Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

"Талаштуу мыйзам" үч окуудан өттү


«Талаштуу мыйзамга» он гана депутат каршы болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:55 0:00

«Талаштуу мыйзамга» он гана депутат каршы болду

Жогорку Кеңеш 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алды. Ага 79 депутат “макул”, ону “каршы” деген добуш берди. Эми мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан “Маалыматты манипуляциялоо” боюнча мыйзам долбоору Кыргызстанда пандемиялык шарттагы эң кызуу талкууланган маселе болуп калды.

Өлкөдөгү сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сынга кабылган демилге жарандык коом менен парламенттеги айрым депутаттардын катуу каршылыгына кабылды.

Жарандык коомдун өкүлдөрү мыйзам долбоорго нааразылыгын бир нече формада билдиришти.

Алгач бул мыйзам долбоору парламентте каралардан бир күн мурда анын демилгечиси Гүлшат Асылбаева "Фейсбуктагы" баракчасына мыйзам долбоорун коргогон билдирүү жазган.

Анын бул аракетин социалдык тармактын колдонуучулары кескин сынга алышты.

"Фейсбуктагы" көп сандагы колдонуучулар “мен фейк эмесмин”, “сөз эркиндигин чектебе” деген комментарийлерди жазып, долбоорду чакыртып алууну талап кылышты. Бир нече саат ичинде мындай мазмундагы 5000ден ашык билдирүү жазылды.

Бирок виртуалдык желедеги нааразылык депутат Асылбаеванын пикирин өзгөрткөн жок.

“Гүлшат кетсин!”

Интернетти чектөөгө каршы социалдык тармакта нааразылык билдирип жаткандар 25-июнда Ак үйдүн алдына чогулушту. Элүүдөн ашык активист парламентти талаштуу мыйзамды кабыл албоого чакырып, кол топтоп, депутаттарга кайрылуу жолдоду.

Акцияга катышкандардын бири журналист Азият Жекшеев парламент "фейктерге каршы!" деген шылтоо менен мыйзам кабыл алып, бийликке сын айткан жарандарды чектөөгө алат деп кабатыр.

“Бизде бүгүн эмне калды? Сөз эркиндиги, өз пикирибизди бийлик өкүлдөрүнө жеткирүүнүн жалгыз жолу калды. Эми аны да алып салуу аракетинде болуп жатышат. Ачка, жумушсуз отурган элдин маселесин чечүү ордуна тымызын мыйзам долбоорун киргизип, аны кабыл алганы жатышат. Буга жол бербеш керек. Бүгүн сөз эркиндигин алса, эртең минтип чогулуп, нааразылык билдирүүгө да тыюу салышат”, - деди Жекшеев.

Мыйзамга каршы чыккандардын акциясы. 25-июнь, 2020-жыл.
Мыйзамга каршы чыккандардын акциясы. 25-июнь, 2020-жыл.

Чогулгандар “Сөз эркиндиги”, “Гүлшат кетсин!” деп кыйкырып жатышты. Бир сааттан ашык убакытка созулган тынч акциянын катышуучулары мыйзам долбоорду депутаттар талкуулай баштаганда тарады.

Парламентти кызыткан “талаштуу мыйзам”

Каникул алдында парламентте талкуусуз эле кабыл алып жаткан көптөгөн мыйзамдардан айырмаланып, “Маалыматтын манипуляциясы” жөнүндө долбоор кызуу талаш-тартыш менен каралды.

Демилгенин автору Гүлшат Асылбаева сунушталган жоболор Интернетте өз атын жашырып, жалган маалымат тараткан фейктерге каршы багытталганын айтып жатты.

“Буга чейинки мыйзам жалпыга маалымдоо каражаттары менен жарандардын өз ара мамилесин тескейт. Интернет кийинчерээк пайда болгондуктан, социалдык тармактардын колдонуучуларынын жоопкерчилиги учурдагы мыйзамда каралбай калган. Бул жерде сөз эркиндиги, пикирин айтууга эч кандай чектөө жок. Башка сөздөрдү буга жармаштырууга болбойт”.

Бирок депутаттын мындай түшүндүрмөсү бир катар эл өкүлдөрүн ынандырган жок. Аталган демилгеге каршы чыккан Дастан Бекешев, Элвира Сурабалдиева, Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев, Наталья Никитенко жана башка эл өкүлдөрү улам-улам сөз алып, өз аргументтерин айтып жатышты.

Мисалы, депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоордо Интернетте жазылган маалыматтын чын-жалганын кайсы бир мамлекеттик орган аныктай турганын белгилеп, бул жагдай өз кезегинде бийлик үчүн каршылаштарын куугунтуктоого шарт түзөрүн айтып чыкты.

Депутат мына ушул куугунтукка кийин мыйзамдын авторлору өздөрү туш болушу мүмкүн экенин эскертти.

“Кесиптештерди мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырам. Эгерде беш жылдан кийин ушул эле колдоп жаткан депутаттар чындык издей баштаса, эмне кылышат? Өзүңөргө ор казып жатасыңар. Тарыхты окуш керек. Ар кандай режимде калп менен кантип күрөшкөнүн окуп көргүлө. Башкача ойлонгондорду "жалганчы" деген жатасыңар”.

Ал эми депутат Элвира Сурабалдиева сунушталган мыйзам өлкөдөгү бардык демократиялык баалуулуктарды жокко чыгарат деп тынчсызданды.

“30 жылдан бери беш президентти алмаштырдык. Кошуналарда болсо өзгөрүү жок. Себеби, биз демократияга бараткан элбиз. “Коррупция менен күрөшөбүз” дедиңер, ал да болгон жок. Мунун баарын көргөн жаңы муун "чындык жок, акыйкаттык жок" деп жатат. Арманын айта турган акыркы инстанция – Интернет. Дарыгерлер, милиция кызматкерлери болгон чындыкты Интернетте айтып жатышат. Ошондон кийин гана чара көрүлүүдө. Эми бул мыйзам кабыл алынса, чындыкты айткандар эмне болот? “Меники туура, калганы фейк” деген туура эмес да”.

Жыйында буга чейин биринчи окууда көпчүлүк добуш менен колдогондор бул жолу сунушталган мыйзам долбоорун ачык жактап, талкууга чыккандар көп деле болгон жок.

Долбоорду авторлордон тышкары Үмбөталы Кыдыралиев, Камчыбек Жолдошбаев жана парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков колдоду.

Алар Кыргызстанда учурда сөз эркиндиги бар экенин жана аны чектебей турганын айтып жатышты.

Жогорку Кеңештин спикери мыйзам долбоору ар бир адамга, айрыкча оппозициядагыларга өз укугун коргоого мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

“Бул мыйзам долбоору ар бир адам маалымат айдыңында өзүнүн намысын коргошун камсыздайт, алдыда дагы боло турган көп баш-аламандыктардын алдын алат. Интернетте троллдорду, фейктерди ачып алып, бир адамга жалаа жаап, караласа, ал өз укугун коргошу керек да. Бул айрыкча оппозициялык маанайда жүргөн мекендештерге өтө керектүү мыйзам. Актанганга толук мүмкүнчүлүк берип жатат”, - деди Дастан Жумабеков.

Спикердин пикири бир катар депутаттардын кескин сынына кабылды. Депутат Дастан Бекешев төрагага “сөз эркиндигин чектеген мыйзам долбоорун колдогон “лекциясы” үчүн “ыраазычылык” билдирди.

"Сөз эркиндигине салымыңар жок"

Мыйзам долбоорун колдоп жаткан Үмбөталы Кыдыралиев документтин кайсы жери өксүк экенин такыр эле түшүнө албай жатканын айтып, Кыргызстанда сөз эркиндиги жетиштүү деген пикирин ортого салды.

“Биздеги демократия кимге жакпай жатат? Келгиле, коңшу республикаларда эмне болуп жатканын карайлы. Кыргызстан - сөз эркиндиги үчүн бейиш. Башка жакка барып көргүлөчү?!”.

Мыйзамга каршы чыккан депутаттардын бири Жанар Акаев талкуу учурунда сөз эркиндиги жаатындагы жетишкендикке азыркы парламенттин тиешеси жок экенин белгиледи.

Ал 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынын алдында да маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн эске салды.

"Ошондо силердин көпчүлүгүңөр үйүңөрдө арак ичип, чучук жеп, кул жумшап отургансыңар. Силердин бүгүнкү сөз эркиндигине кымындай да салымыңар жок. Эл сөз эркиндигин өзү көчөгө чыгып жүрүп алып келген. Азыр эл унчукпай отурганда, силер да жөн эле отурсаңар болмок. Бул мыйзам иштебейт, кабыл алынган күндө да иштебейт”.

Ошентип, мындай кызуу талкууларга карабай мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда көпчүлүк добуш берүүгө жөнөтүлүп, акыр-аягы кабыл алынды.

“Талаштуу мыйзамдын” таржымалы

Негизи талкууга жем таштаган “Маалыматты манипуляциялоо” жөнүндө мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова май айында иштеп чыккан.

Документте Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, Интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Бул демилге бир ай ичинде коомдук талкуудан жана комитеттерден өтүп, парламенттин талкуусуна чыкты. Мыйзам долбоордун мындай тездик менен кабыл алынып жатышы коомчулукта талкуу жаратууда.

«Медиа Полиси Институту» уюму «Мыйзам долбоору Кыргызстандын Конституциясына каршы келет» деген билдирүү таратса, «Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG