Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Чек арачыларды нааразы кылган теңсиздик


Кыргызстандагы чек ара бекеттеринин бири.
Кыргызстандагы чек ара бекеттеринин бири.

Мамлекеттик чек ара кызматынын көзөмөл бекеттеринде өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда иштеген айрым кызматкерлер кошумча төлөнүүчү акчасын толук албай калганына нааразы болушууда.

«Азаттыкка» Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй, Бишкек шаарындагы бөлүктөрүндө иштеген бир нече кызматкер кошумча маянасын толук албай калганын айтып кайрылды.

Азырынча алар аты-жөнүн ачык айтып чыгуудан карманып турушат. Биринчиден, аскер кызматкери, экинчиден, жетекчилигинин кысымынан чочулашууда. «Манас» аба майданында өзгөчө абал учурунда иштеген аскер кызматкеринин арыз-муңуна кулак төшөйлү.

«Өзгөчө абал учурундагы кызмат үчүн деп кенемте алдык. Күнүбүздү эсептеп, эс алган күндөрдү алып салып 500 сомдон 3000 сомго чейин берип койду. Мыйзам боюнча үч оклад берилиши керек болчу. Жок дегенде 20 миң сом. Башка кызматтардагы туугандар, тааныштарыбыз бар. Мисалы, ӨКМде, ИИМде иштегендер 30-40 миңден алышыптыр. Ошол эле биздин кызматтын борбордук аппаратында кеңседе отургандар 25 миң сомдон алыптыр. Биз болсо азыркыга чейин элди текшерип чек арада турабыз», - деди аты-жөнүн жашыруун калтыргысы келген кызматкери.

Анын айтымында, кошумча берилген кенемтенин суммасына нааразы болгон ондогон кызматкерлер бар.

Ал эми кийинки аскер кызматкери Чүйдөгү чек ара өткөрмө бекеттеринин биринде кызмат өтөйт. Ал эки-үч айдан бери чек арадан өткөндөрдү текшерип, өзгөчө абал учурунда иштеди. Учурда ооруп үйдө дарыланып жатат. Анда коронавирустун белгилери болгондуктан жумушка чыга элек. Бул кызматкер чек арада тургандардын арасында ооруп калгандар көп экенин айтып, таптакыр эле кенемте албай калганына ыза болду.

«Коронавируспу же башкабы, билбейм. Ооруканага барсам «жеңил формасы» деди. Эпидемия жүрүп жатканда деле бизди илдетке байланыштуу эч ким текшерген жок. Мен бир аз жакшы болуп калдым. Азыр ден соолугум үчүн Интернеттен карап дарыланып жатам. Бизге кошумча каражат берилген жок. «Өзгөчө абал Бишкек шаарында гана киргизилген, ал эми силер Чүй облусунда иштедиңер» деп кошумча акча каралган жок. Жай турмуштагы айлыгыбызды алдык», - деди аскер кызматкери.

Жогоруда «Азаттыкка» кайрылган аскер кызматкерлери 15 миң сомдун тегерегинде айлык аларын айтышты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Сажира Чоколоева өзгөчө абал боюнча өкмөттүн токтомуна ылайык, Чүй облусунун аймагында иштегендерге кенемте каралбаганын маалымдады. Чоколоева дегеле Мамлекеттик чек ара кызматында кенемте маселеси мыйзам көрсөткөн беренелер менен төлөнүп берилгенин билдирди.

«Акчалай төлөмдөр боюнча бардык маалымат жашыруун. Бардыгы мыйзам чегинде, кимге канча сом каралган болсо, ошончо төлөндү. Эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес», - деди Чоколоева.

«Жоокерлердин энелери» республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова чек ара бөлүктөрүнүн көпчүлүгү өзгөчө абал жарыяланган Бишкек шаарынын аймагына кирбей калгандыктан кошумча акчага илинбей же аз алып калган аскер кызматкерлери бар экенин тастыктайт.

Байгубатова Мамлекеттик чек ара кызматынын борбордук аппаратындагы кызматкерлер кенемте алып, ден соолугун тобокелге салып чек арада тургандар каражаттан кур калганын туура эмес деп эсептейт.

«Токтом боюнча Мамлекеттик чек ара кызматыныкы туура, - деди ал. - Сотко берсе жеңилип калышат. Аларга чыккан күндөрүнө гана санап акча бериптир, 3000 сомго чейин. Ошол эле учурда Бишкектин аймагына кирген аппараттагы кызматкерлер 20-30 миңден алышты. Эң өкүнүчтүүсү ушул болуп атпайбы. Күнү-түнү ким иштеди? Вирус менен бетме-бет келген ошолор болбодубу. Алар тээ эки ай мурда эле иштей баштаган».

Уулкан Байгубатова бул маселе боюнча Мамлекеттик чек кызматынын жетекчилигине кайрылганын жана аскер кызматкерлерин нааразылыгын жоюш керек экенин айтууда:

«Өкмөттүн токтому долбоор болуп келгенде өзүбүздөгү ушундай маселени айтып, ага өзгөртүү киргизүүгө сунуш бериш керек болчу. Мыйзам боюнча такыр болбой калганда жетекчилик баарын чакырып, «булар иштеди, биз үйдө жаттык, келгиле, сыйлык кылып беребизби, кошумча төлөп берели» деш керек болчу да».

Бишкекке жакын Чүй аймагында Казакстан менен чектешкен төрт өткөрмө бекети иштейт. Андан сырткары «Манас» аба майданында чек ара өткөрмө бекети бар. Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта Сауд Арабиясынан ажылыктан кайткан адамдардан табылган.

Ошондон кийин чек аралар жабылып, аэропортко конгон ар бир учактын жүргүнчүлөрүн, чек арадан өткөрдөрдү текшерүүдө Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери тартылган. Март айынан бери учак жана автоунаа менен 38 өлкөдөн 20 638 кыргызстандык мекенине кайтып келди.

Бийлик өзгөчө абал учурунда иштегендерге кошумча акча төлөп берүү маселесинде буга чейин айрым медицина жана милиция кызматкерлерин нааразы кылган жайы бар.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG