Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 19:59

Бейөкмөт уюмдарга каршы сегиз депутат


Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунун авторлору Марлен Маматалиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Аида Исмаилова, Бактыбек Райымкулов, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова жана Умбеталы Кыдыралиев (солдон оңго карай). Ортодо башкы демилгечи Бактыбек Райымкулов.

Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдарды өзгөртүүгө байланыштуу талаш-тартыш коомчулукта дале уланууда. Мыйзам долбооруна каршылар аргументтерин байма-бай айтышканы менен демилгечи депутаттардын көбү позициясын айтуудан карманууда.

Ошол себептүү «Азаттык» авторлордун өздөрүнөн комментарий сурап, аларга каршы тараптын да жүйөсүн угууга аракет кылды.

Башкы демилгечи

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоордун өзүн бир нече жолу талдадык. Алгач коомдук угуу өткөнүн, кийин парламентте талкуу болгонун, биринчи окууда кабыл алынганын жана анда кайсы беренелер оңдолгону жатканын жаздык. Анда негизги тараптардын түрдүү жүйөлөрү келтирилди.

Бул жолу биз долбоордун авторлору жөнүндө баяндаганы турабыз. Тагыраагы алардын аргументтери, позициясы же кызыкчылыктары тууралуу кеп салабыз.

Демек, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун башкы демилгечиси, депутат Бактыбек Райымкулов. Алгач документке ал жалгыз автор катары чыгып, кийин кескин сындардан кийин өзүнө шериктерди кошкон.

Райымкулов долбоордун мазмунун мындайча түшүндүрдү.

Бактыбек Райымкулов.
Бактыбек Райымкулов.

«Азыркы мыйзам менен алсак, өкмөттүк эмес уюмдар статкомитетке маалымат берет. Бирок мыйзамга ылайык, маалыматы купуя сыр катары сакталат. Ал эми Салык кызматына кирешеси, маянасына карата төлөмдөр тууралуу эле маалымат берилет. Соцфондго деле ошондой маалыматтарды беришет. Ал жерлерде толук отчет берилбейт. Биздин мыйзамда, отчет эмес маалымат берүү киргизилүүдө. Бейөкмөт уюм жылда аткарган иштерин, кийинки жылдын 1-апрелине чейин Юстиция министрлигине өкмөт тактаган форманын негизинде маалымат катары бериши керек болот», - деди ал.

Эл өкүлү өзү көтөрүп жаткан демилгени коомчулуктун, шайлоочулардын талабы экенин, бул ачык-айкындуулукка алып келерин кошумчалады.

«Бейөкмөт уюмдардын жасап жаткан иши боюнча элде да маалымат жок. Депутат болгондон кийин элге барабыз да, ошондой шайлоочулар «өкмөттүк эмес уюмдар эмнеге көзөмөлгө алынбайт?» деп суроо коюп жатышат. «Чет өлкөдөн акча келип жатат, эмне иш кылып жатат» дегендей талаптар бар. Маалымат берилип турса, жакшы иш жасап жаткандардын иши да көрүнөт, эгер туура эмес иш жасап жатса анысы да ачыкка чыкмак», - деди Райымкулов.

Бактыбек Райымкуловдун негизги адистиги юрист. Кошумча Орусиянын президентине караштуу Мамлекеттик кызмат академиясында «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистигин бүтүргөн. Алгач суу чарба тармагында, эт комбинатта жетекчилик кызматтарда иштеп жүрүп, 2012-жылы Чүй облусунун Панфилов районунда аким болгон.

2015-жылы «Республика-Ата Журт» партиясынын тизмесинде Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Беш жыл аралыгында парламентте ал үч мыйзам жазса, соңкусу ушул өкмөттүк эмес уюмдарга байланыштуу документ болду. Ушундан улам аны сындагандар «депутат башка маселелерди көтөрбөй, ортодон чыга калып бейөкмөт уюмдарга асылып жатат» деп баалашууда.

«Адилет» укуктук клиникасынын юристи Искендер Какеев мыйзамдын төркүнү 2019-жылдын 8-мартындагы Бишкектеги тынчтык маршына байланыштуу экенин боолгойт.

Аялдардын укуктарына арналган жүрүштө ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү да баракча кармап чыгып, коомчулукта түрдүү талаш-тартыштарга жем таштаган. Парламенттеги айрым депутаттар аны уюштургандарды жоопко тартып, өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүнү трибунадан талап кылышканы.

Искендер Какеев (оң четтегиси).
Искендер Какеев (оң четтегиси).

«Ооба, ошол учурда мамлекеттик органдардын көпчүлүк өкүлдөрү, анын ичинде депутаттар катуу нааразы болуп, ызы-чуу салышкан. Парламенттеги атайын жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынан «мындайга эмнеге жол бердиңер?» деп сурашкан. Албетте бул суроонун өзү бир топ нюанстарды жаратат. Бирок УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев «азыр мыйзам боюнча кайсы бейөкмөт уюм эмне иш менен алектенип жатканын биле албайбыз. Ошого депутаттардан байланган колубузду бошотуп, кайсы уюм эмне иш жасап жатканын билип тура турган мыйзам кабыл алып беришиңерди суранам» деп айткан. Мына эми ага жооп катары бир жылдан кийин ушундай мыйзам долбоору сунушталды. Биздин оюбузча баары ошол окуядан кийин башталды», - деди Какеев.

Мындай караганда быйылкы 8-марттагы Бишкектеги аялдардын укуктарына арналган жүрүш да чуу менен коштолду. Анда калпак кийген жана беткап кийген адамдар аялдардын плакаттарын жулуп, ыргытып салышты. Соңунда милиция чагым жасагандарды эмес, жүрүшкө чыккандарды кармап кетти.

Ошол себептүү адистер жаңы мыйзамга ылайык, эгер Юстиция министрлигинин сайтында уюмдардын, анын жетекчилеринин же кызматкерлеринин даректери ачык коюлса, бул алардын коопсуздугуна коркунуч жаратарын белгилешет.

Маселен, биз бир тегерек үстөл өткөрсөк, чакыруусуз эле бир түшүнүксүз адамдар келип, чыр чыгарып, арматура же башка бирдемелер менен коркутуп киришти. Алардан «биздин иш-чарабыз тууралуу каяктан билдиңер?» деп сурасак, «бизге депутат Райымкулов айтты» дешти.
Искендер Какеев.


«Акыркы жылдары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдарга карата аябай агрессивдүү маанай күткөн кишилер көбөйдү. Балким аларды кимдир бирөө жасалма үгүттөп жатат, балким жөн гана өздөрү тескери реакция жасап жатат. Маселен, биз бир тегерек үстөл өткөрсөк, чакыруусуз эле бир түшүнүксүз адамдар келип, чыр чыгарып, арматура же башка бирдемелер менен коркутуп киришти. Алардан «биздин иш-чарабыз тууралуу каяктан билдиңер?» деп сурасак, «бизге депутат Райымкулов айтты» дешти. Эми элестеткиле, Юстиция министрлигинин сайтында кайсы бир укук коргоо уюму ачык маалымат коет дейли. Маселен, «ЛГБТнын укугун коргоо» деп ачык жазса, ошол агрессивдүү адамдар бул уюмдардын кеңсесин билип алып, барып чатак чыгарышы ыктымал. Кайсы бир саясий топтор улутчул-агрессивдүү маанайдагы адамдарды ошол жакка атайылап чагым уюштуруу үчүн жөнөтүшү мүмкүн», - дейт Искендер Какеев.

«Өч алгысы келгени бар, кокустан кошулганы бар»

Бир сыйра талкуулардан кийин кеп болуп жаткан мыйзам долбооруна авторлош катары дагы жети депутат кошулган. Тагыраагы, эл өкүлдөрү Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Умбеталы Кыдыралиев, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев, Бактыбек Турусбеков жана Аида Исмаилова демилгечи болгон.

Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

Мунун ичинен биз Примовдун, Кыдыралиевдин жана Турусбековдун мыйзам тууралуу ой-пикирин уга алган жокпуз. Аларга өзүнө, жардамчыларына телефон чалып, да сүйлөшө албадык. Аида Исмаилова менен байланышканыбызда, ал бир аздан кийин комментарий бере турганын айтып, ошол бойдон телефонун көтөрбөй койду.

Эл өкүлү Жыздыз Мусабекова да кенен комментарий берүүдөн карманып, кыскача гана позициясын айтты. Ал өзү мурдатан айрым өкмөттүк эмес уюмдарга карата кескин сындары менен белгилүү. Былтыркы 8-марттагы Бишкектеги аялдардын укугуна арналган жүрүштү да парламенттин трибунасында айыптап, ага «Гей парад» деп ат коюп жиберген.

Жылдыз Мусабекова.
Жылдыз Мусабекова.

«Мен азыр интервью бербейм. Бул мыйзам аба менен суудай керек, муну кийин түшүнөсүң. Болбосо кыздарыбыз аял алып, балдарыбыз эрге тийген заманга баратабыз. Бейөкмөт уюмдар көп, анын ичинде жакшылары да бар, бирок ошолордун арасында саясатка киришкендер да бар. Ошого көзөмөл керек», - деди Жылдыз Мусабекова.

Депутат Евгения Строкова болсо өзү демилгелеш болгон мыйзам тууралуу «Азаттыкка» буларды айтып берди.

Евгения Строкова.
Евгения Строкова.

«Мен дайыма ушуну мисал кылып жүрөм. Биздин саламаттык сактоо жана билим берүү тармагына аябай көп жардам келген. Бирок жыйынтыгын көрүп атасыңар, эки тармак тең кедерине кетти. Мен бул жерде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын да жоопкерчилигин четке какпайм, бирок мында коммерциялык эмес уюмдардын да тиешеси бар. Мен коммерциялык эмес уюмдарга эч каршы эмесмин, бирок жумшалган каражаттардын эсебин билишибиз керек. Муну үчүн аларга келген каржынын булагын тактап алышыбыз шарт. Эгер бардыгы таза болсо отчет бергенден коркушат? Маселен кээ бир уюмдар бул мыйзамдан корккон жок, анткени алардын жашырган нерсеси жок», - деди ал.

Мындай аргументтер жана жүйөлөр мурдараак депутаттар менен жарандык өкүлдөрү жолугушкан учурда да айтылган. Бирок бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү ошол кезде көп депутаттар позициясын ачык айтышпаганын билдирүүдө. Ошол себептен сындаган топтор айрым депутаттар мыйзамга кокустан эле авторлош болуп калышы ыктымалдыгын белгилешет. Айрымдары болсо көз карандысыз уюмдарга карата жеке кеги үчүн аларды кошумча жүк артууну көздөөдө дешет.

Өкмөттүк эмес уюмдарда иштеп келаткан Бурул Макенбаева буларга токтолду:

Бурул Макенбаева.
Бурул Макенбаева.

«Азыр Кыргызстандагы дары-дармек тармагы мафиянын колуна түшүп калган. Ошол рынокту тазалаш үчүн биз ишкерлер, эл аралык коомчулук, эксперттер менен, дары-дармек алган кардарлар менен чогуу жаңы мыйзам долбоорун сунуштаганбыз. Ошого Исмаилова кескин каршы чыгып, чоң тоскоолдук жараткан. Натыйжада биз, бир нече бейөкмөт уюмдар депутат Аида Исмаилованын ушул аракетин, өзүнүн ишмердүүлүгүн ишин сындаганбыз. Анын бул жааттагы кызыкчылыктарын тизмектеп, этикалык комитетке да жазганбыз. Ошондон кийин ал өкмөттүк эмес уюмдарга өчөшүп калган. Азыр эми «жалданмачы» (наемница) бизге каршы мыйзамдарды сунуштап жатат».

Макенбаева мыйзамдын башка авторлору тууралуу деп кеп салып, мүнөздөмө бергендей болду.

«Башка депутаттардын көбү мыкты демилгелер менен таанылган эмес. Алардын ар бири жөнүндө өзүнчө айта албайм. Бирок маселен Евгения Строкованыкы Аида Исмаилованын жагдайына окшош. Жарандык коом саламаттык сактоо, ооруканалар боюнча Строкованын аракеттерин кез-кезде сынга алып келгени үчүн ал бейөкмөт уюмдарга өчөшүп, мыйзамга автор болсо керек. Жылдыз Мусабекова журналист кыз менен чатакташканда, сөгүп киргенде, анын портретин көргөнбүз. Этикалык жактан андай адамга ишенбейм жана жакшы нерсе деле күтпөйм», - деди Бурул Макенбаева.

«Бийликтин буйругу»

Мыйзамдын авторлорунун тизмесинде дагы бир көңүл буруучу жагдай – демилгечи топ негизинен эки фракциядагы депутаттардан куралган. Бир гана Бактыбек Турусбеков «Бир Бол» фракциясынан жалгыз кошулган.

Калган төртөө, Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Марлен Маматалиев жана Аида Исмаилова «Республика-Ата Журт» фракциясында болсо, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Евгения Строкова Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) парламенттеги фракциясында турат.

Соңку аталган партиянын мүчөлөрү жаңыдан түзүлүп, бирок бийликчил деп аталып жаткан «Биримдик» партиясына кошулганы жатканы айтылган. Ушул себептен да авторлордун бир бөлүгүн саясий кызыкчылыктар бириктирди деген жүйөлөр да жок эмес.

Жарандык активист Роза Маманова муну бир депутаттын мисалында айтып берди:

Роза Маманова.
Роза Маманова.

«Мен өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдын авторлорунун ичинен депутат Улан Примовду жакшы билем. Ал Ошто, Баткенде көмүр кендерин иштеткен бизнесмен катары белгилүү. Атасы Бердибай Примов «Перити Коал» компаниясынын негиздөөчүсү. Биз жарандык коомдун жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү алар, көмүр кендерин мыйзамсыз казып жатканын, Транспорт министрлигине караштуу жолдорду талкалап жатканын сынга алып келгенбиз. Биринчиден, ушул себеп болсо керек. Экинчиден, ал, көз карандысыз уюмдарды отчет берүүгө мажбурлап, бийликке жагынуу аракетин көрүп жатат. Анткени Улан Примов дагы башка бир депутат Төрөбай Зулпукаров менен чогуу бийлик түптөп жаткан «Биримдик» партиясына кирип жатат. Ошого кирип жаткан нанын актагысы келип жатса керек»,-деди Маманова.

Ооба, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү долбоору сунушталганда эле, анын артында бийлик турат дегендер чыккан. Өкмөттүк эмес мекемелердин көпчүлүгү азыр да ушундай эле позицияда турушат.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова кайрадан кепке кошулду:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Менин оюмча бул буйрук. Ал бийликтин өзүнөн болбосо да төмөнүрөөк турган аткаминерлерден болду. Эл аралык коомчулуктун алдында, Кыргызстанда жарандык коом аябай күчтүү дайыма мактанып келебиз. Бирок бийлик өзүнүн бийлигин кеңейтем деген учурда дайыма жарандык коомго, анын ичинде өкмөттүк эмес уюмдарга тыюуларды, көзөмөлдү күчөтүүнү жандантып келет. Мындай нерсе Акаевдин, Бакиевдин, кийин Атамбаевдин учурунда да болгон. Эми бешинчи президенттин учурунда да ушундай болуп жатат», - деди ал.

Ошурахунова мыйзам долбооруна айрым депутаттар эрксизден же кокустан автор болуп калганын белгилеп, муну алардын артында бийлик турат дегенге далил катары тартты.

«Бул мыйзам долбоору боюнча биринчи парламенттик угуу өткөн учурда Райымкулов жалгыз автор болчу. Ал өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн бир дагы суроолоруна оңдуу жооп бере алган жок. Кийинки жолугушууда да суроолор катар-катар берилгенде бир да инициатор туруп, так өзүнүн позициясын айта алган жок. Алар эмне үчүн ушул мыйзамды сунуштап жатканын жөндөп айта алышкан жок, пикирин түшүнгөн жокпуз. Строкова гана жалгыз чыгып, болбогон бир аргументтерди келтирип жатты. Анын сөзү Орусияда жарандык коомго жасалган кысымдын алдындагы риторикага окшош болду. Бул мыйзамдын авторлорунун бири да жарандык коомдун, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын ролун түшүнбөйт экен. Айрым депутаттар болсо өкмөттүк эмес уюмдардын сынына кабылгандан кийин, өч алуу үчүн эле авторлош болуп алгандай сезилди», - деди Динара Ошурахунова.

Мыйзамдан чыккан күмөн ой

Мыйзам долбоору алгач 2019-жылдын 31-декабрында Жогорку Кеңештин сайтына илинди. Ортодо парламенттин тармактык комитетинде каралып, бир нече талкуулардан кийин айрым жерлери өзгөртүлүп, дагы коюлду.

Бул эки ай аралыгында президенттик аппарат да, өкмөт да кеп болуп жаткан мыйзам долбоору тууралуу бир жактуу билдирүү берген жок. «Азаттык» президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева менен байланышып, комментарий ала албады.

Ал арада мыйзамдын авторлорунун айрымдары мыйзамды чакыртып алуу же мындан ары сүрөөнү токтотуу пикирине ыктап калышканы кабарланды. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Марлен Маматалиев муну өз позициясын айтып жаткан учурда маалымдады:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

«Мыйзам долбоорду жазып жатканда, Батыштан же АКШдан көмөк алган көз карандысыз уюмдар эле эске алынган эмес. Көбүнчөсү алып келгенде, мага мындай деп түшүндүрүшкөн. Көрүп жатасыздар, мына террорчулукту колдоо максатында, же кандайдыр бир деструктивдүү маанайдагы уюмдарга каржы жумшагандарды да көзөмөлдөө максаты болгон. Мен ошону карап колдогом. Ал эми экинчи окууга келгенде бир топ жагдайлар ачыкка чыгып калды. Мына маселен жакында эл аралык уюмдун отчету болот турбайбы, эгерде бул мыйзам бизде кабыл алынып калса, биздин мамлекетибизге, 28 жылдан бери келе жаткан тарыхыбызга ошол жерде абийирине тийип калышы мүмкүн экен. Ошого байланыштуу биз азыркы учурда биринчи окуудан кийин токтото туруу чечимин кабыл алдык. Бул биздин баштапкы чечимибиз. Так айта албайм, бирок азыр мындан ары экинчи окууга кетирбейбиз деген жолдо турабыз», - деди депутат Маматалиев.

Бирок Марлен Маматалиев 10-мартта Жогорку Кеңеште өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамды өзгөртүү демилгесин токтотуу аракети ишке ашпай калганын билдирди:

«Биз бир топ сүйлөшүү жүргүзүп, токтото туруу аракетин көрдүк эле. Бирок демилгечилер “токтотулбайт, кетет” деп түшүндүрүштү. Идея ишке ашпай калды. Эл аралык аброюбуз жакшы болбой калаарына көзүм жетип, жеке өзүм көтөрүп чыккан маселе болчу».

Буга чейин башкы демилгечи, депутат Бактыбек Райымкулов мыйзам экинчи жана үчүнчү окууга деле чыгат деп ишендирген.

Мурдараак кабарлаганыбыздай, Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, бирок ишке ашкан эмес.

Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова сырттан каржыланган уюмдарды «Чет элдик агент катары таануу жөнүндө» мыйзам долбоорун даярдап, бирок аны кабыл алууга ошол кездеги депутаттар жетишпей калган.

Ал мыйзам долбоорун азыркы депутаттар 2016-2017-жылдары эки окууда кабыл алып, бирок кийин ал депутаттардын көңүл сыртында калып кеткен. Жаңы долбоордун авторлору бул документ мурдагылардан айырмаланарын билдирип жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (54)

XS
SM
MD
LG