Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Президент Таластагы жаңыланган аэропорттун ачылышына катышты


Президент Садыр Жапаров Таластагы жаңыланган аэропорттун ачылышында. 21-май, 2024-жыл
Президент Садыр Жапаров Таластагы жаңыланган аэропорттун ачылышында. 21-май, 2024-жыл

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 21-майда Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында жаңыланган аэропорттун ачылышына катышты.

Мамлекет башчы өлкө аймагындагы чакан аба майдандарын каржылоо Советтер союзу кулагандан бери токтоп калганын, акыркы жылдары өкмөт “Манас” эл аралык аэропорту менен чогуу алардын ишин жандандырууну колго алганын белгиледи. Бул иштин алгачкы натыйжасы катары “Талас” аэропортун атады.

"Аэропорттор жанданып, ишин баштап жатканы – бул өлкөнүн мындан ары өнүгүүсүн шарттап, элибиздин биримдигин бекемдеп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган маанилүү окуя. Ошондуктан, бул биздин мамлекеттүүлүктү чыңдоо үчүн жасалып жаткан кадамдарыбыздын бири деп айтсам жаңылышпайм. Аэропорттор катардагы инфраструктуралык объектилер болуп саналбайт. Алар биздин өсүп-өнүгүүгө болгон умтулуубуздун белгиси. Биздин максат – аба транспорт тармагын өнүктүрүү, республиканын алыскы аймактарынын ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу жана эл-журтубуздун карым-катнашына альтернативдүү жол катары ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат", - деди президент.

Садыр Жапаровдун сөзүнө караганда, ички каттамдарды жандантуу максатында "Манас" аэропорту Q-400 учактарын сатып алган, учактар Кыргызстанга күзүндө келери күтүлүүдө. Бул учактар жергиликтүү авиакаттамдарга чыгат.

Жаңыланган аэропортто эл аралык стандарттарга ылайык учуп-конуу тилкесине, перронго, рулеждик жолдорго асфальт төшөлдү. Саатына 100 кишини өткөргөн жаңы аэровокзал курулду.

“Талас” аэропорту 1979-жылы учактарды жана тик учактарды эксплуатациялоо үчүн курулган.

Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы имаратынын да ачылышына катышып, сөз сүйлөдү. Президент облустук милицияга кошумча автоунааларды, керектүү жабдууларды жана атайын каражаттарды тапшырды.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы имараты алгач маданият үйү катары 1985-жылы салына баштап, көп өтпөй курулушу токтоп калган.

36 жылдан кийин имаратты Талас облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. (MKt/ZKo)

XS
SM
MD
LG