Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Булак чыры: эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү жолукту


Чечмедеги чек ара чыры боюнча кыргыз жана өзбек делегацияларынын жолугушуусу. 1-июнь, 2020-жыл.
Чечмедеги чек ара чыры боюнча кыргыз жана өзбек делегацияларынын жолугушуусу. 1-июнь, 2020-жыл.

Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш Кыргызстандын Чечме айылынын чегинде булактан чыккан талашты эки өлкөнүн өкмөт жетекчилери жолугуп талкуулады.

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун жолугушуусунда чек ара аймагында чыналууну жеңилдетүү, чырды ырбатпаш үчүн биргелешип аракеттенүү маселелери көтөрүлдү.

Бир күн мурда булактан чыккан талашта эки тараптан миңден ашык киши чогулуп, ал таш ыргытуу менен коштолду. Кеминде 30дан ашык кишиге таш тийип, үч үй өрттөлдү.

Жетекчилердин жолугушуусу жана убадасы

1-июнь күнү окуя болгон аймакта Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, Өзбекстандагы кыргыз элчиси Ибрагим Жунусов, Баткен облусунун башысы Алишер Абдрахманов баштаган адамдар Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Фергана облус губернатору Шухрат Ганиев баштаган топ менен жолугушту.

Жолугушууда чек ара аймагында чыңалууну жеңилдетүү, чырдын ырбап кетишине жол бербеш үчүн биргелешип аракеттенүү маселелери көтөрүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берген биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

«Бул жердеги эки элдин ортосундагы ажырымды жок кылуу маселесин талкууладык. Болгон маселе - бул жерде булак чыккан жерде көлмө бар экен, ошол жерде эки элдин ортосунда түшүнбөстүк болуп кетти. Ошондон улам жаштар бири-бирине таш ыргытып маселе жаралган. Кечинде түшүндүрүү иштеринин натыйжасында эки эл да таркап кетти. Бирок таш тийип жабыркагандар бар. Бактыга жараша киши өмүрүнө зыян болгон жок. Биз эки тараптуу бир топ маселелерди карадык, жайыт, суу пайдалануу, чек ара сыяктуу», - деди.

31-май күнү түшкө жуук Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары Өзбекстандын Сох анклавы менен чек арадагы булакты тазалап, элдик ашар уюштурган. Тактала элек жердеги булакты тазалоо учурунда кайым айтыша кетишип, эки тарап таш ыргытыша баштаган. Улам жакынкы айылдардан эл чогулуп, эки тараптан миңден ашык киши жыйналган. Чатакта эки тараптан кишилер жабыркап, үч үй өрттөлгөн. Облустук деңгээлде эки тараптуу жолугушуу өтүп, түн жарымда гана элди таркатууга жетишилди.

Өзбекстан тараптан эки, кыргызстандан бир үй өрттөлгөнү да айтылды. Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров:

«Азыр чыгымды эсептөөгө кол тийе элек. Эң негизгиси - элди тынчтандырып, абалды жөнгө салуу болуп жатат. Эки тараптуу жолугушуу өттү. Булакты мурдакыдай бирге пайдалануу жагы макулдашылды. Чыгымдар анан эсептелип, анан каралат», - деген маалымат берди.

Жаракат алгандар

Кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде чыккан чуудан Кыргызстандын 25 тургуну жабыркап, төртөө ооруканада жатат. Алардын экөө реанимацияда, абалы оор. Өзбекстан тараптан да жаракат алгандар бар экени айтылууда. Сохтун тургуну «Озодлик» радиосуна 16 адам түрдүү жаракат алганын кабарлаган. Расмий маалымат айтыла элек.

«Азаттыктын» өзбек кызматына элден келген видеолордун биринде адамдар бир кишини таш менен уруп жатканы, аны аскерлер коргоп турганы тартылган. Видеонун башында ондогон киши заңгыраган үйдүн алдына чогулуп турганын көрүүгө болот. Ал жерде чогулгандар толмочунан келген, көк көйнөкчөн эркекти таш менен уруп жатканы көрүнөт. Ал эркек киши көпкө чейин башын кармап тургандыктан, ага таш тийген деп божомолдосо болот.

Видеонун экинчи бөлүгүндө ал башына аскерлердин каскасын кийип алган, эл ага атырылып, таш ыргытууну уланткан. Видеону «Азаттыкка» жиберген сохтук тургун көк көйнөкчөн киши Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев экенин билдирген. Видео тартып жаткан учурда да «Фергананын акими» деп сүйлөгөн. Бирок муну расмий тастыктай алган жокпуз. Шухрат Ганиев 1-июнда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун жолугушуусуна катышканы маалым болду.

«Чек арада чыр чыккан учурда бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуулары өтүп, абалды утурумдук жөн салганы менен, негизги деген талаштуу маселелер чечилбей калып, чыңалуунун жеңилдетпей жатат» дешет жергиликтүү тургундар.

Чек арадагы талаштуу маселелерди эл таш менен чече албай турганын билгени менен чек арада жашагандар бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылышат. Чечме айылынын Абдимитал Умаров деп өзүн тааныштырган тургун:

«Мына, булактын айынан талаш чыкты. Бул булакты мурдатан эле чогуу пайдаланып келгенбиз. Ушундай талаштуу маселелерди эл чыкканга чейин эле бийликтегилер чечип коюшса мындай болмок эмес», - деди.

Чек арадагы чырга себепчи болгон Чечме айлынын четиндеги булак боюнча эки тараптын макулдашуусу жок. Чечме булагын ичүүчү суу катары да, сугат суу катары да эки тарап тең колдонот. Кыргыз тараптан аны Чечме айылынан 1500дөй киши пайдаланат, өзбек тараптан Чашма айылынын 2000-3000ден ашуун тургуну ичет.

Булактын жайгашкан жери 80 сотыхтай, суунун 70% өзбекстандыктар, 30% кыргызстандыктар колдонуп келишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG