Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:03

Финполиция аныктаган төрт миллиард сом


Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат жыл башынан бери бюджетке төрт миллиард сомго жакын каражат зыян келтирилгенин аныктады.

Мекеме алты айда 700дөн ашуун факт боюнча кылмыш ишин козгогон.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 2018-жылдын алгачкы жарымында 981 мыйзам бузууну аныктаган. Материалдарды карагандан кийин мунун 715и боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми мамлекетке келтирилген чыгым төрт миллиард сомго жакындаган.

Бул маалыматтар мекеме жетекчилеринин Бишкектеги атайын басма сөз жыйынында жарыяланды. Финполициянын ыкчам башкаруу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдылдаев келтирилген чыгымдар жана аларды өндүрүү боюнча төмөнкүдөй сандарды келтирди:

Сагынбек Абдылдаев.
Сагынбек Абдылдаев.

- Жыл башынан бери каржылык мыйзам бузуудан мамлекет 3 миллиард 914 миллион сом зыян тартканы такталды. Мунун ичинен 2 миллиард 387,1 млн. сом мамлекетке кайтарылды. 2018-жылдын алты айында 344 салыктык текшерүү жүргөн, анын натыйжасында 2 млрд. 122,4 миллион сом салык төлөнбөй калганы аныкталган. Бирок анын 1 миллиард 124,7 миллион сому кайра төктүрүлдү.

Мындан сырткары, январь-июнь айларында Финансы полициясы териштирген материалдардын негизинде башка органдар 238 кылмыш ишин козгогон. Алардан канча чыгаша келгени жана канча акча өндүрүлгөнү такталган жок.

Ошентип, быйыл жылдын алгачкы жарымында козголгон кылмыш иштери былтыркыга салыштырмалуу 55ке көп экени (былтыр алгачкы алты айда 660), ал эми чыгашалар 41,9% көп экени ачыкка чыкты. Натыйжада өндүрүлгөн зыян да былтыркыдан 50% арбын экени белгилүү болду (былтыр алты айда 1 миллиард, 0,26 миллион сом өндүрүлгөн).

Солдон экинчи Эмилбек Жамгырчиев.
Солдон экинчи Эмилбек Жамгырчиев.

Мекеме жетекчилиги муну коррупция менен күрөштүн күчөгөнү жана бир топ функциялардын ага өткөрүлүп берилгени менен түшүндүрүүдө. Финполициянын жетекчисинин орун басары Эмилбек Жамгырчиев мындай дейт:

- Мыйзам бузуу эрежелеринин өзү көбөйүп жаткан жок. Аны аныктоо иштери жанданганы үчүн ал көрсөткүч көбөйдү. Буга чейин президенттин буйругунун негизинде бардык экономикалык кылмыштарды иликтөө биздин мекемеге өткөрүлүп берилген. Башкача айтканда, буга чейин козголгон кылмыш иштери жана учурда аныкталган мыйзам бузуу учурлары да бизге өткөрүлүп турат, аны биз тергейбиз. Балким ошол себептүү да кылмыштардын динамикасы өскөндөй көрүнүшү мүмкүн.

Мекеме жетекчилери буга чейин козголгон резонанстуу кылмыш иштери боюнча да маалымат берип, алардын айрымдары сотко өткөрүлгөнүнө, кээ бирлерин тергөө уланып жатканына токтолушту.

Эң чуулгандуу иш катары Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине козголгон иш тууралуу айтылып, бул боюнча иликтөө бүтө элек экендиги маалымдалды. Бажыдагы кошумча нарк салыгы жана бажы төлөмдөрүн жашыруу боюнча Башкы прокуратура менен кошо жалпысынан он чакты кылмыш иши козголгон.

Ал эми “Росинбанк” мекемеси менен алтын, жез казган “Казминералз Бозымчак” компаниясына байланыштуу козголгон иштер да иликтенип жатканы маалым болду. Финансы полициясынын өкүлдөрү мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун аты аралашкан Мамлекекеттик каттоо кызматы жана “Госзнак” аттуу ишкана боюнча ачылган кылмыш ишин тергөө Башкы прокуратурага өткөрүлүп бергенин айтышты.

Бирок жарандык активисттер каржылык кылмыштарды тескеген бул кызматтын ишин кескин сынга алып, коррупция менен күрөш солгун жүрүп жатканын айтып чыгышты. Активист Анара Дауталиева кылмыш иштерине тандалма мамиле жасалып жатат деп айтты:

- Бул кызматтын өзүнө кайра коррупционерлер кызматка келип жатат. Кадрлар тааныш-билиштик менен дайындалып жатат. Анан кантип булар өздөрү коррупция менен күрөшөт? Финансы полициясынын азыркы жетекчилиги коррупция менен күрөшүүдө эч качан биз ойлогон максатка жетпейт. Президент да, эл да жетпейт. Коррупция менен таза жана чынчыл адамдар гана күрөшө алат. Кызматтык адамдарга карата кылмыш иштерди көбүнчө Башкы прокуратура козгоп, тергөөнү Финансы полициясына берип коет. Булар болсо бир кылмыш ишин беш-алты ай иликтеп, кээде жылдап созуп жиберишет. Соңунда тергөөнүн аягына чыкпай, акыры актап жиберип жатышат. Кээ бир иштерди кыскартышат, токтотушат. Айрым иштердин актуалдуулугу да жоголуп кетип жатат. Быйыл жарым жылдык коррупция менен күрөш мени канааттандырган жок. Ошондуктан кызматтык адамдарга карата козголгон кылмыш иштерин иликтөө милдетин кайра Башкы прокуратурага бериш керек.

Жыл башынан бери аткезчилик жол менен товар ташуу боюнча 87 факты аныкталган. Алардын ичинде күйүүчү-майлоочу майды жана унду мыйзамсыз ташуу да бар.

Контрабандалык фактылардын эң чуулуусу бир апта мурдараак кармалган. Анда Кыргызстандын аймагына 112 автоунаа контрабандалык жол менен ташылып келгенин, андан мамлекет 100 млн. сом зыян тартканын аныкталган. Андан мурдараак болсо Кыргызстанга импорттолгон “DAF”, “MAN”, “IVECO”, “SCANIA” жана башка үлгүдөгү 354 жүк ташуучу автоунаа мыйзамсыз алынып келгени аныкталган. Анда автоунаалар эч кандай бажы төлөмү алынбай турган трактордун коду менен катталганы такталган. Алардын баары учурда камакка алынды.

Ага карабай бул кызматтын ачык-айкын эместиги коомчулукта кеп болуп келет. Коомдук ишмер Жылдызбек Турганов кепке кошулду:

- Финансы полициясынын коррупция менен күрөшүүсүнө мен жарандык активист катары канааттанбайм. "Акча түшүп жатат, ишти кылып жатат" дейт, кана анысы? Канча иштер каралбай, тергелбей калып кетип жатат. Аларды ким айтат? Жалпы коррупцияга каршы күрөштө жумуш көбөйүп жатат. А булар кандай иштер жүрүп жатканын ачыкташпайт. Баары жабык, ачык-айкындуулук жок. Грузияны, башка мамлекеттерди караңыз, кайсы кылмыш иши козголуп, ал кандай иликтенип жатканы тууралуу ачык маалымат берип турушат. Мамлекет тарткан зыян булар келтирген төрт миллиарддан эки-үч эсе көп, аларды ким кайтарат? Кайра ким төктүрөт? Бажы боюнча иш козгодук дейт, андан канча акча түштү? Башка фактылар боюнча эмне иштер жүрүп жатат? Айыптуулар жоопкерчиликке тартылып жатабы? Же акча алып актап жиберип жатышабы? Мына ушул суроолордун баарына жооп жок.

Турганов ошондой эле Финансы полициясындагы кадр маселесин сынга алды. Ал ошондой эле аталган кызмат президент тарабынан түзүлгөн бирдиктүү депозиттик эсепке жемкорлордон өндүрүлгөн каражаттарды төкпөй жатканын да айтты. Ал эми мекеме жетекчилиги болсо бул процесс айрым мыйзам жоболору өз ара дал келбей жаткандыктан кармалып жатканын билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтош үчүн эсеп ачууга буйрук берген. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин карамагында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Бул эсепке Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) коррупционерлерден кайтарылган каражатты топтошу керек. Акча өкмөттүн негизделген чечими менен кайра бөлүштүрүлөт. Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн акчанын жалпы суммасы бүгүнкү күндө 130 миллион сомго жакындады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG