Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 11:00

Бажы менен салыктагы жеңилбеген жемкорлук


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште бажы менен салык тармактарындагы киреше-чыгашаларды текшерүү боюнча демилге көтөрүлдү.

Жогорку Кеңеште 2018-жылга өлкө бюджетинин аткарылышы талкууланып жатканда "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев бажы, салык кызматтарынын жана Транспорт министрлигинин ишин текшерүүнү сунуш кылды. Ал мурда өзү жетектеп кеткен Тышкы иштер министрлиги акыркы кезде абдан катуу текшерүүлөргө туш болгонун мисал кылып, коомчулукта коррупциялашкан тармак катары айтылган мамлекеттик мекемелерди текшерүү боюнча демилге көтөрдү:

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

- Тышкы иштер министрлигин текшергендей кылып, тиешелүү органдар чогуу, комплекстүү түрдө бажы, салык кызматтарын жана Транспорт министрлигин текшериши зарыл. Анын корутундусун Интернетке илип койгулачы. "Мына, коррупция жок же бар, мындай иштер жүргүзүлүп жатат" деп ачык-айкын маалымат берилиши зарыл. Ошондо гана элде ишеним пайда болушу мүмкүн.

Казакбаевдин сунушун парламенттеги бир нече депутат колдоду. Мурдагы финансы министри, азыркы депутат Акылбек Жапаров акыркы жети жылда бажы тармагынан эле өлкө бюджетине 70 миллиард сомдой каражат түшпөй калганын айтып, бул үчүн жооптуу адамдарды жазага тартууну сунуш кылды.

Бажы жана салык тармагында коррупциялык көрүнүштөр бар экенин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да моюнга алды. Өкмөт башчы учурда абалды оңдоп, жемкорлуктун тамырын кыркууга аракет көрүлүп жатканын билдирди:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Бул тармактарда коррупция жок дебейм, ал жакта бар. Мисалы, кызматкерлер арасында бар. Мыйзамдар жол берген системалуу коррупция бар. Буларды жоюу боюнча, мисалы, салык тармагында фискалдаштыруу, маркерлөө, электрондук, онлайн-режимди, бардык операцияларды жүргүзүү боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Бажы тармагындагылар “төлөмдөрдү 39 пайызга көбөйтөбүз” деп убада беришкен. Бул катып жүргөн, туура эмес иштеп жүргөн көрүнүштөрдү ачыкка чыгарат деп ишенебиз. Мындан сырткары, Мамлекеттик бажы кызматындагы бардык кыймыл-аракетти электрондук формага алып келишибиз керек. Ушул иштерди жасасак, коррупциянын бардыгы жоюлат деген ойдомун.

Негизи Кыргызстанда бажы жана салык тармагындагы системалык коррупция боюнча көптөн бери эле маселе көтөрүлүп келет.

Буга чейин деле өкмөт фискалдык органдардагы коррупция менен күрөшүүгө убада берип, анын алгачкы жыйынтыктары көрүнө баштаганын да жарыялаган.

Быйыл жыл башында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы бажы жана салык тармагындагы жемкордук схемаларынан улам жети кишини камакка алды. Алар атайын коррупциялык схема ойлоп таап, анын кесепетинен өлкө бюджети 200 миллион сомдон ашык зыян тартканы кабарланган. Бул жаңжалдан көп өтпөй Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашев камакка алынган. Ошондой эле бажы тармагындагы мыйзамсыз иштери үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Ниязалиев, Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев камалган.

Тасмада: Бажычы Нурбек Айбашевдин үйүндөгү тинтүү

Мындан сырткары, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу жагдай да коомчулуктун талкуусуна түшкөн. Былтыр мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Матраимовду кызматтан алган соң бажы төлөмдөрү кыйла арбыганы кабарланган. Бирок Матраимов кызматтан мыйзамсыз бошотулганын билдирип сотко кайрылып, утуп алды. Райымбек Матраимовду бажы тармагындагы мыйзамсыз иштер үчүн айыптап, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир нече жолу билдирүү тараткан.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков азыркы бийликтин бажы жана салык тармагындагы аракеттеринен майнап чыгарына ишенбейт. Ал бул тармактардагы чиешелешкен жемкордуктун тамыры кыркылбай жатканын жогорку бийликтегилердин кызыкчылыгы менен байланыштырат.

Равшан Жеенбеков.
Равшан Жеенбеков.

- Бул абдан чиелешкен маселе, - деди саясатчы. - Кыргызстандагы негизги киреше салык менен бажыдан келет. Андан түшкөн каражат жалаң эле мамлекетке барбайт. Албетте, негизги бөлүгү мамлекетте калат. Бирок кайсы бир бөлүгү, жетиштүү деңгээлдеги каражат жогорку деңгээлдеги бийликте отурган адамдарга, өкмөт башчыларына, керек болсо президентке чейин, анын тегерегиндеги адамдарга бөлүнгөн учурлар болгон. Мисалы, шайлоолордо айрым жашыруун маселелер ошол жактан бөлүнгөн каражаттын эсебинен чечилет. Ар бир келген өкмөт мурдагылардыкын чукугусу келгени менен өздөрү ошол схемага отуруп калып жатат. Азыр деле ошол нерсе кайталанып жатат.

Расмий маалыматтар боюнча быйыл салыктан 82 миллиард 366 миллион сом түшөрү пландалган. Иш жүзүндө 81 миллиард 827 миллион сом чогултулган. Ал эми бажы төлөмдөрүнөн 34 миллиард 178 миллион сом топтоо тапшырылса, бажычылар 34 миллиард 279 миллион сом жыйнашкан. Башкача айтканда, Мамлекеттик салык кызматы планды аткара албаса, Мамлекттик бажы кызматы планды ашыкчасы менен аткарганын билдирүүдө.

Бирок депутат Алмамбет Шыкмаматов фискалдык органдарды “план толтурууда жалган маалыматтарды таратып жатышат” деп айыптады:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Жалпак тил менен айтканда, “10 сом салык чогултабыз” деп план түзүшөт. Жылдын аягында бул каражатты чогулта албай калып, “түзөтүү киргиздик” деп, аны 7 сомго түшүрүп коет. Анан ошол 7 сомду чогултканын “планды толугу менен аткардык” деп отчет берүүгө өттүк. Жылдын башына канча сумма планга коюлса, жылдын аягына чейин аны өзгөртпөй, ошол боюнча чечим кабыл алууга көнүшүбүз керек.

Кыргызстандагы бажы тармагындагы коррупциялык схемалар боюнча маалымат өлкө ичинде эле айтылбай, коңшу өлкөлөрдө да маселе көтөрүлгөн учурлар болгон.

Акыркы жолу 2015-жылы Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев Кыргызстандан бажы аркылуу аткезчилик жолу менен товарлар өтүп жатканын айтып чыккан. Андан соң Казакстандын күч органдары ири операция жүргүзүп, Кыргызстан жана башка өлкөлөр менен чек арадагы бажыда аткезчилик менен алектенген эл аралык кылмыш тобунун бетин ачканын жарыялаган. Операция учурунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу баштаган эки кыргыз жараны кармалган.

Коңшу өлкөнүн мамлекеттик органдары экс-депутатты “чек арадан аткезчилик менен товар ташыган уюшкан кылмыштуу топ түзгөн” деп айыптап жатат. Кыргызстан болсо Асылбек уулу баш болгон топ боюнча маалымат жок экенин билдирип келет.

Бажыдагы уурулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:45 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG