Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Акун: Жээнбеков Текебаев ырайым сурап кайрылса карап чыгууга даяр экенин айтты


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Текебаев ырайым сурап кайрылса анын маселесин карап чыгууга даяр. Бул тууралуу 19-июлда “Азаттыкка” укук коргоочу, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.

Акун президенттин жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушуусунда камакта жаткан саясатчыларды бошотуу маселесин көтөргөнүн айтты:

- “Урматтуу президент, айкөлдүк кылыңыз, кемчилиги жок эмес, бирок алар саясий куугунтук менен камалды, булар эркиндикке чыгышы керек” деген маселе койдум. Президент “эгер ырайым сурап кайрылса мен карайт элем, бирок ал боюнча кайрылуу боло элек” дегендей сөзүн айтты. Бул Текебаевге байланыштуу. Андын тышкары мен Бектур Асанов жана башкалар бар экенин айттым. Президент соттордун ишине кийлигише албасын, бирок алар туура эмес чечим кабыл алса четте карап турбасын билдирди.

Жээнбеков 19-июлда өлкөнүн жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчысынын аппаратынын басма сөз кызматы кабарлагандай, президент жолугушуунун катышуучулары мындан ары мамлекеттик органдардын алдында турган реформаларды жана милдеттерди ишке ашыруучу жумушчу жана эксперттик топтордун иштерине тартыла турганын баса белгиледи.

Президент сот жана укук коргоо органдарын реформалоо, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоо, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, ишкерлердин укуктарын коргоо, экология проблемалары сыяктуу суроолорго жооп берди.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановка айылындагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Жогорку сот алардын өкүмүн күчүндө калтырган. (RK)

XS
SM
MD
LG