Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Сузак: такталган чек арага дыйкандар нааразы


Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы сай.
Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы сай.

Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын айрым тургундары «чек арадагы үлүш жерлер өзбек тарапка өтүп кетти» деп нааразы болуп жатышат.

Бир топ жылдардан бери сай жээгине күрүч өстүрүп жүргөн жергиликтүү тургундар эки күндөн бери талааларына өзбек чек арачыларынын тоскоолдугунан улам өтө албай жатат. Жергиликтүү бийлик Өзбекстанга жер тилкеси берилбегенин, эки тараптуу тактоо ишинин жыйынтыгында коңшу өлкөгө таандык жерди кыргыз жарандары иштетип келгени белгилүү болгонун билдирүүдө.

25-майда Интернеттеги социалдык тармактарга «Кыргызстандын жерине Өзбекстандын чек арачылары кирип алышканы» тууралуу видео материал жарыяланган. Анда бир топ жылдардан бери тургундар колдонуп келген жерге себепсиз коңшу өлкөнүн аскерлери бастырып киргендиги айтылган. Жер иштеткен жергиликтүү тургундардын бири мындай дейт:

«Мына, карагыла, биздин 150 гектар жерибизди өзбек чек арачылары келип, тосуп алышты. Бул Кара-Дарыя айылынын Ак-Мечит участогу. Кыргызстандын жерин тартып алып койду, мамлекет эч кандай жардам кылган жок. Өзбек тарап эч кандай эскертүүсүз келип, трактор менен казык кагып жатат. Бул жерге колхоз убагында жүгөрү эгилчү, кийин күрүч айдоого уруксат берилген. Эгер чек ара ушундай тосулса, бизге эч кандай үлүш жер калбайт».

Кара-Дарыя сайы. Сузак.
Кара-Дарыя сайы. Сузак.

Жергиликтүү тургундар айткан жер - Кара-Дарыя айылынын Өзбекстандын Пахтабад району менен чектеш Тешик-Таш участогу. Эки өлкөнү ортодогу дарыя чек ара аркылуу бөлүп турат. Бул аймактагы 2,8 чакырым тактала элек чек ара участогунун катарына кирет. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Аширбек Матиев айылдыктар жерди өз алдынча уруксатсыз колдонуп келгенин айтты:

«Эки күн мурда Бишкек шаарынан жана Өзбекстандан кадастрчылар келип, жеринде тактоо иштерин жүгүзүшкөн. Жергиликтүү бийлик жана айылдыктар бирге катыштык. Эки тараптуу өлчөөнүн негизинде ортодо талаштуу тилке пайда болгон жок. Ошол аймактан өз алдынча сегиз гектар жерди иштетип, күрүч эккен адамдын 1,5 гектар аянты өзбек тарапка өтүп кетти. Ал тургун такталбаган жана каттоосу жок жерге эгин эгип жүргөнү аныкталды. Учурда эки тараптуу такталгандан кийин 25 гектардай күрүч эгилген аянттын сегиз гектары бизде калып, калганы коңшу өлкөгө берилди».

Анткен менен Кара-Дарыя айылынын тургуну Муктар Жусупов сай жээгиндеги жерди 1994-жылы жергиликтүү бийлик бергенин айтат. Ошол мезгилден тартып тургундар жер акысын да төлөп келишкен экен.

«1994-жылы ошол учурдагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Жолчу Жунусалиев бул жерлерди бөлүп берген, - деди ал. - Ошол кезде 1968-жылдагы карта менен такталып, Кыргызстандын жери экендиги айтылган. Ошол жылдардан тартып мен күрүч эгип, айыл өкмөткө ижара акысын төлөп келем. Сай жээгинде жайгашкандыгы үчүн сел алып кеткен жылдары акы төлөөдөн бошотулчубуз. Акыркы төрт жылдан бери жердин ижара акысын бере элекпиз. Анткени айдоо аянттарын суу алгандан кийин үч жылга чейин жеңилдик берилчү. Кандай негизде өзбек тарапка өтүп кеткени түшүнүксүз болуп турат. Буга чейин иштетип келген жерибиз чек арада жайгашкандыгы боюнча эч кандай эскертүү берилген эмес».

Бүгүн, 26-майда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айылдыктар менен жолугушуп, жеринде тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгырым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматовдун айтымында, Тешик-Таш участогунан Өзбекстанга жер берилген эмес.

Мамасалы Акматов.
Мамасалы Акматов.

«Жергиликтүү тургундар Тешик-Таш участогунан сайдын жээгиндеги карта боюнча өзбек тарапка таандык жерди өз алдынча бир топ жылдардан бери пайдаланып келишкен. 2017-жылдагы эки тараптуу чек ара маселесиндеги сүйлөшүүлөрдө бул жерлер такталган. Быйыл жергиликтүү тургундар кайрадан эгин эгүүгө киришкенде өзбек чек арачылары эскертип, Өзбекстан бизге нааразылык нотасын жөнөткөн. Азыр чек ара тилкесине трактор менен белги коюп жатышат. Чек ар зымдарын тартууга азырынча биз макул болбой жатабыз. Анткени биз тараптан да зым тартуу иштери бирге жүргүзүлсүн деген талап болуп жатат. Мында мурда макулдашылгандай эле биз тараптан бир да тилке берилген жок. Учурда менин сунушум менен түзүлгөн райондук комиссия канча жер өз алдынча иштетилип жатканын тактап жатат», - дейт өкмөт өкүлү.

Кара-Дарыя айыл аймагы Өзбекстан менен 17 чакырым аралыкта чектешкен. Мамасалы Акматов 2017-жылы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде Тешик-Таш участогунан 76 гектар жер Өзбекстанга, сай жээгиндеги мурунку пионер лагеринин 112 гектар жери Кыргызстанга берилгенин айтат.

Тешик-Таш участогуна бир топ жылдардан бери күрүч өстүрүп келген дыйкандардын он чактысы жеринен ажырады. Айрымдары быйылкы эгинин да эгип коюшкан. Жергиликтүү бийликтен түзүлгөн комиссия эми аларды тактап чыгат. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Аширбек Матиев быйыл сугат суунун тартыштыгы жаралышы мүмкүн экенин эске салды:

«Сай жээгине эгин айдап жүргөн биздин дыйкандар сууну Өзбекстан аркылуу келген арыктан пайдаланышат. Ошондуктан быйыл да эгинге сууну колдонуп туруу боюнча өкмөт өкүлүнөн суранып, билдирүү бердик. Жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп, маселе чечилди».

Жалал-Абад облусунун аймагында кыргыз-өзбек чегинде такталбаган алты участок бар. Алардын төртөө Ала-Бука районунда жана экөө Аксыда. Жалпысынан облуста 19 600 гектардан ашык жер талаштуу аймак болуп турат. Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымга созулат. Анын 85% такталганы расмий айтылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG