл болсо азыр 2 миңи калды. Анын үстүнө чек арада жайгашкан Баткендеги Ак-Сай, Ак-Татыр, Көк-Таш сыяктуу айылдарынын тургундарынын үлүш жери жок, бир түтүнгө эки сотыхтан эле берилет.

Баткендин эли дайыма бош жерлерди трансформация кылууну суранып келет. Элди алып калуу үчүн өкмөт жок дегенде ушул маселени тездетип, үй салууга уруксат бериши керек.

Ал жакта жумушчу орундар жок, элдин экономикалык жагдайы аябай оор. Көпчулүгү Орусияда миграцияда жүрөт. Басымдуусу насыя алып жер иштетет, там салышат. Мен парламентте бул маселени тынбай көтөрүп келем.

Эгер чек арадагы элдин коопсуздугун ойлосоңор, алардын экономикалык абалын көтөрүп, менчикке болгон укугун бекемдеп бергиле деп жатам. Пайызы жок ссуда берилиши керек. Эптеп үйлөрдү салып, элди кармап калуу зарыл да.

Баткен облусун стратегиялык чоң объект катары кабылданышы керек. Аны коргоо, экономикасын жакшыртуу үчүн программа кабыл алалы деп айтканыма көп болду.

Бирок өкмөт "мамлекетти өнүктүрүү программасына бул маселе кирген" деген эле жооп менен чектелип келет. Мындай кайдыгерлик кылган болбойт. Ошондуктан, биринчи кезекте чек араны тактап алуу абзел. Аны менен кошо суу, жайыт маселесин да бирге чечүү керек.

Тажик тарап менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр эмнеге натыйжа бербейт? Себеби, алар суу, жол сыяктуу маанилүү объектилерге ээ болгусу келет, биздин талаптарга макул эмес. Биздин тиешелүү кызматтардын баары Баткенде көчсө болмок, ал тургай облуска атайын даярдалган аскерий шаарча да курса жакшы.

Ар бир мамлекеттик кызматкер Баткендеги абалды өз жон териси менен сезиши керек да. Болбосо чыр токтобойт. ​

- Бийлик бутактары азыр чек арадагы абалды жөндөөгө же коопсуздукка көңүл буруу ордуна шайлоо сыяктуу саясий гана максаттар менен алек болгону үчүн ушундай оор жагдайлар чыкты деген пикирлер да жок эмес...

- Биздин өкмөт чыр чыкканда эле убактылуу, кыска мөөнөттүк чечимдер менен чектелип калууда. Эптеп чурулдаган элди бир бөлмөгө камай туруп, алар басылып калганда унчукпай иштей берели дегендей кылып жатат.

Бизде өкмөт болобу, айтор чек ара көйгөйүн чече турган ыйгарым укуктуу өкүлдөр убактылуу 3-5-10 жылга Баткенге көчүп барса, балким абал оңолмок.

Азыр эми тажик тарап адамдар үй салбай турган жактарга утур жыла берсек, жерди ээлеп калабызбы дегендей улам чырга себепкер болгон аракеттерге барууда.

Чек ара маселесин өлкөдөгү көйгөйлөрдүн ичинен биринчи орунга койгондо мындай болбойт эле. Бийлик бутактары чек араны чечкенге караганда башка кызыкчылыктарды биринчи орунга коюп жатышат.

Маселен, чек араны чечүү үчүн гана деп азыркы төрт вице-премьер-министрдин бирөөнү дайындашкан, ал эмне иш кылып жатат? Андан көрө ошол вице-премьердин ыйгарым укуктары менен Баткендин губернаторунукун бир кылып койсо өкмөткө жеңил болот беле деп ойлойм.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG