Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзамды өзгөртүү сунушталууда


«Тыңчы» мыйзамына каршы өкмөттүк эмес уюмдардын акциясы. Бишкек, 2016-жыл.
«Тыңчы» мыйзамына каршы өкмөттүк эмес уюмдардын акциясы. Бишкек, 2016-жыл.

Кыргызстанда коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүү жөнүндө сунуш түшүп жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов сунуш кылган долбоор коомдук талкууга коюлду.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо кирет.

Иштелип чыккан долбоорго ылайык, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчет берип турууга милдеттүү болот. Эгер бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

«Мыйзам жактырылса элдин коммерциялык эмес уюмдарга ишеними жогорулап, алардын ишинин ачыктыгы камсыз болот» деп айтылат негиздемеде.

Депутат Райымкулов «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, долбоор парламенттин талкуусуна чыкканча өзүнө да өзгөртүүлөр кирет:

- Жаңы эле алып чыктык. Кошумча кыла турган депутаттар бар. Бир аз өзгөртүүлөр болот. Сунуштар түшүп жатат.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, бирок ишке ашкан эмес.

Былтыр Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролунун жакшы жагын баса белгилеп, өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген.

Андан мурдараак парламентте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Идрис Кадыркуловго суроо берилгенде ал өлкөдө 32 миң өкмөттүк эмес уюм бар экенин жана алар көзөмөлдөнүшү зарыл экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG