Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 17:49

Мегоран: Чек арадагы чатакты чечүүгө саясий эрк керек


Кыргыз-өзбек чек арасы, 21-март, 2016-ж. Алибек Адылбековдун сүрөтү.

24-майда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. Тажикстан бир чек арачысы жарадар болгонун айтып, эки тарап бири-бирин айыптады. Жергиликтүү элдин жүрөгүнүн үшүн алып бүткөн чек ара чатактарын чечүүнүн кандай жолдору бар?

Ушул суроонун тегерегинде Англиянын Ньюкасл университетинин саясий география боюнча окутуучусу, профессор Ник Мегоран менен маектештик. Ал 1995-жылдан бери Фергана өрөөнүнүн саясий жана социалдык маселелери боюнча илимий иш жазып, жыл сайын Борбор Азияга барып турат.

- Сиз жакында Интернетте уюштурулган онлайн талкууга катышып, чек аранын тегерегинде жашаган кыргыз, өзбек, тажик калкын жабыркатып келаткан жер, суу талаштарды чечүүнүн айрым жолдорун сунуш кылдыңыз. Элдин башкы көйгөйүнө айланган чек ара чыр-чатактарын чечүүнүн кандай жолу бар?

- Адегенде тарыхка кылчая кетишибиз керек. Мурда Фергана өрөөнүндө Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан деген мамлекеттер болгон эмес. Ал жердеги эл кайсы бир мамлекетке көз каранды же ошонун басымы алдында жашап келген. Мисалы, СССРдин курамында же ага чейин Кокон хандыгынын басымы астында.

Эгерде үч мамлекет Фергана өрөөнүндө жашаган бардык элдердин, аз улуттардын укуктары корголот деген бир биргелешкен келишимге кол койсо көп маселе чечилмек деп ишенем.


СССР убагында чек аралар болгону менен ал жөн гана ички чек аралар болгон. Алардан каалаган учурда, каалаган мезгилде эл кыйналбай эле ээн-эркин өтүп турчу - ар кандай үй-бүлөлүк каада-салттан же турмуштук муктаждыктардан улам. Бул мамлекеттер эгемендик алгандан кийин чек аралар пайда болду. Бул ошол жерде жашаган элдин каалоосу менен болгон жок. Сырттан жасалган чечим болду. Алар кылымдар бою ошол жерде абдан жыш жана аралаш жашагандыктан, жашоо-турмушу, мурдагыдай ары-бери айылдарды аралап каттоо абдан кыйындап, көп түйшүк жаралды. Айрыкча чек аранын тегерегинде жашаган аз улуттар үчүн бул бир тозокко айланды.

Жаңы эгемен мамлекеттердин өкмөттөрү үчүн да толгон-токой маселе жаралды. Алар - ирригация, айыл чарба талааларын сугаруу, элдин карым-катнашы, транспорт байланышы, экономикалык турмуш. Фергана өрөөнүндөгү жашоо ыргагы ал жерде бир нече көз каранды эмес мамлекетке бөлүнүүгө ылайыкташкан эмес, элдин турмушу ушунчалык бири-бирине чырмалышып байланышкан.

Советтер Союзуна чейин эле чөлкөмдө табигый бирдиктүү экономикалык аймак түзүлүп калган. Ал жерде эл аралык чек араларды сызып элди бири-биринен бөлүп салуу болуп көрбөгөндөй кыйынчылык жаратты. Ошону түшүнүп, Фергана өрөөнүндө бирдиктүү бир аймак, орток экономиканы бекемдегендин ордуна жаңы эгемен мамлекеттердин бийлик башчылары ар бири өз өлкөсүнүн чек арасын бөлүп алып, элди бири-биринен ажыратууну алдыга коюшту.


- Сиздин бул айткандарыңыздан улам чек ара чатагын чечүүгө бул үч өлкөнүн жетекчилеринин саясий эрки жетпей атат деп айтсак болобу?

- Эгемендикти жаңы алган жылдары бул үч өлкөнүн ошол кездеги жетекчилери Аскар Акаевдин, Ислам Каримовдун жана тажик лидеринин билдирүүлөрүн карасаңыз, алар «биздин ортобузда эч качан чек аралар болбойт, кылымдар бою чогуу жашаган элибизди бири-биринен бөлбөйбүз. Өмүр бою бир булактан суу ичип, кыз алышып, кыз беришип келгенбиз. Тилибиз бир, дилибиз бир» дешкен. Бирок бара-бара Кыргызстан менен Өзбекстан, мисалы, эки башка макроэкономикалык саясатты, эки башка саясий системаны тандап, Ташкент авторитардык башкарууга, мамлекет катуу көзөмөлдөгөн экономикага ыктаса, Бишкек эркин базар экономикасына бет алгандыктан бул эки бийлик башында башкача сүйлөсө да, ортодогу чек араны улам күчөтүп кайтарууга өтүштү. Ар кимиси өз алдынча экономикасын курууга бет алды.

Бул жерде саясий эрктен да саясий багыттар ажырап калганы маанилүү болду десек туура болчудай. Мамлекет лидерлери өз чек арасынын коргоочусу көрүнгүсү келип, кайсы бир деңгээлде улутчулдукка ооп кетишти. Ооба, башында жеке багыттарынан улам бөлүнүп оолактаса, кийин кайра баштапкы ниетке кайтканга саясий эрк жетпеди.

Кийинки убакта Өзбекстандын эмки президенти Шавкат Мирзиёев чөлкөмдөгү кызматташтыкты бекемдөө ниетин билдире баштады. Бул азырынча келечекти мелжеген убада бойдон калууда, ишке ашырыш үчүн абдан көп иш жасалышы керек.

Чек ара чатагын чечүүнүн жолдору
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:15 0:00


- Биз ал жердеги чек ара чатактарынан, атылган октон, коркуп жашагандан чарчаган элден «чек ара сызыгы тезирээк чийилип, баары такталса талаш-тартыш чечилмек» дегендей пикирди көп угабыз. Өкмөттөр эмне кылышы керек?

- Эл аралык чек араларды аныктап делимитациялоо - өтө оор маселе. Дүйнөдө чектеш эки мамлекеттин ортодогу чек ара сызыгын аныктай албай талашып келаткан мисалдар толтура. Мисалы, АКШ менен Канада ортодогу чек арасын делимитациялай албай келатканына үч кылымдай болду. Бул иш илгери алардын аймактары Британияга карап турган учурда башталган.

Эл аралык практикада чек араны аныктоо канчалык кыйын экени жалпыга маалым. Фергана өрөөнүндө биз бийликтегилер ошол жерде жашаган элдин кызыкчылыгын көздөй турган чечим табууга аракет кылганын көрө албай турабыз. Мен келечекте ал жердеги чек аралар бара-бара ачылып, эл эч тоскоолдуксуз ары-бери каттай тургандай шарт түзүлөт деп абдан үмүттөнөм. Борбордук бийликтегилерде саясий эрктин жоктугу, алар чек аранын боюнда жашаган элдердин күнүмдүк турмушун, тагдырын, тарыхы менен салтын түшүнбөгөнүн каңкуулайт.

Германия менен Польшанын чек арасы ачылышын талап кылып турган аял.
Германия менен Польшанын чек арасы ачылышын талап кылып турган аял.

- Баягүнкү талкууда «Германия менен Даниянын чек ара чатагын чечүү жолун Фергана үлгү катары пайдаланса болот» дедиңиз. Ал кандай үлгү?

- XIX кылымда Германия менен Даниянын ортосунда чек ара чатагынан улам эки жолу согуш чыккан. Ортодогу Шлезвиг-Хольштайн аймагы согушта жеңген тарапка өтүп, бийлик алмашып турган. Ал жерде да Фергана өрөөнүндөгүдөй түрдүү улут өкүлдөрү кылымдар бою аралаш жашаган. Европада улутчулдук доору өкүм сүргөн XIX кылымда ал жерде жашаган эл бирде Данияга, бирде Германияга ыктап, ортодо кан төгүлүп, эки жолу согуш болгон.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин гана Дания менен Батыш Германиянын өкмөттөрү өз аймагында жашаган датчандар менен немистерге өз эне тилинде сүйлөп, мектептерде, университеттерде эне тилинде окуп, чиркөөдө сыйынууга, эки өлкөнүн каалаган жерине барып окуп иштегенге укуктуу деген келишимге кол койгондон кийин бардык чыр-чатак басылып, кагылышуу токтогон.

Ошондуктан Фергана өрөөнү ушул мисалдан пайдаланып, кыргыз, өзбек, тажик бийлик өкүлдөрү өз өлкөсүндө жашаган бардык аз улуттардын өкүлдөрү каалаган жагына эркин каттап, окуп, билим алып, жашай алат деп макулдашса ал жерде жашаган элдин турмушу кыйла жеңилдемек. Эгерде үч мамлекет Фергана өрөөнүндө жашаган бардык элдердин, аз улуттардын укуктары корголот деген бир биргелешкен келишимге кол койсо көп маселе чечилмек деп ишенем.

- Ал жердеги үч мамлекет Фергана өрөөнүндөгү ич ара чек араларын аскердик эмес аймак деп жарыялап, чек араларда ок атылбасын, курал-жарак колдонулбасын деп жарыяласа да чоң кадам болмок. Борбор Азиянын сырткы, Ооганстан тарап менен чек арасын айткан жокмун, бирок ички, ортодогу чек араны демилитаризацияланган аймак деп койсо жок дегенде бөөдө кан төгүү токтотулмак беле...

- Ал абдан маанилүү кадам болмок. Чек аралардын мыйзамдык функциялары бар. Ал жерде ары-бери өткөндөр текшерилип турушу керек, мисалы, киши сатуу сыяктуу мыйзамсыз иштерди токтотуш үчүн. Дагы башка мыйзамсыз нерселер ташылбасын, аткезчилик болбосун десек, өкмөттөр ал ишин аткарышы керек. Бирок ал жердеги курал-жарак карапайым элге, чек аранын эки жагында жашагандарга каршы колдонулбашы керек.

Жергиликтүү эл чек ара аркылуу эркин каттай алат деп жарыяланса, далай маселе өзүнөн өзү чечилмек. Албетте, ал жерде геосаясий маселелер да бар эмеспи. Кыргызстан ЕАЭБге кирген мамлекет катары чек араларды кайтаруу жагынан өз милдеттенмелери бар. Германия менен Дания - экөө тең НАТОнун мүчөсү, алардын ортосунда геосаясий маселе жок. Борбор Азияда чек ара жана башка маселелер чечилбей келатканына чөлкөмдөгү өлкөлөр ортосунда геосаясий маселелерде да биримдиктин жоктугу өз салымын кошуп келатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.​

     

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG