Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Агелеуов: ӨЭУ жөнүндөгү мыйзам бийликке курал болот


Казакстандагы «Либерти» укук коргоо уюмунун башчысы Галым Агелеуов.

Кыргызстанда коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүү жөнүндө сунуш коомдук талкууга коюлду. Документке ылайык, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу отчёт берип турууга милдеттүү болот.

Ушундай эле мыйзам эки жыл мурда Казакстанда кабыл алынган.

Коңшу өлкөдөгү «Либерти» укук коргоо уюмунун башчысы Галым Агелеуовдун айтымында, казак бийлиги өкмөттүк эмес уюмдарга байланышкан мыйзамды өзүнө жакпаган уюмдарга басым жасаш үчүн колдонуп келет.

«Азаттык»: - Галым мырза, коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдарды каржылоо булагын ачыкка чыгарууну милдеттендирген мыйзам Казакстанда да эки жыл мурда кабыл алынган эле. Бул мыйзам силердин уюмга кандай таасирин тийгизип жатат, өз жон териңиздер менен эмнени сезип жатасыздар?

Галум Агелеуов: - Бул мыйзам күчүнө кирери менен дароо эле үч уюмду сот олчойгон айыппул төлөөгө милдеттендирди. Ал уюмдардын мурунку жылдан калып, кийинки жылга өткөн каражаты да киреше катары эсептелген. Бул уюмдар коммерциялык эмес уюмдардын тизмесинде эмес эле жана алардын демөөрчүлөрү да кошумча салык алынбаган грант берүүчүлөрдүн катарында болгон. Ошого карабай, бийлик бул уюмдардын Казакстанда болуп жаткан окуяларды чагылдыруудагы жигердүүлүгүн азайтуу максатында аларды жазалап, басууну көздөгөн. Аларга айыппул салуу менен ишмердигин токтотууну же таптакыр жаагын жабууну көздөшкөн. Казакстанда коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эгер өкмөттүк эмес уюм чет өлкөдөн алынган грантка тренинг же кандайдыр бир иш-чара өткөрсө, 10 күндүн ичинде анын каржы булактары тууралуу салык органдарына же башка тиешелүү мекемелерге билдириши керек. Эгер кайсы бир себептерден улам бул мөөнөттө жетишпей калса, дароо айыпка жыгылат. Маселен, биздин укук коргоочу «Либерти» уюмубузга да ушундай себептен улам айып пул салынган. Биринчиден, мыйзам кабыл алынганда бизге эч кандай маалымат берилген эмес. Экинчиден, грант которулганда деле анын финансы документтери ошол замат келбейт. Мындай жагдайлар эске алынбайт, дароо жазалоого өтүшөт. Бийлик ушундай жолдор менен өзүнө ыңгайлуу эмес уюмдарды басууну көздөйт. Биздин уюмдун эсептери да өткөн жылдын июнь айынан бери камакта турат. Буга уюмду негиздегендердин бири, Бишкектен экстрадицияланган Мурат Тунгышбаевдин «террорчу, экстремисттердин» тизмесине кирип калышы түрткү болду. Баарына белгилүү болгондой, ал жөн гана жарандык активист. Андыктан Кыргызстандагы коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюмдар бул мыйзамдын кабыл алынышына жол бербеши керек.

«Азаттык»: - Ушундай мыйзам Казакстандан мурун Орусияда кабыл алынган эле. Эми Кыргызстанда да айрым депутаттар сунуш кылып жатышат. Эки жыл мурда «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам долбоору даярдалганда аны «Орусиядагы мыйзамдын көчүрмөсү» деп сындашкан эле. Чындап эле Кыргызстан менен Казакстан Москванын жолуна түшүп атышабы?

Галым Агелеуов: - Ооба, толугу менен эле Орусиядагы мыйзамдын көчүрмөсү. Москва биздин мамлекеттерге жаман жагынан үлгү болуп жатат. Ансыз да өрчүп бараткан авторитаризм мына ушундай репрессивдүү мыйзамдардын кабыл алынышы менен да тереңдеп баратат. Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын коопсуздук кызматтары тыгыз байланышта. Эгер Орусияда бир мыйзам кабыл алынса, Казакстан жана Кыргызстан Москванын жолуна түшүп, аныкынан да начар мыйзам кабыл алат. Эки жыл мурда Кыргызстанда «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам сунушталып, артка кайтарылбады беле. Анда жол берилген эмес. Эми алардын каржы булактары аркылуу басым көрсөтүүгө аракет кылышууда.

"Азаттык": - Кыргыз бийлиги өлкөдөгү адам укуктары жана сөз эркиндигин коргоо жагынан башкаларга мактанып келет. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, өлкөнүн эл аралык аброюна канчалык доо кетет?

Галым Агелеуов: - Албетте, мындай мыйзамдын кабыл алынышы Кыргызстан үчүн абдан эле терс таасирин тийгизет. Анткени укук коргоо уюмдары коңшу мамлекетте абдан жигердүү жана өкмөттүк эмес сектор чындап эле адам укуктарынын сакталышы үчүн жандуу аракеттенип келет. Ошондой эле бул тармактан күчтүү, көз каранды эмес көп лидерлер өсүп чыккан. Ошондуктан Жогорку Кеңеш ушундай жумшагыраак көрүнгөн мыйзамдын жардамы менен өкмөттүк эмес секторду көзөмөлгө алууну көздөп жатат. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, укук коргоочулар баарына батыл карай албай, абайлап калышат. Кескин реакция кылуудан айбыгып турушат, анткени ага жооп катары бийлик дароо чоң айыппулду мойнуна илиши мүмкүн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG