Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:24

"Фейсбук" Кремлге жакын баракчаларды жапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Фейсбук" Орусиянын мамлекеттик RT же мурдагы Russia Today телеканалына байланышы бар баракчаны жаап салганын каналдын башкы редактору Маргарита Симонян билдирди. Социалдык түйүндүн жетекчилиги маалыматты бышыктай элек.

Маргарита Симонян RT каналына караштуу In the Now (Азыр) деп аталган долбоорунун «Фейсбуктагы» баракчасынын жабылып калышын америкалык CNN телеканалы даярдаган сюжеттен көрөт.

- CNN дагы бир жолу Мамдепартаменттин, НАТОнун жана башка ушул сыяктуу мекемелердин «оң колу, буту, таягы» болуп, аларга өз кызматын көрсөттү. Бул телеканал аталган мекемелер каржылаган фонддун түз көрсөтмөсү менен иликтөө жасаганын жашырган жок. Ал иликтөөдөн кийин “Фейсбук” "Орусия бул социалдык тармак аркылуу АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен" деген айыптоолордон кийин коркуп калганына байланыштуу баракчабызды дароо өчүрдү. Бул аккаунттун 4 миллиондой колдонуучусу бар болчу, ал эми видеолору 2,5 миллиард жолу көрүлгөн. Буга чейин ал баракчада жарыяланган видеолорго, маалыматтарга "Фейсбуктун” эч кандай дооматы болгон эмес, - деген Симонян «Биз Фейсбуктун эч кандай эрежелерин бузган жокпуз" деп кошумчалады.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симонян. Москва. 6-июль, 2018-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симонян. Москва. 6-июль, 2018-жыл.

Кремль мамлекеттик телеканалга байланыштуу баракчанын жабылышын "медиага кысым жасоого барабар" деп баалады. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 18-февралда журналисттерге берген комментарийинде "Фейсбуктун” бул кадамы анын “аброюна олуттуу шек келтире турганын” айтты:

- Бул орус медиасына жасалган орой жана негизсиз басмырлоо. Бизге кас мамлекеттердин бийликтери социалдык түйүндөрдү жана Интернеттеги башка платформаларды орус маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү үчүн курал катары колдонуп жатканы баарына эле белгилүү. Бул биринчи жолу болуп жаткан жери жок.

RT каналы башында Russia Today деген аталышта 2005-жылы «эл аралык саясат боюнча Орусиянын позициясын жалпы дүйнөгө жеткирип туруу» максатында түзүлгөн. Учурда канал англис, араб, француз жана испан тилдеринде обого чыгат.

Кайсы баракчалар жабылды?

«Фейсбук» компаниясынын жетекчилиги бышыктабаганы менен Маргарита Симоняндын айтымында, социалдык тармактагы RT телеканалына байланышы бар төрт баракча жабылды.

Алар орусиялык телеканалдын алып баруучусу Анисса Науэйдин In the Now (Азыр) долбоору жана ага караштуу Soapbox, Waste-Ed жана Backthen деген аталыштагы баракчалар.

Soapbox баракчасында соңку кабарлар, окуялар чагылдырылса, Waste-Ed деген баракчада айлана-чөйрөнү коргоого багытталаган темалар көтөрүлчү, ал эми Backthen деген баракчада негизинен тарыхты баяндаган видеолор жайгаштырылып турган. Аталган үч аккаунтта жарыяланган видеолор жалпысынан 30 миллион жолу көрүлгөн.

CNNдин иликтөөсүндө эмнелер айтылган?

Америкалык CNN телеканалы жүргүзгөн иликтөөдө жогоруда сөз болгон баракчалар жаштарга багытталганы айтылат.

«Абдан көп графика колдонулган, өзүнө тарткан видероликтер солчул жана жаңылыктарды негизинен социалдык тармактардан окуган жаш америкалыктарга багытталган. Бул видеолор 10 миллиондон ашуун ирет көрүлгөн», - деп башталат сюжет.

Ошондой эле репортажда үч баракчаны тең Германияда жайгашкан
Maffick Media компаниясы башкара турганы ал эми бул компаниянын негизги акционери RT телеканалына караштуу Ruptly деген ишкана экени жазылган.

Акциялардын калган бөлүгү Maffickтин генералдык директору, RT каналынын алып баруучусу Анисса Науэйге таандык экени белгиленет. Бирок биринде кайдан каржыланары тууралуу жазылган эмеc.

Ал эми In the Now башында RT каналында Науэй алып барган телешоу катары уюштурулган. Былтыр сентябрда анын «Фейсбуктагы» баракчасы ачылып, долбоор ошол жакта өз ишин уланткан.

CNNге маек курган эксперттер мына ушундай жол менен Орусия өз саясатын таңуулап, эл аралык коомчулуктун пикирин өзгөрткүсү келерин белгилешкен.

АКШдагы «чет элдик агент»

"Фейсбук" Орусия каржыланган аккаунттарды биринчи жолу өчүрүп жаткан жок. Бир ай мурда эле жалган маалыматтарды таркаткан деген негизде компания жетекчилиги жүздөгөн аккаунттарды жапканын маалымдаган. Алардын арасында мамлекеттик «Спутник» агенттигине караштуу бир нече баракча болгон.

Былтыр YouTube RT каналынын видеосюжеттерине «бул маалыматтар орус өкмөтүнөн каржыланат” деген атайын эскертүү чаптай баштаган.

“Твиттер” социалдык түйүнү аталган каналга акча төлөп жарнама жайылтууга тыюу салган. Бул кадамдарга Американын чалгын кызматтары RT телеканалын Орусия өкмөтүнүн АКШдагы былтыркы шайлоого таасир этүү аракеттеринин алкагында жалган маалымат таратканы үчүн айыпташы түрткү болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.





XS
SM
MD
LG