Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Текебаевдин ишинде жаңы өңүт пайда болду


Өмүрбек Текебаев сот залында.
Өмүрбек Текебаев сот залында.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге мамлекет жалдап берген адвокат Элмира Чоноевага Кыргызстандын адвокатурасы сөгүш жарыялады.

Адвокатура өз чечимин "Чоноева сотто саясатчынын таламын талашкан эмес, өз милдеттерин так аткарган эмес" деп негиздеген. Муну эми Текебаевдин башка жактоочулары ишти кайра кароого негиз түзө турган жаңы жагдай катары баалап, прокуратурага кайрылганы жатышат.

Буга чейин Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишин жаңы жагдайлар боюнча кароодон баш тарткан эле.

Прокуратурага арыз даярдалууда

Коррупцияга байланыштуу соттолгон "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайга байланыштуу кайра кароого дагы бир себеп пайда болгонун анын адвокаттары айтып чыгышты.

Буга алар Кыргызстандын адвокатурасынын этика комиссиясынын Текебаевди сотто убактылуу коргогон адвокат Элмира Чоноевага сөгүш бергенин негиз катары карашууда.

Адвокатура "мамлекет жалдап берген Чоноеванын кызматынан пайдаланыш үчүн саясатчы кайрылган эмес, ал болсо сотто Текебаевдин таламын талашпай, мыйзам бузган" деген тыянакка келген.

Мурдараак Өмүрбек Текебаев Чоноевага каршы арыз жазып, анын иш-аракеттеринде мыйзам бузуу болгону тууралуу даттанган. Комиссиянын чечиминде айыпталуучуга берилген адвокат 200 беттен турган иш менен таанышпастан, аны менен таанышууну соттон өтүнбөстөн ишине киришкени айтылат.

Камактагы саясатчынын адвокаттары адвокатуранын дал ушул чечими Өмүрбек Текебаевге карата соттук процесстердин мыйзам бузуу менен жүргөнүн ырастайт, буга байланыштуу ишти кайра кароого негиз бар деп эсептешет.

Текебаевдин адвокаттарынын бири Таалайгүл Токтакунова учурда бул жагдай боюнча Башкы прокуратурага арыз даярдалып жатканын "Азаттыкка" билдирди:

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

- Комиссия "Чоноеванын сотко катышканы мыйзамга туура келбейт" деген чечимге келип, ага сөгүш жарыялап жатат. Бирок биз үчүн бул эмнени тастыктайт? Эгерде адвокаттын сотко катышканы мыйзамсыз деп табылса, анда чыгарылган өкүмдүн өзү да мыйзамсыз деген сөз. Бул дагы бир ачылган жаңы жагдай болуп эсептелет.

Элмира Чоноева болсо адвокатуранын чыгарган чечими тууралуу "Азаттыкка" комментарий берүүнү каалаган жок.

Чоноева Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотонов боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жараян жүрүп жаткан учурда ишке катыша баштаган. Ал убакта Текебаев өзү жалдаган адвокаттар саламаттыгына байланыштуу жараянга катыша албай жаткан эле. Мындай учурда айыптоо Текебаевге "мамлекет тарабынан жалданды" деп Элмира Чоноеваны сотко катыштырып, жараян улантылган.

Өмүрбек Текебаев мамлекеттик жактоочу иштин материалдары менен тааныш эмес экенин, күч менен таңууланып жатканын айтып каршы чыккан. Жыйынтыкта залдагылар кайым айтыша кетип, судья Текебаев менен Чотоновду баш ийбегенине байланыштуу залдан чыгарган эле.

Дал ушундай эле көрүнүш шаардык сотто кайталанып, чечим чыгарган учурда жалгыз Чоноева адвокат катары катышкан болчу.

Бишкек шаардык соту.
Бишкек шаардык соту.

Текебаевдин адвокаттары ушул жагдайларды жана адвокатуранын Элмира Чоноева боюнча чечимин эске алуу менен Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча карашы керек деп эсептешет. Бирок адвокатуранын бул чечими камактагы оппозициячыл саясатчынын ишин бузууга канчалык негиз боло алат деген суроо турат.

Мыйзамга ылайык, адвокатура - адвокаттардын кесиптик деңгээлин жогоруулатуу жана кызыкчылыгын коргоо жаатында иш алып барган кесиптик жамаат. Ал мамлекеттик органдардын катарына кирбейт. Бирок өлкөдө иш алып барган жактоочулар адвокатуранын чыгарган чечимдерине баш ийип, айрым этикалык маселелер дал ушул уюмдун алкагында чечилет.

"Мындай учурлар көп болот"

Адвокат Икрамидин Айткуловдун айтымында, адвокатуранын этикалык комиссиясынын Чоноевага сөгүш бериши Текебаевдин ишин жаңы жагдай боюнча кайра кароого негиз боло албайт:

Икрамидин Айткулов.
Икрамидин Айткулов.

- Менин пикиримде, бул жаңы ачылган жагдай болуп саналбайт. Мыйзамда жаңы ачылган жагдайга негиз болчу учурлар көрсөтүлгөн. Ал эми адвокаттын кайсы бир эрежени бузуу менен катышуусу ишти кайрадан кароого жетиштүү негиз болуп эсептелбейт. Бирок мыйзамсыз катышканы үчүн адвокатка кылмыш иши ачылып, ал күнөөлүү деп табылып, ал чечим күчүнө кирсе гана аны жаңы жагдай же жаңыдан ачылган жагдай деп эсептөөгө мүмкүн болот эле.

Ал эми мурдагы юстиция министри, учурда адвокаттык иш жүргүзгөн Мукар Чолпонбаев бул кырдаалды кылдат иликтеп чыгуу зарыл экенин белгилейт:

- Мыйзам бузуу ар кандай: процессуалдык жана материалдык нормаларды бузуу деген болот. Эгерде материалдык нормаларды бузуу болсо ал жаңы ачылган жагдай болуп эсептелбейт. Процессуалдык нормалар бузулган болсо ал жаңы ачылган жагдай болуп эсептелбейт, бирок анда соттун чечими мыйзамсыз болуп саналат. Ушул нерсе маанилүү. Ошондуктан адвокаттын ордун так аныкташ керек.

Чолпонбаев ошондой эле тергөө органдары акыркы убакта өзүнө жакын адвокаттарды ишке катыштыруу менен айыпталуучуларды өз таламын коргоого жетишерлик мүмкүнчүлүк бербеген учурлар арбын экенин кошумчалады:

Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

- Биздин мыйзамдарда "эгерде башка адвокат алууга башка мүмкүнчүлүгү болбосо, мамлекет тарабынан кезметчи адвокат берилет" деп айтылат. Бирок тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор тескерисинче башка адвокаттарды ишке катыштырбаш үчүн өздөрүнө жакын "дежур жактоочуларды" чакырып коюшат. Бизде ушундан жабыр тарткан айыпталуучулар көп.

Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары буга чейин да жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти бузууну өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылышкан. Алар Текебаевди "Мегаком" чырына байланыштуу айыпка жыгып, "миллион доллар пара алган" деп көрсөтмө берген чет өлкөлүк жарандар Алексей Модин менен Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрү чындыкка дал келбей тургандыгын тастыктаган документтер бар экенин жүйө келтиришкен. Бирок Башкы прокуратура "адвокаттар көрсөткөн жагдайлар соттун жүрүшүндө каралган" деген негизде ишти кайра кароодон баш тарткан эле.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG