Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 00:35

Жарандык коом: Активисттерге басым күчөдү


Камил Рузиев жана Калича Умуралиева.

«Саясий репрессияга каршылык комитети» коррупция менен күрөшкөн укук коргоочу - активисттерге чагым жасалып жатканын айтып чыкты.

Уюм мында атайын кызмат тарабынан караколдук укук коргоочу жана активист Камил Рузиевдин кармалышын, Бишкектеги «Шаардагы парктар» ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиеванын суракка алынышын мисал келтирген.

«Саясий репрессияга каршылык комитети» аттуу коомдук уюм Кыргызстанда жарандык коомдун күч органдарындагы жана муниципалдык мекемелердеги жемкорлук тууралуу ачык айтып чыккан өкүлдөрүнө карата чагымчыл аракеттер жүрүп жатат деп эсептейт.

Бул тууралуу 30-майда таратылган билдирүүдө айтылат. Анын жетекчиси, активист Адил Турдукулов мында караколдук укук коргоочу Камил Рузиевдин кармалышын жана Бишкек мэриясындагы «Шаардагы парктар» ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиеванын суракка алынышын мисал келтирген.

“Бийлик соңку кезде жарандык коомдун ишмердүүлүгүн атайылап басуу аракетин көрүп, авторитардык мамлекеттердин өкмөттүк эмес уюмдарга, блогерлерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзамдарын көчүрүп алып жатат. Мындан тышкары жарандардын фундаменталдык укуктарын коргоо үчүн көп жылдар бою күрөшүп келе жаткан жарандык коомдун айрым өкүлдөрүн күч органдарынын катышуусу менен жаманатты кылуу аракети жүрүүдө. Калича Умуралиевага карата соңку чагым аракетин жана караколдук активист Камил Рузиевдин кармалышын биз жарандык коомдун тартип коргоо жана муниципалдык органдардагы коррупциянын бетин ачкан эң активдүү өкүлдөрүн коркутуу катары баалайбыз”, - деди Адил Турдукулов.


Ысык-Көл облусунда укук коргоочу Камилжан Рузиев кармалганын 30-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Рузиев жасалма документ жасоо фактысы боюнча айыпталып жатат. Укук коргоочу Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызмат “Азыркы учурда УКМК бул кылмышка катышы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам тергөө ишин жүргүзүп жатат” деп маалымдады.

Азырынча Рузиевдин өзүнөн жана жактоочуларынан комментарий алууга мүмкүн боло элек. Бирок укук коргоочу убактылуу тергөө абагында ачкачылык жарыялаганы маалым болду.

Укук коргоочу буга чейин ички иштер органдарындагы былык иштерди сындап келгени менен белгилүү. Ал Кыйноолорго каршы улуттук борбордун мүчөсү катары милиция тарабынан укугу бузулган же акыйкаттык таппаган адамдардын арыз-даттануулары менен да иштеген. Кесиптештери ал өзү да бир канча жолу коркутууга кабылганын белгилешет.

“Камил Рузиевди мен 2004-жылдан бери билем, анда биз кыйноолорго каршы чогуу иштегенбиз. Азыр да кыйноолорго каршы иштеп жатат. Юрист катары адам укугу бузулган көптөгөн иштер менен алектенген. Анын укук коргоочулук иши үчүн өмүрүнө корунуч туулган учурлар болгон”, - деди Ысык-Көлдөгү "Спектр" коомдук бирикмесинин өкүлү Элла Матвеева.

Укук коргоочу, Кылым шамы уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Рузиевдин кармалышына жакынкы күндөрү укуктук баа берилерин айтып, буларга токтолду.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

“Азыр жагдайды толук билбегеним үчүн мен ал туура же туура эмес кармалды деп айткандан алысмын. Айтайын дегеним, Камил Рузиевди 20 жылдан бери билем. Ал кишинин мыйзам бузууга барганына ишене албайм. Биз бул ишти көзөмөлгө алабыз. Адил Турдукулов азыр анын кармалышына саясий баа берип жатат. Ар бир ишке, ар бир кейске жекече мамиле болушу керек. Баары бири-бирине окшош эмес. Блогерлер, укук коргоочулар же саясатчылар кармалганда баарын эле куугунтук катары кабыл албаш керек. Ар бирине жекече мамиле жасалышы зарыл. Мен укук коргоочу катары укуктук жагын гана карайын. Анын канчалык деңгээлде күнөөсү бар же жогун биз албетте эске алабыз. Экинчиден, ишенимдүү айта алам, Камил Рузиев андай мыйзам бузууга барбайт. Жакынкы күндөрү биз бул окуяга укуктук баа беребиз".

Камил Рузиев өткөн айда Каракол шаардык санэпидемкөзөмөл борборунун кызматкерлеринин Саламаттык сактоо министрлигине кайрылуусун «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жарыялаган.

Буга чейин «Саясий репрессияга каршылык комитетинин» билдирүүсүндө айтылган Бишкек мэриясынын «Шаардагы парктар» ишканасынын директору Калича Умуралиеваны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) шаардык бөлүмү төрт саат суракка алган. Анын алдында УКМКнын кызматкерлери Калича Умуралиеванын кеңсесинде тинтүү жүргүзүшкөн.

Калича Умуралиева билдиргендей, анын бул иште эч кандай күнөөсү жок. Анын айтымында, «Ынтымак» паркынан ишкердик кылыш үчүн ижарага орун берүү боюнча Жазык кодексинин «Коммерциялык пара менен сатып алуу» беренесинин негизинде иш козголуп, ал күбө катары гана өтүп жатат. Маалым болгондой, бул иш боюнча УКМКга Тажыбаев аттуу жаран арыз жазган.

Умуралиева 28-майда «Ынтымак» паркында велосипеддерди ижарага берүү боюнча коммерциялык түйүн ачкысы келген адам менен муниципалдык ишкананын ортосунда келишим түзүлгөнүн кошумчалады. Тажыбаев бул үчүн дароо эки айга 50 миң сом ижара акысын төлөп, акча мекеменин бухгалтериясына түшкөн.

Ал эми жактоочу Эрик Ирискулбеков буларды билдирди:

"Умуралиева эч кандай акча талап кылган эмес. Ал "пара алганы үчүн кармалган" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул иште ал күбө катары гана өтүп жатат. Кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген маалымат да туура эмес экенин билдиребиз".

УКМК бул иш боюнча расмий маалымат бере элек.

Буга чейин «Биздин укук» коомдук фондунун жетекчиси болуп иштеген Калича Умуралиева Бишкек мэриясынын карамагындагы «Шаардагы парктар» ишканасын былтыр май айынан бери башкарып келет.

Жарандык активисттерди кармоо жана суракка алуу Жогорку Кеңеште өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин көзөмөлдөө жана жарандардын Интернет аркылуу пикирин билдирүүсү боюнча талаштуу мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, алар коомдо карама-каршы пикирлерди жаратып жаткан учурга туш келди.

Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар боюнча жаңы мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан. Ал быйыл март айында биринчи окуудан өткөн. Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса, мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Жарандык коом бул мыйзамды кабыл алуу Кыргызстандын беделин түшүрүп, эл аралык уюмдардын өлкөгө көрсөткөн каржылык колдоосуна да таасирин тийгизет деп эсептейт.

"Бул долбоор сөз эркиндиги, адамдардын оюн эркин билдирүү менен тынч жыйындарга чогулуу укуктарына каршы келет. Юстиция министрлигинин коомдук байкоочу кеңеши мыйзам өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөөгө багытталган жана анын шылтоосу менен өкмөттүк эмес уюмдарга басым кылуу аракети болушу мүмкүн деп эсептейт", - деп жазылган жарандык коомдун юридикалык корутундусунда.

Ал эми парламент депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан дагы бир документ - «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору да медиа коомчулук менен Интернет-провайдерлердин сынына кабылган.

Эки депутат иштеп чыккан Интернет жөнүндө жаңы мыйзам тогуз беренеден турат. Долбоорго ылайык, анда Интернет колдонуучулардан баштап, сайттын кожоюндарынын, Интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Документте мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленет. Башкача айтканда, соттун чечими жок эле сайттын ишин токтотуп койсо болот.

«Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктады.

Медиа жаатындагы эксперттер жана юристтер долбоор сөз эркиндигин кысып, элдин маалымат алуу укугун чектей турганын эскертип, депутаттарды мыйзамды артка чакыртып алууга үндөп жатышат.

Умуралиева: Парктардын акчасы бюджетке түшпөйт экен

"Азаттык" радиосу 28-майда УКМКга сурак берип чыккан Калича Умуралиева менен байланышты.

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

- Калича айым, сиз атайын кызматка суракка эмне үчүн чакырылдыңыз?

- Парктарда туш келди соода кылып жатышпайбы. Ошону токтотуш үчүн мыйзамдарды изилдеп, келишимдердин долбоорун топтогом. 26-майдан тарта майда ишкерлер менен келишим түзө баштадым, кол коюп, алар акча төлөп.

“Мен велосипед иштетет элем”, “Мен балмуздак сатат элем” деп балдар келе баштады. Ошолордун арасында бир бала келген. “Иштей бер, келишим түзөбүз, баасын дагы тактайбыз” деп кетиргем.

Анан келишим түздүк. “50 миң алып келдим” дегенинен “Бухгалтерияга алып бар, алар кагаз жазып берет” деп кетирдим. Ал кетери менен эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кишилери келип, өзүнүн процедурасын башташты. “Акчаны ким алды?” дешти. Бухгалтер “Мен алдым” деди. Баары бухгалтерияга кетишти. Андан кийин мени күбө катары адвокаттар менен чогуу УКМКга алып кетишти. Суракка алышты, баа кандайча аныкталып жатканын сурашты, баарын айтып бердим.

УКМК кызматкерлери эмненин негизинде сизди күбө катары сурап жатканын айтыштыбы?

- Жанагы “Ынтымак” паркында велосипед иштетиш үчүн акчасын төлөп кеткен Тажибаев деген бала Башкы прокуратурага арыз жазыптыр. Ал жактан шаардык прокуратурага жиберишиптир. Алар УКМКга жөнөтүптүр. Арызда эмне жазылганын айта албайм, себеби тилкат жазып бергем.

- Сиз бул кызматка келгени кандай маселелерге көңүл бурдуңуз эле?

- Мен келгенде бардык парктарда балмуздак саткан, ижарага велосипед бергендер көп экен. Алар эмненин негизинде иштеп жатканын, уруксаты барбы-жокпу, акча төлөйбү, төлөсө кимге деп сурасам, көптөн бери иштеп жүргөнүн, акчаны акимчиликтен келген кишилерге берип турганын, милицияга да төлөшөрүн айтып беришкенинен мыйзамсыз иштеп жаткандарды текшергендер көп экенин түшүндүм. Мен “Келгиле, келишим түзөлү, муниципалдык бюджетке акча түшсүн, мыйзам боюнча иштейли” десем баары сүйүнүп калышкан.

"Келишим түзөлү" десем мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгы (ММБ) “Бул силердин иш милдетиңерге кирбейт, акыңар жок” деп прокуратураны айтып коркутуп башташты.

- Ким коркутту?

- Муниципалдык мүлк башкармалыгы. Ошондуктан мен башка шаарлардын, Орусиянын, Украинанын, чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп көрүп, тийиштүү Жобонун долбоорун иштеп чыктым. Токтомдун, Жобонун, тиркемелердин, арыздардын долбоорун иштеп чыгып, 2019-жылы 24-сентябрда расмий түрдө “Бекитип бергиле. Ушунун негизинде иштейбиз” деп киргизгем. Ошондон бери эч ким карабай койду. Юридика бөлүмүндө иш тобу түзүлүшү керек экенин айтышты.

Бир кеңешмеде туруп мэрге айтсам, протоколук тапшырма берген. Ал тапшырманы эч ким аткарган жок, иш тобу түзүлгөн жок. Кыш да өттү, жазында баягы туш келди соода кылгандар кайра жайнады. Аларды “Бул Калича Умуралиеванын бизнеси” деп жаза башташты. Мен барып, алардын кетишин талап кылган учурларым болгон, себеби мен да ызаландым.

Мыйзамдаштырайын десем, уруксат беришпейт. Тапырап келип сатып жатышса, менден көрүшөт.

Ошондо мен парктардагы туш келди соода мэриядагылардын, акимчиликтердин соода боюнча бөлүмдөрүнүн, мурда ошолордон акчаны алып жүргөндөрдүн жеми экенин түшүндүм.

Карантин аяктагандан кийин соода кылгандар кайра капташты. Ошондо Орусиянын “Парктын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат” деген бир аналогун таап, айлам кеткенде ошого таянып, юридикалык жак катары алар менен келишим түзө баштадым.

27-майда акча түшө баштады. 28-майда 16 келишим түзүп, акчаны эсепке түшүрдүм. Өнүгүүгө бюджеттен акча бөлүнбөйт, ажатканалар оңдолбойт, отургучтарды оңдогонго каражат каралган эмес. Ошого акча тапсам, эми мени күнөөлөп жатышат.

Он ай ичинде прокуратурадан алты эскертүү келип түшкөнүнөн бул жерде кимдин кызыкчылыгы бар экени мага көрүндү. Парктардан түшкөн миллиондогон акча жеке чөнтөктөргө кетип жатат, байкуш бюджетке бир тыйын түшпөйт экен. Ошого каршы чыксам, жыйынтыгын өзүңөр көрүп жатасыңар...

Парктардан түшкөн миллиондогон акча жеке чөнтөктөргө кетип жатат, байкуш бюджетке бир тыйын түшпөйт экен.


- Демек, соңку окуялардан улам сиздин иретке келтирүү аракетиңизге каршы кимдир бирөөлөр бар деп баалап жатасызбы?

- “Мындай болбош керек, бюджетке акча түшүүсү зарыл, дүйнөлүк тажрыйба ушундай” деп ачык эле айтып келе жатам. Мэр “Келишим түзүү укугун “Шаар парктарына” өткөрүп бергиле” деп бир нече жолу айткан. Мэрди укпаса, менин сөзүмдү ким угат?!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG