Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 15:55

Апта: Шайлоонун чеги, Ирандын кеги


Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын 30-декабрынан 2020-жылдын 5-январына чейинки окуяларга кыскача сереп.

Аяктап бараткан апта негизинен жаңы жылдык майрамга байланышкан окуяларга бай болду. Антсе да Кыргызстанда жана дүйнөдө коомчулуктун назарына татый турган айрым окуялар болуп өттү.

Аймактар, санарип, жана... балдар

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялады. Башкача айтканда азыркы президенттин буга чейинки иш тартибинде өлкөнү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү негизги багыт иретинде айтылып келсе, эми алардын катарына балдарды колдоо да кошулду.

Адистер өлкөдө балдар темасына быйыл көңүл бурулуп жатканынын себептерин ар кандай чечмелешет. Алардын айрымдары бул боюнча тутумдашкан иреттүү иштерди жүргүзүү зарылчылыгы чын эле көптөн бери бышып жетилгенин айтып жатышат.

Коомдук ишмер Алмаз Кулматовдун айтымында, эгемендик жылдары балдарды тарбиялоо, келечекке даярдоо, алар үчүн шарт түзүү дээрлик максаттуу жүргөн жок. Айрыкча миграциянын залакасы алгач балдарга тийип жатат.

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

- Тарбиянын деңгээли өтө төмөн болуп атат, - деди ал. - Маселе балдарда эмес, бизде. Үй-бүлөлүк баалуулуктарды билбей калган балдардан биз эмнени күтөбүз? Биз кандай муун тарбиялап өстүргүбүз келет? Өлкөнү кимге таштайбыз? Кайыптан бүткөн тулпар болсо да аларды таптабасак, тарбиялабасак озуп чыкпайт да. Айтор, маселе толтура. Кыргыз «уядан эмнени көрсө учканда ошону алат» деп туура айткан. Азыр биз балдарга кайсы баалуулуктарды сиңирип атабыз?

Коомчулукта акыркы жылдары балдардын көйгөйү көбөйгөнү, аларга карата зордук-зомбулук күчөгөнү, келечек муундун укуктары сакталбай жатканы көп айтылууда. Өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматына ылайык, ушу тапта Кыргызстанда 12 миңден ашык бала жетим балдар үйлөрүндө жана интернат тибиндеги мекемелерде тарбияланат; мүмкүнчүлүгү чектелген 30 миң баланын көпчүлүгүнүн билим алуу укугу сакталган эмес; өлкө боюнча 2 миллиондон ашык деп эсептелген жеткинчектердин 30% жакыны бармактайынан көртириликке көмүлүп, өсүшүнө, ден соолугуна зыян келтире турган жумуштарда иштейт. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын калкынын 47% балдар түзөт.

Адамкул Жунусов камактан чыкты

Былтыркы жылдын аягы айрыкча бажы тармагындагы коррупция тууралуу иликтөөлөргө, алардан улам келип чыккан саясий окуяларга бай болгон эле. Андыктан Бакуда кармалып, Кыргызстанга жеткирилген Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовдун камактагы бөгөт чарасы өзгөрүп, камактан бошотулганы жөнүндө кабарлар бир топ адамдарды ар кандай ойго салды.

Адамкул Жунусов.
Адамкул Жунусов.

Анын бөгөт чарасын өзгөртүүгө эмне негиз болгону азырынча белгисиз. Буга чейин адвокаттары анын саламаттыгына байланыштуу камактан бошотуу жөнүндө бир нече ирет сотко өтүнүч келтирип, бирок анысы четке кагылып келген. Мамлекеттик бажы кызматынын бир жылдан ашуун убакыттан бери тергөө абагында отурган мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовдун бөгөт чарасын Бишкектин Октябрь райондук соту жаңы жылдын астында, 30-октябрь күнү чукул караганы белгилүү болду. Сот анын буга чейинки бөгөт чарасын жеңилдетип, камакта кармоонун ордуна шаардан эч жакка чыкпоо тууралуу тилкат алып, түрмөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алганын маалымат агенттиктери ишенимдүү булактарына таянып жазып чыгышты. Бирок муну тиешелүү сот органдары расмий түрдө бышыктай элек.

Адамкул Жунусовго 2018-жылы 18-августта «бажыда туруктуу коррупциялык байланыштарды түзгөн» деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон. Ал кезде Адамкул Жунусов тергөөгө келбей, чет өлкөгө качып кеткендигине байланыштуу ага эл аралык издөө жарыяланган. Ошол эле жылы 28-декабрда Адамкул Жунусов Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы аба майданына АКШдан учуп келгенде кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

Кылмыш укугу боюнча адистер Адамкул Жунусов тергөөдөн качканы жана анын чет өлкөдөн кармалган жагдайы анын бөгөт чарасын өзгөртүүгө негиз бермек эмес деген пикирде.

Юрист Кайрат Осмоналиев ошондуктан анын маселеси укуктук талаада эмес, саясий өңүттө чечилген болушу мүмкүн деп эсептейт.

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

- Ошондой болушуна кабыл алынган саясий чечим негиз болушу мүмкүн, - деди ал. - Себеби, укуктук жактан анын саламаттыгы оор болгон күндө да маселе мындай чечилбеши керек болчу. Саламаттыгын карай турган атайын комиссия түзүлөт эле. Анан ошонун берген корутундусунун негизинде гана сот чечим чыгара алмак. Бул ишти ушундай чечүү президенттин кароосунда болушу мүмкүн. Президент гана мыйзамдуулуктун кепилдиги болот. Ошондуктан ал адам жоопкерчиликтен кутулуп кете турган болсо, анда ал президенттин жеке жоопкерчилигиндеги маселе болот.

Бул ишке байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Ниязалиев, Борбордук бажынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашев камалган. Мындан сырткары бажынын мурдагы жана кийинки 12 кызматкерине иш козголгон.​ Андан мурун «Түндүк» бажы бекетинин башчысынын орун басары Элнура Мамбетжунушева башка бир коррупциялык ишке байланыштуу камакка алынган. Бирок анын иши кыскарып, жакында ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Шайлоонун илеби

Быйылкы негизги саясий окуялардын бири күзүндө өтө турган парламенттик шайлоо болорун эске алганда, анын эрежеси шайлоого катыша турган күчтөрдүн бүйүрүн кызытары анык.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2017-жылы шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн айрым ченемдери 1-январдан тартып күчүнө киргенин жарыялады. Анда парламенттик шайлоого катышкан партиялардын шайлоо босогосун тогуз пайызга көтөрүү жана партиялык тизме боюнча мандаттарды бөлүштүрүүдөгү гендердик тең салмактуулукту сактоого байланыштуу ченемдер каралган.

Аталган мыйзамдагы партиялардын шайлоо босогосун жети пайыздан тогуз пайызга көтөрүү жана партиялык тизме боюнча мандаттарды бөлүштүрүүдө гендердик балансты сактоого байланыштуу киргизилген укуктук ченемдер 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турганы көрсөтүлгөн.

БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзамдагы күчүнө кирген эки укуктук ченемдин эрежелерин чечмелеп берди:

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

- Мына ошол ченемдерге ылайык мындан ары парламенттеги кайсы бир фракциядагы эркек депутаттын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда аяктаса, анын ордуна тизмедеги эркек талапкер депутат болуп келет. Ал эми аял депутат ыйгарым укугун токтотсо, анда анын ордуна кийинки тизмедеги аял талапкерге депутаттык мандат берилет. Ошондой эле жаңы эле күчүнө кирген жана өзгөртүлө элек укуктук ченем боюнча кийинки парламенттик шайлоодо саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу тогуз пайыз болуп эсептелинет.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо шайлоочулардын 59 пайызы же 1 630 122 адам добуш берүүгө катышкан. Бул эсеп менен алып караганда, шайлоо босогосу үч пайыз болсо, анда партия 52 миң добуш алышы керек. Беш пайыз болсо 85 миң, жети пайызга 120 миң жана тогуз пайыз босого болсо 154 миңден кем эмес добуш топтошу зарыл.​

Жакында депутат Бакыт Төрөбаев баштаган дагы бир депутаттык топ шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга түшүрүү жана шайлоо күрөөсүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго ылдыйлатуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бирок ал мыйзам долбоору парламенттин кароосуна коюла элек.

Эл аралык турмуш: чоочуткан чоң эрегиш

Жыл тогошкон мезгилде Иран менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы тирешүүнүн илеби болуп көрбөгөндөй күч алды. Айдын башында АКШнын президенти Дональд Трамп Багдаддагы америкалык элчиликтин имаратына кол салууга Ирандын бийлигин айыптаган. Тегеран бул дооматты четке кагып, АКШнын Ирактагы элчилигине кол салууну уюштурууга Ирандын тиешеси жок экенин билдирген. Вашингтон - Тегеран ортосунда кайым айтышуу басыла электе Пентагон Ирактын аэропортуна абадан сокку урду.

Бул чабуулдан кийин каза болгондордун арасында ирандык генерал Касем Сулейманинин жана Ирандын бийлигини колдогон «Катаиб Хезболланын» башчысынын сөөгү табылды. Алардын өлүмү үчүн Пентагон жоопкерчилик алды. АКШнын армиясы бул операция «коргонуу» максатында уюштурулганын, Сулеймани Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү кызыкчылыктарына сокку урууга камылга көрүп жүргөнүн билдирди.

Ирандын жогорку лидери Аятолла Хаменеи таасирдүү командирди өлтүргөндөрдү «кылмышкер» деп атап, аларга «жооп кайтарыла турганын» билдирди.

Андан көп өтпөй АКШ президенти Дональд Трамп эгер Тегеран каршы чабуул коё турган болсо Ирандын 52 объектисине сокку уруларын эскертти.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

«Эскертүү болсун. Эгер Иран америкалыктарга жана америкалык объектилерге каршы сокку ура турган болсо биз Иранда көп жыл мурда барымтага алынган 52 адамдын символу катары ирандык 52 объектини бутага алабыз», деп жазды Трамп «Твиттердеги» баракчасына. Трамп ал «согуш башташ үчүн эмес, согушту токтотуш үчүн» жок кылынганын билдирди.

АКШ генерал Сулейманини Ирак жана Сириядагы согуштардын «башкы архитектору» деп эсептейт.

Ирандык генералдын сөөгү 7-январда Иранда, өзү туулуп-өскөн Керман шаарында жерге берилет. Ага чейин коштошуу иш-чаралары Мешхед жана Тегеран шаарларында өтөт.

Ирандын таасирдүү аскер башчысынын Багдадда өлтүрүлүшүнө байланыштуу дүйнөнүн бир катар мамлекеттери тынчсыздануусун билдиришти.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын операциясын «кесепети ойлонулбаган кадам» деп мүнөздөп, мындай аракет чөлкөмдөгү кырдаалды курчутуп жибере турганын эскертти.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги «эл аралык мамилелерде күч колдонууга» каршы экенин белгиледи. «Биз тиешелүү тараптарды, өзгөчө Кошмо Штаттарды чыңалууну күчөтүп жибербөө үчүн сабырдуу болууга чакырабыз», - деп айтты министрликтин расмий өкүлү Гэн Шуан.

Франциянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Аели де Монтчалин өлкө президенти Эммануэл Макрон бул боюнча чөлкөмдөгү мамлекеттердин лидерлери менен сүйлөшүүнү пландап жатканын билдирди. «Биз кооптуу дүйнөдө ойгондук», - деди RTL радиосундагы маегинде министрликтин өкүлү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG