Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Депутат Тиллаев: Чек арадагы айылдарды салыктан бошотолу


Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев чек арадагы айылдарды салыктын бардык түрлөрүнөн бошотуш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди:

- Мекенчил элибиз уялганынан кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн сакташ үчүн ошол жерде жумушу, жашоого шарты жок болсо да 30 жылдан бери жашап келет. Өзгөчө чек ара макамы бар айылдарды бардык салыктардан бошотуп, чечкиндүү кадамга барышыбыз керек.

Бүгүн Жогорку Кеӊеш быйыл 13-мартта Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон окуяны жабык карап жатат.

Ага чейин депутаттар Карамат Орозова менен Таабалды Тиллаев өкмөткө кайрылышты.

Депутат Орозова Баткендин Ак-Сай, Көк-Таш, Ак-Татыр айылдарында дайыма жаз маалында сугат же жайлоого чыгуу маселесинде коӊшу тажик айылдарынын тургундары менен чатак чыгарын белгилеп, кыргызстандыктар тынчтыкты камсыз кылуу боюнча бир катар талаптарды коюп жатканын айтты.

13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Бул күнү Кыргызстан Ак-Сай-Тамдык жолуна техника алып өткөн учурда Ворух анклавынын жарандары топтошуп таш ыргытышкандан кийин жаңжал күчөп кеткен. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстан тараптан эки киши окко учканы кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG