Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:57

Бажыдагы коррупция: дагы бир кылмыш иши


Кыргыз бажысы.
Кыргыз бажысы.

Башкы прокуратура Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы аткаминерлерине "мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген негизде кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, тергөөдө Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасынын буйругу менен кызматкерлерге 2014-жылдын экинчи кварталы үчүн 3 303 964 сом сыйлык катары маянага мыйзамсыз кошулуп берилгени аныкталды.

Анын негизинде Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчилигине Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүлүп берилди. Бирок башкы көзөмөл органы кылмышка шектүү болуп жаткан мурдагы жетекчинин атын ачык айткан жок.

Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

- Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчилиги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны Башкы прокуратура УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы менен кошо аныктады. 2014-жылы Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасынын буйругу менен тармактын кызматкерлерине бюджеттен "сыйлыкка" деп 3 303 964 сом мыйзамсыз бөлүнүп берилген, - деди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева.

Мамлекеттик бажы кызматын ошол кезде, тактап айтканда 2013-жылдан 2016-жылдын жаз айларына чейин Адамкул Жунусов жетектеген. Андан кийин ал 2018-жылдын февраль айына чейин Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп иштеген.

Бажы тармагын жакшы билгендер Адамкул Жунусовду өлкөдөгү орто байлардын катарына кошушат. Жунусов жөнүндө Интернет айдыңында да маалыматтар аз жазылган. Өткөн айда "Дело №" гезити “Бажыдагы миллионерлер” аттуу иликтөө материалында байлардын сап башына Адамкул Жунусовду киргизип, басылма өз булактарына таянуу менен анын үйү тинтүүгө алынганын жазып чыккан. Бирок аны укук коргоо органдары тастыктаган эмес. Ал эми “Азаттык” Адамкул Жунусовдун өзү менен байланышууга болгон аракетинен майнап чыккан жок.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев - Адамкул Жунусовду жакындан тааныгандардын бири. Акматалиевдин айтымында, ага кылмыш ишинин козголушунда эч кандай саясат жок. Анткени Жунусов эч качан таасирдүү аткаминерлерден болгон эмес.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

- Турмуш көрсөткөндөй, коррупциялык иштер салык, бажы тармагында экен. Ошонун негизинде кылмыш иши козголду окшойт. Мен билгенден шайлоодо бардык бажычылардай эле КСДПга жардам берип жүргөн. Бул бажынын жетекчиси болгону менен эч нерсе чечкен жок. Кулматов өз балдарын коюп кеткен, - деди Акматалиев.

Учурда кыргыз бийлиги өлкөдө коррупцияга каршы күрөш аёосуз жүрүп жатканын байма-бай айтып, айрыкча мурунку жана азыркы аткаминерлердин чыгаша-кирешеси жакшылап текшерилерин эскертип жатат.

Экономист Эркин Абдразаков мурунку жогорку кызмат адамдарына карата кылмыш ишинин козголушу эл арасында "бийлик жемкорлук менен күрөшүп жатат" деген ишенимди жогорулатат деп эсептейт. Бирок, анын баамында, чуулгандуу иштер аягына чыкпай “кожо көрсүн” аракет болуп калбашы керек.

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

- Бажы тармагынын кароолчусуна чейин акча менен ишке кирет. Элдин ишениминен чыккан тармак. Анан ушундай тармактын кызматкерлери кармалып жатканы коомчулукка жагып турат. Буга чейин да кылмыш иштери козголгонун билебиз. Бирок аягына чыкпай калгандары болгон. Ошондой болбошу керек, - дейт Абдразаков.

Күн алыс күч органдары бажыдан миллиондорду кымырган коррупциялык схемалар аныкталганын маалымдап жатат. Жыл башынан бери эле Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук жана аймактык бөлүмдөрүнүн бир нече кызматкерине коррупция боюнча он чакты кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратура менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) козгогон иштер быйылкы жана мурдагы жылдардагы мыйзам бузулган учурларды камтыйт. Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев жана Мамлекеттик бажы кызматынын башкармалыктарынын биринин мурдагы башчысы Замирбек Ниязалиев камакка алынган.

Тасмада: Бажычы Нурбек Айбашевдин үйү

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG