Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Тажикстан кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Орусияга нота жөнөттү


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавровдун кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча билдирүүсүнө байланыштуу Орусияга нота жөнөттү. Бул тууралуу маалымат 29-майда мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Анда 26-майда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйынында бул маселе тууралуу сөз болбогону, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иши уюмга мүчө өлкөлөрдүн ички иши болуп эсептелери жана эки тараптуу гана негизде жүргүзүлөрү белгиленгени айтылды.

Ошондой эле тажик тараптын нотасында Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда чек ара боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп келатканы, бул жараянга үчүнчү тарапты тартуунун зарылчылыгы жок экени өзгөчө белгиленгени да жазылды.

Орусия кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүгө ортомчу болууга даяр экенин бул өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров 26-майда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлеринин онлайн жыйынынан кийинки пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Лавров Москва бул сунушун жыйын учурунда да билдиргенин кошумчалаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын башкы дипломатынын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Быйыл май айында чек ара тилкесинде үч окуя катталды, бир нече адам жараат алды. Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдан улам эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон 2019-жылы 26-июлда Тажикстандын Исфара шаарында, 27-28-июлда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында сүйлөшүү жүргүзүшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG