Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Эркин медиага чабуул Таласка да жетти


«3-каналдын» өрттөлгөн кеңсеси. Талас шаары. 7-июнь, 2020-жыл.

Талас шаарында кеңсесине өрт коюлган «3-каналдын» техникалары иштебей калып, телеканал убактылуу эфирге чыкпай турат. Милиция азырынча шектүүлөрдү кармай элек.

Бул ушуну менен Кыргызстанда жыл башынан бери жалпыга маалымдоо каражаттарынын кеңсесине болгон экинчи чабуул. Март айында «ПолитКлиника» онлайн-медиасынын да кеңсеси каракталган. Ушул күнгө чейин ал иштин бети ачыла элек.

«3-каналдын» кеңсесинин өрттөлүшү сөз эркиндигин кысуу жана шайлоого жакын эркин медиага карата басым катары кабыл алынды.

«Техника кайсы бөлмөдө экенин билишкен»

Кеңсеси жана телеканалдын негизги техникалары өрттөлүп кеткен «3-каналдын» эмгек жамааты эфирге тез арада чыгуунун жолдорун издеп жатат. Ушул тапта каналдын кызматкерлери кеңсени иретке келтирип, жабдыктарды оңдогонго аракет кылышууда. Бирок иш толук кандуу качан калыбына келери азырынча белгисиз.

Талас облустук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына караганда, 7-июнь күнү таңкы саат 6:55терде «3-каналдан» өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция белгисиз адамдар телеканалдын терезесин сындырып, ичине күйүүчү зат куюлган бөтөлкөнү ыргытып өрт койгонун аныктаган. Окуя боюнча Жазык кодексинин «Бөтөн мүлктү өрттөө жолу менен жок кылуу же бузуу» беренеси менен сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Шектүүлөр кармала элек.

«3-каналдын» жетекчиси Жаннат Токтосунова каналдын кеңсесинин өрттөлүшүн журналисттик ишмердүүлүк менен байланыштырып жатат. Анын сөзү боюнча, буга чейин да каналды жабуу аракеттери болгон.

«Муну «3-каналды» эле эмес, бардык көз карандысыз медиаларды коркутуу катары эсептесек болот. Артында саясий күч жок телеканал катары мүмкүн бизди тандашкандыр. Каналдын кайсы техникасы толук жарактан чыкты, кайсынысын иштетсе болот - муну так билбей жатабыз. Өрт коюлган бөлмөдө 10-15 миң долларга бааланган техника бар болчу. Эфирди камсыз кыла турган техника дал ошол өрттөлгөн бөлмөдө эле. Демек, өрт койгондор муну жакшы билишкен. Анткени кеңседеги бир нече бөлмөнүн ичинен дал ошол эфир чыкчу жерге кол салышкан».

«3-каналдын» кызматкерлери өрттөлгөн кеңсени тазалап жатышат.
«3-каналдын» кызматкерлери өрттөлгөн кеңсени тазалап жатышат.

«3-канал» Юстиция министрлигинен 2016-жылы каттоодон өтүп, 2017-жылдан бери Таласта жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаты катары иштеп келатат. Телеканалда башында 10го чукул адам иштесе, коронавирус пандемиясынан улам алардын саны бешке чейин кыскарган. Канал өрт коюлган имаратты ижарага алып иштетет.

«3-каналдын» негиздөөчүсү, медиа серепчи Айбек Турдалиев канал Талас облусунда альтернативалык маалымат каражаты экенин белгиледи:

Айбек Турдалиев.
Айбек Турдалиев.

«Биз «Азаттык» радиосунун жана «Настоящее время» телеканалынын программаларын эфирден берип турабыз. Аталган медиалар менен биздин келишим бар. Орусиянын маалымат каражаттарына альтернатива катары дүйнөдө, Европа өлкөлөрүндө болуп жаткан окуяларды берип турабыз».

«3-каналдын» кеңсесиндеги өрткө байланыштуу Кыргызстандагы медиа коомчулук бийликке, укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылды. Кыргызстандагы телеканал, радио, маалымат сайттары, медиа тармагындагы коомдук фонддор жана журналисттердин биргелешкен кайрылуусунда «Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндөгү" мыйзамда журналисттерге карата коркутуп-үркүтүү, зомбулукка тыюу салынары эске салынган. Өлкө жетекчилигине жана ички иштер органдарына бул ишти көзөмөлгө алууга, ыкчам, калыс иликтөөгө, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырык ташталган.

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов акыркы окуя тууралуу ою менен бөлүштү:

Марс Тулегенов.
Марс Тулегенов.

«Бул жеке менчик көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарына жана сөз эркиндигине сокку болду. Орой айтканда бул – каракчылык да. Саясий жагынан алганда буга чейин биздин кесиптештер да пикирин айтышты. «Алдыда шайлоо келатат. «3-канал» Таласта шайлоого таасирин тийгизиши мүмкүн деген негизде алдын алып жатышат» деген сөздөрдү айтышты».

«ПолитКлиниканын» иши ордунан жылган жок

Ушуну менен Кыргызстанда жыл башынан бери экинчи жалпыга маалымдоо каражатынын кеңсесине чабуул болду. Быйыл 3-мартка караган түнү белгисиз кишилер «ПолитКлиника» онлайн-медиасынын кеңсесине терезедеги тосмону сындырып кирип, документтерди, кагаздарды чачып, компьютерлердин биринин хард-дискин чыгарып кетишкен.

Бишкектин Биринчи май райондук милициясы факт боюнча Жоруктар кодексинин «Уурулук» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат. «ПолитКлиника» кеңсенин каракталышына байланыштуу өз алдынча видеолорду да чогултуп, далил катары милицияга тапшырган эле. Бирок үч айдан ашык убакыт өтсө да милиция ушул күнгө чейин шектүүлөрдү аныктап кармай элек. Буга нааразы болгон «ПолитКлиниканын» башкы редактору Дилбар Алимова прокуратурага кайрылган.

«Милиция бул иш боюнча эч кандай аракет кылбай жаткандыктан чара көрүүнү өтүнүп, Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасына кат менен кайрылганбыз. Райондук прокуратура арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын билдирген. Алар «милиция иштебей жатса, сотко кайрылганга укугуңар бар» дегендей жооп берди. Биздин иш боюнча жарытылуу жооп да, иш да боло элек».

«ПолитКлиника» онлайн-медиасынын кеңсеси карактоодон кийин. 3-март, 2020-жыл.
«ПолитКлиника» онлайн-медиасынын кеңсеси карактоодон кийин. 3-март, 2020-жыл.

Сөз эркиндигине байланыштуу дагы бир окуя. Быйыл 9-январда «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировду Бишкекте белгисиз адамдар сабап кетишкен. Аны сабаган деген шек менен 14-январда Бишкекте төрт киши кармалган. Ушул күндөрү журналисттин токмоктолушу боюнча соттук териштирүү жүрүүдө. Темиров кол салууну кесиптик ишмердигине байланыштырса, милиция ишти «Тоноо» беренеси менен иликтеди.

Кыргызстандагы Көз карандысыз журналисттер союзунун жетекчиси Азамат Касыбеков журналисттердин ишмердигине байланыштуу жасалган кылмыш иштердин бети ачылбай жатканын сындады.

Азамат Касыбеков.
Азамат Касыбеков.

«Көз карандысыз журналисттер союзу Ички иштер министрлигин (ИИМ) «3-каналдын» кеңсесин өрттөгөндөрдү тезирээк таап, жазага тартууга чакырат. Журналисттердин оозун жаап, сөз эркиндигин кысуу аракети жакшы эмес көрүнүш. Милиция күнөөлүүлөрдү тез арада таап, чара колдонуу менен муну токтотсо болот. Бирок иш создуга берсе шайлоого жакын мындай окуялар көбөйөт. Журналисттерге болгон түздөн-түз чабуул кооптуу. Бул – сөз эркиндигин чектөө менен бирге элдин маалымат алуу укугун чектейт».

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда журналисттер Геннадий Павлюк, Алишер Саипов киши колдуу болгон. Журналист Сыргак Абдылдаевди белгисиз адамдар бычактап, оор жараат алган.

Камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында «Zanoza.kg» сайты доого жыгылган. Атамбаев андан мурдараак «Азаттык медиа» мекемесин да сотко берип, бирок доо арызды кайра кайтарып алган.

2017-жылы оппозициялык маанайдагы «Сентябрь» телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө соттун чечими менен тыюу салынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG