Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 26-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:29

Депутат эски долбоорду кайра көтөрдү


Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу демилгесине каршы акция. Бишкек, 2016-жыл.

Кыргызстанда коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүү жөнүндө сунуш коомдук талкууга коюлду.

Аны Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов сунуш кылды. Бул бийликтин өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин, жарандык коомдук активдүүлүгүн көзөмөлдөөгө багытталган кезектеги аракети эмеспи?

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу демилгеси 2014-жылы да болуп, бирок ишке ашкан эмес.

Жаңы демилге, эски долбоор

Кыргызстанда коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүү жөнүндө демилгени бул ирет Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов көтөрүп чыкты. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга алымча-кошумчалар кирет.

Иштелип чыккан долбоорго ылайык, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Эгер бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

«Мыйзам жактырылса элдин коммерциялык эмес уюмдарга ишеними жогорулап, алардын ишинин ачыктыгы камсыз болот» деп айтылат негиздемеде.

Депутат Райымкуловдун «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, долбоор парламенттин талкуусуна чыкканча өзүнө да өзгөртүүлөр кирет.

Бактыбек Райымкулов.
Бактыбек Райымкулов.

- Жаңы эле алып чыктык. Кошумча кыла турган депутаттар бар. Бир аз өзгөртүүлөр болот. Сунуштар түшүп жатат, - деди ал.

Бактыбек Райымкулов - Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова мындай демилге Бишкекте жарандык коом өкүлдөрү коррупциялык иштерге жана сөз эркиндигин муунткан аракеттерге каршы «REакция» аттуу акцияга чыгышкандан кийин көтөрүлүп жатканы жөн жеринен эмес деп эсептейт.

- Парламентке келген депутаттар Кыргызстандын тарыхын билбейт, - деди укук коргоочу. - 2010-жыл эмне үчүн болгон, 2005-жыл эмне үчүн болгон? Ошол кездеги парламенттер кандай демилгелерди көтөргөнүн, аларга эл аралык коомчулук жана жарандык коом кандай терс баа бергенин азыркы депутаттар билбейт, түшүнбөйт. Билбегендиктен ушундай демилгелерди кайра-кайра көтөрүп жатышат. Райымкулов жана башкалар Конституцияны, анын беренелерин, принциптерин так, жакшы билиши керек. Алар өздөрү Конституцияны билбегендиктен, ага каршы келген ушундай демилгелерди көтөрөт. Эгерде бул колдоо таппаса тез арада, Жаңы жыл майрамынын алдында чыгарылбайт болчу деп ойлойм. Ошондуктан, албетте, бул жерде кандайдыр бир колдоо бар болушу керек.

Бишкекте өткөн «REакция 2.0» аттуу саясий акция. 18-декабрь, 2019-жыл
"Сөз эркиндигин жок кылууга жол бербейбиз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:41 0:00

УКМКнын шектенүүсү

Быйыл апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги башчысы Идрис Кадыркуловго парламентте суроо берилгенде ал өлкөдө 32 миң өкмөттүк эмес уюм бар экенин жана алар көзөмөлдөнүшү зарыл экенин айткан.

Ал эми анын ошол кездеги орун басары, июнь айында Кадыркуловдун ордуна атайын кызматтын башчылыгына дайындалган Орозбек Опумбаев өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин айтып, Орусиядагы бул сыяктуу иштерди мисал келтирген.

- Орусияда жана башка өлкөлөрдө кабыл алынган өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам бүгүнкү күндө эң зарыл. Негизги проблема – каржылоо көзөмөлсүз жүрүп жатат.

Былтыр Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролунун оң жагын баса белгилеп, өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген.

- Опумбаев жана башкалардын «жарандарды көзөмөлдөйбүз» дегени Конституцияны билбегени, - деди укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, бирок ишке ашкан эмес.

Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова сырттан каржыланган уюмдарды «Чет элдик агент катары таануу жөнүндөгү» мыйзам долбоорун даярдап, бирок аны кабыл алууга ошол кездеги депутаттар жетишпей калган.

Мурдагы чакырылыштан мурас калган мыйзам долбоорун азыркы депутаттар 2016-2017-жылдары эки окууда кабыл алып, бирок кийин ал депутаттардын көңүл сыртында калып кеткен. Буга президенттик шайлоодон көп өтпөй Кыргызстанда саясий кырдаал өзгөрүп кеткени себеп болгон өңдүү.

Орусиядан оогон демилге

Чет өлкөдөн каржыланган өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин көзөмөлдөгөн мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. «Чет элдик агент жөнүндө» деп аталган мыйзамды бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаттар тобу киргизген.

Ушул күнгө чейин Орусиянын Юстиция министрлиги ондогон уюмдарды «чет өлкөлүк агенттер» тизмесине киргизсе, былтыр октябрда анын катарына оппозициячы Алексей Навальныйдын «Коррупция менен күрөш фондун» кошкон.

Навальный министрликтин дооматын четке кагып: «Орус бийлиги бул фонду коррупцияны ашкерелеген далилдерди казып чыккандыгы үчүн андан чоочуйт. Юстиция министрлиги ушул фонд чет өлкөдөн жок дегенде бир тыйын алганын далилдеген фактыны келтирсинчи», - деп «Твиттерге» жазган.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар шайлоо жараяндарын жакшыртуу, демократиялык баалуулуктарды өркүндөтүү, сөз эркиндигин колдоо, мыйзамдардын сакталышын камсыздоо, андан тышкары аялдардын, балдардын жана азчылыктардын укуктарын коргоо жана башка тармактарда иш алып барат. Алардын бир топ бөлүгү чет элдик фонддордун, өкмөттөрдүн жана уюмдардын каражатына, алар жарыялаган сынактардан уткан гранттардын эсебинен иш жүргүзөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (28)

XS
SM
MD
LG