Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Исаковдун жактоочусу УКМКны айыптады


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

"Камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери опузалап жатат" деген маалыматты атайын кызмат четке какты.

Нурбек Токтакунов - мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты. Анын айтымында, кардары экөөнүн 16-июлдагы жолугушуусунда Исаков УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине туш болуп жатканын айтып берген.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

​Токтакуновдун сөзүнө караганда, 13-июлда тергөөчү Кубаныч Сабыровдун иш бөлмөсүндө атайын кызматтын Илим аттуу кызматкери Исаковго адвокат Токтакунов менен иштешүүдөн баш тартууну сунуш кылган.

- Эгер андай болбосо Сапар Исаковго карата ""Викиликс" сайтында жарыяланды" деген маалыматтар боюнча кылмыш иши козголорун айтып, коркуткан. Исаков мындай сунуштан баш тартып, мага бул маалыматты коомчулукка жарыялоону тапшырды, - деди Токтакунов.

Жактоочу мындан ары да бул иш тууралуу коомчулукту кабардар кылып турарын кошумчалады.

Ал эми УКМК "Нурбек Токтакуновдун айткандары чындыкка коошпойт" деп билдирди. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, Исаковдун иши мыйзам чегинде тергелүүдө жана ага эч кандай басым, мыйзамсыз сунуш болгон жок.

- Адвокат Токтакуновдун акыркы билдирүүсү карандай калп. Токтакуновдун бул билдирүүсүн кезектеги жеңил пиар аракети катары баалайбыз.

Нурбек Токтакунов Кыргызстанда адам укуктарына, анын ичинде саясий укуктарга байланышкан чуулгандуу иштерде жактоочу болуп жүргөнү белгилүү. Ушундан улам “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Токтакуновдун айткандарын чын деп эсептейт. Укук коргоочу атайын кызматты "саясий буйруктарды аткаруучу орган болуп калды" деп сындады.

- Нурбек Токтакунов - белгилүү адвокат. Ал киши айтып жаткандан кийин УКМК маалымат бөлүмү аркылуу билдирүү жасап койбошу керек. Ошол күнү тергөөчү кирди беле, тергөөчүнүн аты сыяктуу фактылар менен айтышы керек. Бул иш коомдук көзөмөлдө болушу керек. Азыр УКМКнын тергөө изоляторунда күндүр-түндүр эмне кылып жатат - билбейбиз, ачыктыгы жок. Саясий жана коррупцияга малынган, көзөмөлсүз институт болуп калды.

Ал эми жарандык активист Адил Турдукулов атайын кызмат менен адвокаттын кайчы пикирлерин эки тараптын бири-бирине карата маалыматтык чабуулу катары баалады:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Бир жактуу так айтыш кыйын. Менин оюмча Нурбек Токтакунов УКМКга элдин ишеними жок экенинен пайдаланып ушул нерсени жасап жатат окшойт. Ал эми УКМКдан маалымат ала албайбыз, анткени жабык орган. Ал эми ""Викиликстен” алып кылмыш ишин козгойбуз" дегени күлкү келтирээрлик нерсе, анткени ал жерде кылмышка тете эч нерсе жок. Аны баары билет болуш керек. Ал эми чыныгы жактоочу антип айтпайт.

2017-жылдын август айында, Сапар Исаковдун өкмөт башчылыкка дайындалаары белгилүү болуп калган кезде ал жөнүндө “Сапар Исаков деген ким?” ("Кто такой Сапар Исаков?") деп аталган, орус тилиндеги 10 мүнөттүк тасма Интернетке тараган. Анда Исаков "ар кандай долбоорлордон акча кымырган" деп айыпталып, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин убагында АКШнын бийлик өкүлдөрү менен тымызын иштешкени "Викиликс” сайтында бар экени айтылат. Бирок, Сапар Исаков “Новые лица” гезити менен болгон маегинде жогоруда айтылгандардын баарын төгүндөгөн.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айып коюлган Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына 5-июнда камакка алынган эле. Исаков өзү жана анын тарапташтары муну саясий куугунтук деп баалап жатышат.

Сапар Исаков камакка алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00
​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG