Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 04:41

"Фейсбук" Кыргызстанды кандай өзгөрттү?


Иллюстрациялык сүрөт.

Күн сайын дүйнөдө бир жарым миллиарддай адам баш баккан "Фейсбуктун" түзүлгөнүнө 15 жыл болду. Башында Гарвард университетинин студенттеринин өз ара байланыш түйүнү катары жаралган бул портал кыргыз коомунун жашоосун канчалык өзгөрттү?

“Фейсбукка” Жер шарында күн сайын бир жарым миллиарддай, ал эми бир айда эки жарым миллиард же дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгү кирип турат. “Фейсбуктун” эң ыңгайлуусу – адамдардын өз ара байланышын кеңейтип, оңой жолду тартуулайт. Төгөрөктүн төрт бурчунан эски жана жаңы досторду оңой эле таап аласыз.

15 жыл ичинде бул сайт аркылуу өз сүйүүсүн таап, ишкерлик жасап же атак-даңкка жеткендер аз эмес. Бул убакыт ичинде “Фейсбук” кыргыз коомунун жашоосун канчалык өзгөрттү?

Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери:

- "Фейсбук" – бул бүгүнкү күндүн реалдуулугу жана мүмкүнчүлүгү. Технологиянын заманы болуп жаткандан кийин сөзсүз түрдө социалдык тармактарды колдонууга туура келет экен. Мамлекеттик жана жеке маалымат каражаттары өз саясатын бир тараптуу жүргүзүшөт. Мамлекеттик телеканалдар "өлкөдө баары жакшы" дешсе, менчик телеканалдар өз ээсин гана мактап-жактап, Манастан кийин эле өлкөнү куткарып калчу адам катары көрсөтүшөт.

Мына ошондой бейтарап, таза жана так маалыматтын жоктугунан улам социалдык тармактар аркылуу өз пикириңди билдирүүгө туура келет. Бирок ар бир нерсенин оң жана терс жагы бар. "Фейк" же жалган маалымат деген балекет чыкты. Арстан, жолборстун, карышкырдын, Манастын сүрөтүн коюп алышып, артында “тролль” деп атап койгон адамдар отурушат. Алар бийликке же кандайдыр бир өз кызыкчылыгын көздөгөн адамдарга иштеши мүмкүн.

Коом канчалык маалыматтын чын-бышыгын иликтей алат, акты актай, караны карадай кабыл алат - Кыргызстанда гана эмес, дүйнөдө да чоң маселеге айланды. "Фейк" деген маселе терс жана өнүгүп бараткан начар көрүнүштөрдүн бири. Мен колдонуучулардын баарынын суроолоруна жооп бергенге аракет кылам.

Азим Азимов, PR адиси:

- “Фейсбуктун” Кыргызстанда да орду абдан маанилүү. Көп учурда серепчилер бул социалдык тармак биринчи кезекте телеканалдардын ордун ээлеп калганын айтып келишет. Көпчүлүк учурда биздин жарандар мурдагыдай телевидениеден эле жаңылыктарды күтүп отурбай, окуя болор замат ушул социалдык түйүндөн билип, көрүп, окуп калышты.

Андан тышкары “Фейсбук” биздин саясий, социалдык жана башка чөйрөлөр боюнча ой-пикир алмашуунун маанилүү жана активдүү платформаларынын бири болуп калгандай. Өлкөдө кандай гана саясий окуя болбосун, сөзсүз түрдө дал ушул социалдык тармакта талкууланат. Жада калса журналисттер да ошол жакта жаралган талкуулардан өзүнө бир керектүү маалымат таап, ошонун негизинде макала, сюжет даярдаган учурлар көп болот.

Ошол эле учурда өкмөт “Фейсбукта” ызы-чуу чыкса ошондон жалтанып, кабыл алган чечимдерин өзгөртүп жиберген учурлар болду. Кыргызстандагы көрүнүктүү саясатчылардын бардыгынын "Фейсбукта" баракчалары бар. Көп жарандар аларга түз жаза алышат. Бул жакшы жагы.

Ал эми терс жагын алсак, “Фейсбукта” жалган маалымат көп таркайт. Аларды саясий күчтөр да колдонушат. Жалган маалыматтардын таасири шайлоо маалында кайсы бир саясатчыларга да тийгенин байкадык.

Чоробек Сааданбек, «Биздин Мурас» коомдук фондунун директору:

- 15 жыл мурун кыргыз тилдүүлөр үчүн Интернетте талкуу аянтчасын табуу кыйын болчу. “Дизелде” администратор өзүнчө барак ачып берип, “бул жакка орусча, бул жакка кыргызча жаз” деп тескеп турчу. Ушул жагынан алганда аябай эле пайдалуу болду.

Азыр “Фейсбукта” 10-15 миңдей колдонуучу жазылган “Кыпкыргызча”, “Манастын урпактары” деген тайпалар пайда болуп, ошол жерде кээде пайдалуу талкуулар болот. Ошондой эле “Фейсбукта” элдин кыргызча көп жазганы кыргыз тилинин "Google Translate" системасына киришине да салымын кошту.

"Биздин Мурас" коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек.
"Биздин Мурас" коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек.

​Ал эми “Фейсбуктун” терс жагы - эл аралык коомду дүрбөтүп жаткан жалган маалыматтар көп тарады. Жарандарыбыз андай кабарларды чын жаңылыктардан айырмалап, иргеп алганды билиши керек. Биринчиден, бардык эле социалдык тармакка чыккан маалыматка ошол заматта ишенбеш керек. Ар нерсеге сынчыл көз караш менен карап, суроо бере билүү зарыл. Азыр мүмкүнчүлүк кенен, "Гуглга" киргизип издеп, булактарды салыштырып деле көрсө болот. Тилекке каршы бизде бул нерсе мектептерде окутулбайт. Биз Советтер Союзунан бери медиа эмнени айтса, ошого ишенип көнүп калганбыз да. Азыр бир ушул жаатта тренингдерди өткөрүп жатабыз.

“Фейктер” эң биринчи кезекте кишинин эмоциясына таянышат. Маселен, “мусулмандарды өлтүрүп жатышат” деген сыяктуу адамдын кыжырын келтире турган темаларды жарыялашат.

Эркин Рыскулбеков, алып баруучу:

- “Фейсбук” менен менин туулган күнүм бир күндө - 4-февралда. Албетте дос-тууган менен байланышып, маалымат бөлүшкөнгө абдан пайдалуу, андан тышкары кесиптештердин, тууган-тушкандардын туулган күндөрүн эске салып турат. Алардын баарын куттуктаганга мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошондой эле менин алып баруучулуктан тышкары курулуш бизнесим да бар. Аны жарнамалап, кардарларды тартуу үчүн да ушул социалдык тармакты колдоном. Мисалы, акча салсаң, ал көбүрөөк элге жеткиликтүү болот.

Ал эми маданият өкүлү катары айтарым, маданият чөйрөсүн ачып берди десек жаңылышпайм. Биз мурун билип-билбей жүргөн кемчиликтерди көрсөткөндөй болду. Себеби биз мурда "жылдыз" деп эсептеген инсан канчалык грамматикалык жактан туура жаза алат, өз ой-пикирин билдире алат, күйөрмандары менен сүйлөшө алат – ушунун баарын көрсөттү. Кээ бирөөлөр айрым окуяларды көбүртүп, радикалдаштырып да жиберген учурлар болот. Маселен, Кумтөрдөгү “чучук” окуясы, итке калпак кийгизген окуя, Зеренин клипи сыяктуу нерселерди талкуулаганда радикалдык маанайдын күчөгөнүн байкадык.

Жалган жаңылыктардын кесепети

2004-жылы Гарварддын жатаканасында университеттин студенттерин байланыштырып, бири-бири менен сүрөт жана маалымат бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн социалдык түйүн түзүп жатып, анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 15 жылдан кийин бул сайт чоң саясатка таасир тийгизчү куралга айланарын билген эмес.

Эки жыл мурда АКШнын атайын кызматтары «Фейсбукта» Орусия жалган маалыматтарды таркатуу менен Америкадагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө аралашууга аракет кылганын айтып чыгышты. «Фейсбукта» алешемдиктер болгонун Марк Цукерберг өзү да мойнуна алган:

- "Фейсбук" социалдык тармагынын өсүп-өнүгүүсү менен дүйнөдөгү бардык адамдар жакындары менен үзбөй байланышта болуп, кандайдыр бир коомдорду түзүп, бизнесин өнүктүрүүнүн жолун табышты. "Харви" бороонунан кийин бул социалдык тармак аркылуу адамдар жабыркагандарга 20 миллиондон ашуун доллар чогултуп беришти. Жетимиш миллиондой чакан ишкана "Фейсбукту" жумуш орундарын түзүү жана өнүгүү үчүн колдонушат. Бирок биз портал жаман иштерде да колдонулуп кетишин алдын албаганыбызды кеч түшүндүк. Жалган кабарларга, жек көрүүнү козутууга жана шайлоого кийлигишүүгө каршы күрөштү алдын албаганыбыз - биздин чоң катабыз.

Бул чуудан кийин былтыр «Фейсбук» компаниясы Орусиядагы жалган маалыматтарды таркатуу менен алектенген «троллдор фабрикасына» байланышы бар делген 250дөн ашык баракчаны жапкан. Ал баракчалар көбүнчө орус тилинде маалымат таратканы, алардын Кыргызстанда кеминде 35 миң окурманы бар экени белгилүү болгон.

Жеке маалыматтардын купуялуулугу

"Фейсбуктагы" атайын алгоритмдер сиз жазган билдирүүлөрдөн, баскан “лайктарыңыздан”, сиз катталган баракчалардан сиздин талап-табитиңизди аныктап, сизге жаккан мазмунду өзү эле билип, сунуш кылып турат.

Мисалы, сиз улуттук музыкага, футболго, же бир саясатчынын ишмердигине кызыксаңыз, "Фейсбук" өзү ошого ылайыктап сизге жаккан постторду тандап чыгарып турат.

Сиз толгон-токой маалыматты алып, жакындарыңыз менен бекер байланышкан сайын "Фейсбук" сиз тууралуу ар тараптуу маалыматты чогулта алат. Бирок андай купуя маалымат азырынча бекем сакталбайт. 15 жыл ичинде колдонуучулардын жеке маалыматы, сүрөттөрү, алтургай миллиондогон колдонуучунун жеке каттары хакерлердин колуна түшүп, жарыяланып кеткен учурлар болду.

Жалгыздыкты күчөтөбү?

Айрым иликтөөлөр көрсөткөндөй, "Фейсбук" жана соцтармактар адамдын жалгыздык сезимин күчөтүп, депрессияга батырган учурлар да болот. Анын себебин адистер азырынча так чечмелей алышпайт. Бирок алар бул адамдын өз турмушун досторунун виртуалдык жашоосу менен салыштыргандан улам деп боолгошот.

Ошентсе да "Фейсбук" баш болгон бир катар социалдык тармактарсыз “Араб жазы” сыяктуу, дүйнөнүн булуң-бурчундагы демократиялык өнөктүктөр ишке ашмак эместигин көптөр белгилешет. Башкаруучу режимге, куугунтукчул бийликке, теңсиздикке чыдабаган адамдар соцтармактардын жардамы менен массалык түрдө күрөшкө чыгып, өз максаттарына жетишти.

Бийликтин куугунтугуна кабылган, кеңири аудиторияга үнү жетпеген саясатчылар, журналисттер жана активисттер "Фейсбук" аркылуу элге жетишет. Аны менен катар эле айрымдары, тескерисинче, өздөрүнө жалган образ түзүп, тез эле атактуу болушат.

15 жылдын ичинде коомдун, адамдардын жеке жашоосун өзгөрткөн "Фейсбук" келечекте дагы канчалык популярдуу болуп, өз ролун жоготпой, биздин жашообузду кайсы тарапка өзгөртүшү мүмкүн?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG