Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:48

Жээнбеков жарандык коомдон жардам күтөт


19-июлдагы жолугушууда президент Сооронбай Жээнбеков “мен жарандык коомду коррупцияга каршы күрөштө өнөктөш катары көргүм келет” деди.

Бийлик менен жарандык коомдун ортосундагы кызматташтык, мамиле кандай болушу керек? Эки тарап демократиялык жана улуттук баалуулуктарды өнүктүрүү боюнча бири бирин уккан, түшүнгөн деңгээлине канткенде жетебиз?

“Арай көз чарай” талкуусуна “Биздин укук” коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева жана “Прогресс фонду” коомдук уюмунун жетекчиси Адил Турдукулов катышты.

“Азаттык”: Адил мырза, президент Жээнбеков менен жарандык коомдун алдыңкы өкүлдөрү жолугушкан иш-чарага катышып келдиниздер. Бул иш-чара коомдук маанилүү маселелердин башын ачкан, бийлик менен жарандык коомдун ортосунда ачык, конструктивдүү диалог болду деп айта алабызбы?

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

Адил Турдукулов: Жолугушуу абдан жакшы болду. Мурунку президент Атамбаев өз убагында жарандык коомду “чет элдик чыккынчы, агент” катары сыпаттап келген. Мурдагы мамиле менен азыркы жолугушуунун маанайы абдан айырмалуу болду. Жолугушууда негизги ой – Кыргызстандын жалпы өнүгүшү жарандык коом менен тыгыз байланышта экендиги айтылды. Жээнбековдун бул позициясы жарандык активисттерге чоң дем-күч берди десем болот.

“Азаттык”: Калича айым, бүгүнкү жолугушууда президент “мен жарандык коомду коррупцияга каршы күрөштө өнөктөш катары көргүм келет” деди. Ал өнөктөштүк кандай формада болорун президент айттыбы?

Калича Умуралиева: Биздин уюм бул жолугушууга чейин эле президенттик аппарат менен бир топ маселелер боюнча иштеп келатабыз. Коррупциялык фактылар тууралуу көп кат жазганбыз. Биз, өзүбүздүн көп кайрылууларыбызга канааттандырарлык жоопторду алганбыз. Мисалы, Жогорку Кеңештен үч окуудан өтүп кеткен эки мыйзам долбоору боюнча президентке кайрылып, көйгөйлүү жерлерин көрсөтүп, ага кол койбоого чакырдык. Натыйжада ага президент каршы пикирин билдирип, вето койду. Мындан сырткары, Республикалык көзү азиздер жана дүлөйлөр коомуна бюджеттен 34 миллион сом мыйзамсыз берилип жатканы тууралуу маселе коюп келатабыз. Бүгүнкү жолугушууда ушул жана башка маселелерди президентке ачык эле айттык. Биз муну менен бийлик менен жарандык коомдун ачык иштеп жатканынын тажрыйбасын көрсөтүп жатабыз.

Президент жарандык коом менен жолугушту
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:53 0:00

“Азаттык”: Жолугушууга катышкан адвокат Нурбек Токтакунов "президент Жээнбековдун риторикасы Бакиев менен Атамбаевдикинен айырмаланган жок" деген пикирин билдириптир...

Адил Турдукулов: Мен андай пикирге кошулбайм. Эгер Нурбек Токтакунов убагында Атамбаевге ошондой ачуу сөздөр менен атырылса, өзүнө жараша жооп алмак. Андай позициясы үчүн Токтакунов бүгүнкү жолугушууга чакырылбайт болчу. Ал азыркы учурда эки ролдо: биринчиден, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты болсо, экинчиден, жарандык коомдун өкүлү катары жолугушууга катышты, бүгүн ал прокурор да болуп кетти. Андан пайдаланып президентти жарга такаганга аракет кылды. Президент ага канааттандырарлык жооп берди.

Дегеле, президент мурдатан өзүн сындап келаткан мага окшогон жарандык активисттерди чакырып, алардын ойлорун укканы - жакшы көрүнүш, мамлекет башчысы диалогго даяр экендигин көргөздү десек болот. Менимче, коом өкүлдөрүн уга билүү бул журт лидерине тиешелүү касиеттер. 2011-жылы Атамбаев өзүн колдогон, жактаган тандамал жарандык коом өкүлдөрү менен жолуккан. Азыр такыр башка маанай, башка позиция.

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

Калича Умуралиева: Президент көп маселелерди ачык эле айтты. "Укук коргоо, күч түзүмдөрүндө татыктуу кадрлар, кесипкөй адистер жетишпей жатат, ошондуктан сиздер жардам бергиле" деди. Ошонун негизинде биз, жарандык коомдун өкүлдөрү ар кимибиз өзүбүз иштеп жаткан тармактар боюнча коррупциялык маселелердин бетип ачып, жазып, Коопсуздук кеңешине берсек болот. Бийлик андан ары текшерип, чара көрүп, өзүнүн чечимин кабыл алса болот. Мисалы, "Маевка айылында жайыт маселесинин тегерегинде иликтөө жүргүзөбүз" дегендер болду, аларды да даяр кылып бийликке берели, карашсын. Биздин жардамыбыз ушундай болушу керек.

Адил Турдукулов: Президент Жээнбеков эски бийликтен чоң жүк калганын ачык айтты. Мурдагы президент Башкы прокуратураны пайдаланып сөз эркиндигине катуу басым жасаганын, саясий куугунтуктар болгонун билебиз. Президент Жээнбековдун сөзүнөн “сөз эркиндигине, саясий атаандаштарга кысым, басым болбойт” дегенди түшүндүк. “Башкы прокуратураны өз кызыкчылыгыма колдонбойм деп убада берем" деди президент...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Жээнбеков жарандык коомдон жардам күтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:53 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG