Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Адамкул Жунусовду Бишкекке алып келишти


Адамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келгенде тартылган сүрөт.
Адамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келгенде тартылган сүрөт.

Мамлекеттик бажы кызматынын коррупцияга байланыштуу шек саналып жаткан мурдагы башчысы Адамкул Жунусов Кыргызстанга алып келинди.

Буга чейин Азербайжанда кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов бүгүн, 28-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга алып келинди.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискур​ кабарлады:

- Ушул жылдын декабрь айында кыргыз жараны Адамкул Жунусовду Кыргызстанга өткөрүп алуу боюнча Финансы полициясы жана Башкы прокуратура менен Интерполдун ортосунда сүйлөшүү болгон, - деди Пискур.

10-декабрда Азербайжандын соту Адамкул Жунусовду Кыргызстанга экстрадиция кылуу жөнүндө чечим чыгарган. Декабрдын башында Азербайжандын “Новая эпоха” маалымат агенттиги Жунусов Баку шаарында Гейдар Алиев атындагы аэропорттон колго түшкөнүн жазып чыккан.

Башкы прокуратура июль айында Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарына "мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон жана анын негизинде 18-августта Адамкул Жунусовго сыртынан айып коюлган.

Жунусов "2013-2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турганда аталган мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган" деп айыпталууда.

Адамкул Жунусов Мамлекеттик бажы кызматын жетектеп турган учуру. 2015-жыл, 10-июль.
Адамкул Жунусов Мамлекеттик бажы кызматын жетектеп турган учуру. 2015-жыл, 10-июль.

Финансы полициясынын маалыматына ылайык мындай аракеттердин натыйжасында мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.

Бажыдагы 166 млн. сомдук зыян тууралуу козголгон кылмыш ишинин негизинде жыл башында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Ниязалиев, Борбордук бажынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашев камалган. 4-декабрда “Түндүк” бажы бекетинин жетекчисинин орун басары Элнура Мамбетжунушева башка коррупция ишине байланыштуу камакка алынган.

Расмий маалыматка ылайык, 2017-2018-жылдары бажыдагы коррупция боюнча 15 кылмыш иши козголгон, мамлекет тарткан зыян 450 миллион сомго жеткени эсептелген.

2012-жылдан бери 100дөй кызматкерге айып коюлган, алардын жетөө ушул тармактын ардагерлери.

Финансы полициясы Адамкул Жунусовго август айынын соңунда издөө жарыялаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Бул билдирүүлөрдөн кийин Адамкул Жунусов тергөө менен кызматташуудан качып, чет өлкөдө жашынып жүргөнү айтылган. Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров анын качканын сынга алган:

​- Эгер кайсы бир маселе боюнча айып тагылса, Кыргызстандын качып кеткен аткаминерлерди чын эле күнөөлүү деп эсептейм. Аларды кармаса кармап, кармабаса сыртынан болсо да соттоп салыш керек. Күнөөсү жок адам неге качат? Түрмөдө болсо да жатып, актыгын далилдеп, соттошуу керек да. Бул биринчи жагы. Экинчи жагы – албетте, Жунусов - биздин коррупциялык системанын курмандыгы. Мамлектетик бажы кызматына кимди койбосун, ал коррупция жасайт, президенттин айтканын кылат. Башка чарасы жок. “Президенттин айтканын кылбайм, мыйзам менен иштейм” деген адамды ал жерге директор кылып алып барышпайт. Ал жерде олтурган киши президентти каржы менен камсыздап турат, майлуу-сүттүү кызмат да, кыскасы. Жаңы келген президентке өтпөсө качат же камалат. Мен билгенден Жунусов Кулматовдун адамы, ошол мурдагы бийликке иштеп берген киши. Эми кармап келишсе, сот болсун, күнөөсү болсо жазасын тартсын, ак болсо акталып чыксын.

Бажы тармагындагы коррупцияны иликтеп жүргөн журналист Семетей Талас уулу Жунусовдун ишмердүүлүгүндөгү мыйзамсыз жагдайлар тууралуу жазып чыккандардын бири. Бирок ал муну менен кошо бажыдагы башка күркүлдөргө да чара көрүлүшү керек деп эсептейт:

- Негизи бул камоо күтүлгөн эле нерсе болчу. Бирок бул жерде Адамкул Жунусов жалгыз эмес да. Ал өзүнүн жардамчылары менен кошо эл аралык топ түзүүгө жетишкен. Муну Кытайга кирип чыккан жүк ташуучу автоунаалардын саны менен эле тактап койсо болот. Биздин Мамлекеттик бажы кызматы маалымат бербесе, Кытайдан сурап ар бир автоунаа үчүн берилген визалардын саны менен кагазга түшүрүлгөн автоуналардын санын эле салыштырып койсо баары чыгат. Мисалы, айына Кытайга үч миңдей машине кирсе, ошону бөлүп келгенде күнүнө 50-60 машине Бишкек-Торугарт бажыканасы аркылуу кирип, төлөм бериши керек. Жунусовдун тушунда күнүнө канча автоунаа эсептелгенин, Кытайдын декларациясында канча жазылганын билсе эле баары ачыкка чыгат. Азыр “166 миллион сом зыян келтирди” деп атпайбы, бул айсбергдин үстү эле. Эгер ошол маалыматтар ачыкка чыкса, алар керек болсо айына ушунча сумма зыян келтирип турганы чыгып калышы мүмкүн. Экинчиден, жүк ташууда монополист болуп алган дунган фирмалары менен булардын байланышын иликтесе да толтура нерсе чыгат. Бирок Торугартты Жунусов караса, Эркечтамды Райым караган да. Ушуга окшош эле бажыда “орду” бар “Райым миллионду” эмнеге камашпайт? Ал азыр спорт клубдарын каржылап, футбол талаарына жумшап аткан миңдеген долларларын кайдан алганы эмне үчүн такталбайт? Бул кош стандарттуулук болуп калып атпайбы. Эгер бийлик башкаларын камаса, Райымды да кармап, кустурушу керек.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, “Райым миллион” каймана аты бар Райымбек Матраимовду “капчыкка” салыштырып,президент Сооронбай Жээнбеков аны калкалап жатканын билдирген. Бажычынын бир тууган агасы, депутат Искендер Матраимов иниси “Райымбек коррупцияга аралашпаганын" билдирген.

Адамкул Жунусов бажы тармагында 1995-жылдан бери иштей баштаган. 2005-жылдары Нарын бажы кызматында башчынын орун басары, Ысык-Көл бажы кызматынын жетекчиси, 2011-жылдары Борбордук бажы кызматынын башчысы болуп эмгектенген. 2013-жылдан 2016-жылдын жаз айларында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп иштеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG