Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Жаңжал чыккан кыргыз-тажик чек арасында абал тынч


Кыргызстан, Баткен, Көк-Таш айылы
Кыргызстан, Баткен, Көк-Таш айылы

Жаңжал чыккан кыргыз-тажик чек арасында 9-майга караган түн тынч өттү. Аймакка Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жөнөп кеткенин, кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

8-май күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу менен коштолгон чатактан Кыргызстандын үч чек арачысы, бир жергиликтүү тургун жараат алып, ооруканага жеткирилген. Тажикcтандан эки адам жараат алганы кабарланды.

Кыргыз тараптын расмий билдирүүсүнө ылайык, Көк-Таш айылынын Чек тилкесиндеги чатакка жергиликтүү тургундардын тактала элек аймактагы 50 сотых жерди талашканы себеп болгон.

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Көп өтпөй тажик аскерлери күтүүсүздөн кыргыз аскерлерин жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттон атышкан.

Тажикстандын Чек ара кызматы окуяга Кыргызстандын жарандары себепкер деп эсептейт.

Окуянын артынан эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери, тышкы иштер министрлери, жергиликтүү бийлик башчылары бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. (SE)

XS
SM
MD
LG