Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Кыргыз-тажик чек арасы: Талаштуу жердин макамы


Чек арадагы Ак-Сай айылы.
Чек арадагы Ак-Сай айылы.

8-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу чатак Жогорку Кеңештин комитетинде кеп болуп, өкмөткө чек араны тактоо иштерин тездетүү жөнүндө талап коюлду.

Акыркы чек ара чатагында эки тараптан алты киши жабыркап, үч кыргыз чек арачысы октон жарадар болгон. Тажик тарап жаракат алган эки жараны ооруканага тушкөнүн билдирген.

12-майда президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы курал колдонуу менен коштолгон чырда жарадар болгон аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды. Алардын тез арада айыгып кетишин каалап, мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ооруканада жаткан жоокерден кабар алды. 12-май, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков ооруканада жаткан жоокерден кабар алды. 12-май, 2020-жыл.

Октон жабыркаган төрт адамдын үчөө чек арачылар болгон. Алар Баткенде эки күн дарылангандан кийин атайын учак менен Бишкек шаарындагы, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга жөнөтүлгөн.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Тилек Үмөталиев ок тийген жоокер Султанбек уулу Мирбектин абалында жакшы динамика байкала башта “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, жалпысынан жоокердин абалы оор деп мүнөздөлүүдө. 12-майда чек арачыга ичегисинен операция жасалган.

"Абалы туруктуу оор. Кечээкиге караганда кадимкидей жакшы. Дары-дармек менен толук камсыз болгон", - деди Тилек Үмөталиев.

Көкүрөгүнө ок тийген Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыздын абалы канааттандырарлык. Султанбек уулу Мирбектин омурткасына ок тийген.

12-майда кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыңалып турган кырдаал боюнча маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, вице-премьер-министрге, өкмөт башчысына, министрлерге дооматтар, сунуштар айтылды.

Депутат Таабалды Тиллаев эки өлкөнүн өкмөттүк комиссиясынын жолугушуулары, сүйлөшүүлөрү ишеничтен чыгып баратканын айтты. Ал макулдашуулар так аткарылбай жатканы калк арасында түрдүү түкшүмөлдөрдү жаратканын билдирди.

Эл өкүлүнүн баамында, Кыргызстан кошуналарга карата колдогу рычагдарды пайдаланып, кескин аракеттерге барышы керек.

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

«Тажикстан менен бир канча жолугушуу өттү, - деди ал. - Натыйжасы жок. Аткезчиликти токтотпой жатасынар. Эл жолугушуулардан натыйжа чыгарына ишенбей калды. Товар алмашуу да аз эле экен. Тажикстан менен чек араларды жабалы. Суу, башка колдо бар рычагдарды колдонолу. Чек арадагы чырдан 30дай аскерибиз жарадар болду. Мындай бир кескин чара көрүш керек да».

Тажикстан менен чек арадагы өткөрмө бекеттер ансыз да март айынын башынан бери жабык турат. Бирок аткезчилик жол менен товар ташыгандардын аягы суюлбай койгонунан чек арадагы Жаңы-Жер айыл аймагынын жаштары өздөрү аткезчилерди кармап, милицияга өткөрүп берген учурлар да болду.

Тажикстанга карата экономикалык рычагдарды колдонуу менен маселени чечүү мүмкүнчүлүгү өтүп кеткенин айткан вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Тажикстан менен чек арадагы «Кайрагач» постун жабуу каралып жатканын билдирди:

Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

«Экономикалык рычагдарды колдонуп маселени чечели десек биздин ошол жерде жашаган калкыбыздын да экономикалык абалын карашыбыз керек. Экономикалык рычагдын убактысын биз өткөрүп жибердик. Азыр Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы алака жакшы болуп, 16 чек ара өткөрмө пункту иштеп жатат. 2017-жылы кээ бир өзгөрүүлөр менен ушул жолго барышты. Учурда Согди облусунун 82% кандайдыр бир деңгээлде бизге көз карандылыгы бар. Ал боюнча биз эки-үч күндө «Кайрагач» постун жабууга барабыз. Алар да бизге кат берген. Эки айдын ичинде Арка зонасы Лейлектин батыш тарабындагы аткезчиликти минимализация кылдык».

Депутат Мыктыбек Абдылдаев мындан бир топ жыл мурда Тажикстан менен чек арадагы макулдашууларга, тагыраагы 2009-жылы кол коюлган 275 метр жолду ижарага алуу боюнча протоколду, ошол аймакты Тажикстандын жери катары макулдашууну колдогон Жогорку Кеңешти эске салып, өкмөт башчыга аны кайра карап чыгууну сунуш кылды:

Мыктыбек Абдылдаев.
Мыктыбек Абдылдаев.

«Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, ошол учурдагы талаштуу деген жерди кошуналардыкы катары таанып, ижарага алган келишимди, аны колдоп берген Жогорку Кеңештин аракетин бир иликтеп көрүш керек. Ал жер, 275 метр жол негизи ижарадабы же кандай? Депутаттар ошол келишимди колдоп беришкенде бир киши каршы чыккан».

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ошол убактагы келишимге бийликтен ыйгарым укук берилген киши кол коюп, макулдук бергени менен азыр ал жер макамы аныкталып, бир жактуу тааныла элек экенин айтты:

«Ошол учурда биздин жетекчилер кошуналардын жери деп таанып, ижарга алып кол коюп келишкен да. Ал жер силердики же биздики деп бир бүтүмгө келе элекпиз. Ал жер стратегиялык жер да, ошого талаштуу болуп жатат».

8-майда чек арада болгон окуядан кийин эки тараптын облус жетекчилеринин орун басарларынын деңгээлинде жолугушуу өтүп, кандай макулдашуулар түзүлгөнү тууралуу так маалымат таратылган жок. Талаштуу 4 гектар жерге ким ээлик кылат? Эмне үчүн Тажикстандын жарандары өрттөгөн үйдүн чыгымын Кыргызстан өзүнө алды? Курал колдонулган чыр үчүн ким жоопкерчилик тартат? Чек арада миномёт колдонуу боюнча эмне үчүн түшүндүрмө берилбей жатат?

Медиатор Хаитали Айкыновдун айтымында, ушул жана башка бир топ суроолор ачык калышы элдин бийликке болгон ишеничин ого бетер жоготуп жатат.

Хаитали Айкынов.
Хаитали Айкынов.

«Биздин кадрлар даярдыксыз барып, кошуналар менен теңата сүйлөшүү жүргүзө албай жатат. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш үчүн даяр эмес. Анан жакшы чечимдердин кабыл алынышына жетише албай жатканы элдин ишеничин кетирип жатат», - деди ал.

Президент Жээнбеков кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишин эртелетүү зарыл экенин билдирди. Ал конструктивдүү сүйлөшүү процесси аркылуу биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу маанилүү экенин айтты. Президент бул тууралуу 11-майда вице-премьер-министр Акрам Мадумаровду кабыл алган учурда билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы миң чакырымдай болсо, анын 50% жакыны али такталбай, шарттуу чек ара сызыгы боюнча турат. Быйыл жыл башынан бери эки ирет жолугушуу өтүп, келишимдерге кол коюлду. Бирок чек арадагы абал баягыдай эле турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG