Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 19-январь, 2020 Бишкек убактысы 00:20

Бажынын мурдагы башчысы камактан чыкты


Адамкул Жунусов Азербайжандан алынып келе жаткан учур. 28-декабрь, 2018-жыл.

Бакуда кармалып, Кыргызстанга жеткирилген Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовдун камактагы бөгөт чарасы өзгөрүп, камактан бошотулганы кабарланууда.

Бул тууралуу маалымат агенттиктери укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарына таянып кабар таратышты. Анын бөгөт чарасын өзгөртүүгө эмне негиз болгону азырынча белгисиз. Буга чейин адвокаттары анын саламаттыгына байланыштуу камактан бошотуу жөнүндө бир нече ирет сотко өтүнүч келтирип, бирок анысы четке кагылып келген. Жаңы жыл алдында аны камактан чыгарууга түрткү болгон мындай күтүүсүз чечимди айрым талдоочулар өз ара соодалашуунун жыйынтыгы катары карашууда.

Мамлекеттик бажы кызматынын бир жылдан ашуун убакыттан бери тергөө абагында отурган мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовдун бөгөт чарасын Бишкектин Октябрь райондук соту жаңы жылдын астында, 30-октябрь күнү чукул караганы белгилүү болду. Сот анын буга чейинки бөгөт чарасын жеңилдетип, камакта кармоонун ордуна шаардан эч жакка чыкпоо тууралуу тилкат алып, түрмөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алганын маалымат агенттиктери ишенимдүү булактарына таянып жазып чыгышты. Бирок муну тиешелүү сот органдары расмий түрдө бышыктай элек.

Адамкул Жунусовго 2018-жылы 18-августта «бажыда туруктуу коррупциялык байланыштарды түзгөн» деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон. Ал кезде Адамкул Жунусов тергөөгө келбей, чет өлкөгө качып кеткендигине байланыштуу ага эл аралык издөө жарыяланган. Ошол эле жылы 28-декабрда Адамкул Жунусов Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы аба майданына АКШдан учуп келгенде кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

Коррупцияга каршы кыймылдын тарапкери, талдоочу Расул Умбеталиев Адамкул Жунусовду камактан бошотууну табышмактуу жагдай катары кабыл алды:

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

- Адамкул Жунусовго коррупцияга малынганы боюнча кине коюлуп, анан ал тергөөдөн качып кетип, бирок кийин АКШдан Баку шаарына учуп келип калганда, Интерполдун жардамы менен кармалып жатпайбы. Ошондон бери абакта отурган. Сот жараяны да эмнегедир создугуп кеткен. Анан жакында андан тилкат алып түрмөдөн бошотуп жиберишкени кызык. Анткени ал кайра сыртка качып кетпейт деген кепилдик жок. Себеби буга чейин тергөөдөн качып, чет өлкөдө жашырынып жүргөн. Башка мамлекеттерде үй камагына чыгарганда чоң өлчөмдөгү акчаны күрөөгө коюшат. Бизде болсо ошондой «киттерден» ири өлчөмдө акчалай күрөө албай туруп, тилкат менен үйүнө чыгарып жиберип, анан алар андан ары качып кетип жатышпайбы. Бул жерде кандайдыр бир макулдашуу болгон сыяктуу. Аны коррупционер деген шек менен сырттан алып келип, ошончо убара болуп, кармап, анан эми кайра үй камагына чыгаруу - бул коррупция менен күрөш эмес.

Адамкул Жунусовдун иши сотко өтүп, бирок сот жараяны буга чейин улам артка жылып келген. Анын адвокаты муну Жунусовдун саламаттыгы менен байланыштырып, аны үй камагына чыгаруу жөнүндө сотко бир нече ирет өтүнүч келтирген. Бирок мындай өтүнүчтөрдү сот мурда бир нече курдай четке кагып турган.

Саясий чечимдин жыйынтыгы

Кылмыш укугу боюнча адистер Адамкул Жунусов тергөөдөн качканы жана анын чет өлкөдөн кармалган жагдайы анын бөгөт чарасын өзгөртүүгө негиз бермек эмес деген пикирде.

Юрист Кайрат Осмоналиев ошондуктан анын маселеси укуктук талаада эмес, саясий өңүттө чечилген болушу мүмкүн деп эсептейт.

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

- Ошондой болушуна кабыл алынган саясий чечим негиз болушу мүмкүн, - деди ал. - Себеби, укуктук жактан анын саламаттыгы оор болгон күндө да маселе мындай чечилбеши керек болчу. Саламаттыгын карай турган атайын комиссия түзүлөт эле. Анан ошонун берген корутундусунун негизинде гана сот чечим чыгара алмак. Бул ишти ушундай чечүү президенттин кароосунда болушу мүмкүн. Президент гана мыйзамдуулуктун кепилдиги болот. Ошондуктан ал адам жоопкерчиликтен кутулуп кете турган болсо, анда ал президенттин жеке жоопкерчилигиндеги маселе болот.

Адамкул Жунусов «2013-2016-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турганда аталган мекеменин башка кызмат адамдары менен бирге туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган» деп айыпталган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) ошол кездеги маалыматы боюнча мындай аракеттердин натыйжасында мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.

«Жаш курагы менен саламаттыгы»

Анткен менен Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаеванын айтымында, соттун чечими аны биротоло жоопкерчиликтен куткарууга жатпайт.

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

- Соттун аны тилкат аркылуу камактан бошотуу жөнүндөгү чечими аны жоопкерчиликтен бошотуп, анын эркиндикке чыгып кетишине толук кепилдик бербейт. Анын иши сотто каралып жатат. Буга сот кийин гана чекит коёт. Анан эле «коррупция менен күрөш ушуну менен үзгүлтүккө учурады» деген туура эмес. Бул жерде сот аны үй камагына чыгарууда Адамкул Жунусовдун жаш курагын жана саламаттыгынын абалын эске алган болсо керек. Бирок бул жерде үй камагы аны жоопкерчиликтен толук куткарып кете албайт. Сот болот. Ал жазасыз калып калат дегенге ишенбейм. Сотто анын айыбы далилденсе, ошого жараша чара көрүлөт.

Бул ишке байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Ниязалиев, Борбордук бажынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашев камалган. Мындан сырткары бажынын мурдагы жана кийинки 12 кызматкерине иш козголгон.

Андан мурун «Түндүк» бажы бекетинин башчысынын орун басары Элнура Мамбетжунушева башка бир коррупциялык ишке байланыштуу камакка алынган. Бирок анын иши кыскарып, жакында ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Жунусовдун сунушун колдогон премьер-министр

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев 2015-жылы Адамкул Жунусовдун сунушу менен Райымбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындаганын «Азаттыктагы» маегинде белгилеген болчу:

Темир Сариев.
Темир Сариев.

- Адамкул Жунусов мага келип, «бажы тармагынын ичинде кичине оптимизация кылып, реформа жүргүзөйүн» деди. Анан ал мага «эгер сиз колдоп берсеңиз, Матраимовду өзүмө орун басар кылып алайын дагы, ал жакка башка адамды дайындайын» деп сунуш киргизген. Анткени ал Эркечтамдан өткөн транзит боюнча көбүрөөк сөз болуп жатканын айтты. «Мына ошону көзөмөлгө алайын, ошону колдоп бериңиз» деп келген. Анан мен өкмөт башчысы катары ага ишенип, анын сунушу менен аны которуп бергемин. Бул жерде мен Мамлекеттик бажы кызматынынын ошол кездеги төрагасынын сунушун гана колдоп бердим. Мага бул боюнча Атамбаев же башка бирөө айткан эмес.

Ошол эле кезде Райымбек Матраимов видео кайрылуусунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өздөрү аны Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына көтөргөнүн белгилеп, эске салган болчу. Бирок Темир Сариев өз маегинде Райымбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына алып келгенден кийин иштин жыйынтыгы кандай болгонун чечмелеп берген эмес.

Парламентке чакыруу

Бажыдагы коррупциялык чийимдер боюнча 2018-жылы жалпысынан 15 кылмыш иши козголуп, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 450 миллион сомго барабар экени көрсөтүлгөн. Мындан сырткары «Азаттык» бажынын көмөгү менен өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарылып кеткени тууралуу иликтөөлөрүн чыгарган. Депутат Жанарбек Акаев бажынын мурдагы жана кийинки жетекчилерин парламентке чакырып, коомчулуктун астында алардан ачык жооп алууну сунуш кылган болчу:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Биз - Кыргызстандагы эң жогорку орган Жогорку Кеңеш - ушул жерде талкуулап, чечим чыгарышыбыз керек. Болбосо демилге көчөгө чыгып жатат, эртең жазда жаштар мындан он эсе көп чыгат. Аткезчиликти кан буугандай токтотушубуз керек. КамАЗдардын ар биринен 4600 доллардан алып жатышат. Аскар Акаевдин убагындагы «капчык» деген ылакап ат менен белгилүү болгон Муратбек Малабаевден баштап, азыркы Райымбек Матраимов, мурдагы төрага Адамкул Жунусов, Кубанычбек Кулматовдон баштап баарын чакыралы. Анан бул маселени ачык-айкын талкуулап, бажыдагы аткезчиликти кан буугандай токтотолу. Кыргызстанда негизинен сырттан ири товар агымы кире турган эки эле бажы бекети бар. Алар Торугарт жана Эркечтам. Эми ошол эки бекетке тиешелүү электрондук жабдууларды орнотуп, ачык-айкын кылып коё албаса, көзөмөлдөй албаса, анда өкмөт эмне кылып отурат?

Ошол эле кезде өкмөт бажы бекеттерине жана бажы терминалдарына видео көзөмөл орнотуу жана сырттан ташылган товарлардын агымын электрондук каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргенин жарыялады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (32)

XS
SM
MD
LG