Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Абакта ооруган аткаминерлер


Абактагы саясатчылар.
Абактагы саясатчылар.

Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланыштуу камакка алынган мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дарылануу боюнча өтүнүчүн билдирди.

Ушул эле иш менен камалган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев абактан ооруканага которулуп, ага операция жасалары айтылууда. Ал ортодо Бишкектин мурдагы мэри, коррупцияга шектүү катары абакта отурган Кубанычбек Кулматовду колдоп Беларустун, Украинанын, Молдованын бажы кызматтарынын мурдагы башчылары кыргыз президентине жана парламентке кайрылышты. Ал эми УКМКнын качып кеткен эл өкүлү Аскарбек Шадиевди издөөдөн майнап чыга элек.

Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев абактан ооруканага которулганы 10-июнда белгилүү болгон. Ал дарыланып жаткан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборунун директору Айнагүл Жумагулова эл өкүлү жүрөгү кармап ооруканага түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, Артыкбаевге операция жасалар-жасалбасы толук текшерүүнүн жыйынтыгында белгилүү болот.

- Анын бир канча оорусу бар. Ошондуктан кечээ консилиум өткөрдүк. Азыр толук программа менен текшерүүдөн өтүп жатат. Анын жүрөк оорусу бар, бизге да жүрөгү кармап келген. Ишемия деп жатабыз. Жүрөктүн тамырларын текшериш керек. Анткени кан басымы көтөрүлүп, жүрөктүн согушунун ритми бузулуп калган.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматына караганда, Артыкбаев ооруканага июлдун башында эле которулган.

Мындан сырткары, ден соолугуна байланыштуу текшерүүдөн өтүшү зарыл экенин мурдагы премьер-министр, Бишкек ЖЭБине байланыштуу камалган Жантөрө Сатыбалдиев да билдирген. Бул тууралуу аны менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан жолугуп чыккан Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов "Азаттыкка" кабарлады.

Нурдин Сулайманов.
Нурдин Сулайманов.

- Мен июлдун башында УКМКнын тергөө абагына барганда эле Артыкбаев жок эле, кардиологияда болчу. Жантөрө Сатыбалдиевден башка абакта отургандар ден соолугуна байланыштуу арызданышкан жок. Сатыбалдиев "дарылансам жакшы болот эле, жылда дарыланчумун, 2013-жылы инфаркт болгом, жыл сайын текшерүүдөн өтчүмүн" дейт. Бир-эки күн мурда аны УКМКнын кызматкерлери УЗИге алып барган жатышкан. "Ооруканага которулабы-жокпу, ошонун жыйынтыгына карап чечилет" дешкен.

Буга чейин "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиевдин ден соолугу начарлаганы тууралуу маалымат тараган. Анын адвокаты Бактыбек Жумашев Калиевдин ден соолугуна байланыштуу эч нерсе айта албай турганын билдирди. УКМКнын өкүлү абактагы мамлекеттик кызматкерлер дарыгердин көзөмөлүндө болуп жатканын айтты:

- Азыр маселе жараткан жагдайлар жок. Бизде дарыгерлер бар. Алар дайыма карап турушат.

Ал ортодо коррупцияга шектүү катары камакка алынган Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду колдоп Беларустун, Украинанын, Молдованын бажы кызматтарынын мурдагы башчылары (Александр Шпилевский, Анатолий Макаренко, Виорел Мельник) Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңешке кайрылышты. Алар Кулматовду "улуттук жана эл аралык деңгээлде Кыргызстандын кызыкчылыгын татыктуу жана жогорку кесипкөйлүк менен коргогон кызматкер" деп баалап, "анын кылмышка аралашуусу мүмкүн эмес" деген таризде билдирүү жасашкан. Ошону менен катар бул иштин акыйкат тергелиши үчүн аны президент өз көзөмөлүнө алышын өтүнүшкөн.

Ал эми Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев бул кайрылуу тергөөдө эске алынышы керек деп эсептейт:

Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

- Кулматовдун ден соолугу жакшы. Шаардык жана Жогорку сотто отурум болуп, тилекке каршы Кулматов мыйзамсыз жана негизсиз абакта отурат. Ошондуктан биз президентке жана Жогорку соттун төрайымына кайрылуу даярдап жатабыз. Бул кайрылуу маалыматтык мүнөздө болот. Сот адилеттиги туура эмес, үзүл-кесил жана Кулматовго карата бир жактуу иштеп жатканын көрсөткүбүз келип жатат.

Атайын кызмат Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы он аткаминерди камакка алган. Алардын катарында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов, мурдагы энергетика министри, парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев, "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев бар. Алар Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Кылмышка шектүү жана күбө катары дагы бир катар саясатчылар сурак берип жатышат.

Юрист жана саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев кылмыш кылгандар жазасын тартышы керек деп эсептейт:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

- Түрмө деген курорт эмес. Мындай нерсе эч кимдин башына келбесин, бирок мыйзам бузулгандан кийин ушундай болуп, ооруп калып жатышпайбы. Аларды адам катары түшүнсө болот. Бирок мыйзам бузуп, ошол убакта коррупциялык иштерге аралашкандан кийин жооп бериши керек. Алардын баары акыл-эстүү адамдар, жаш балдар эмес. Убагында мыйзам бузбай, тигиндей ишке барбаш керек болчу. Баргандан кийин башы менен жооп бериши керек. Экинчиден, Кыргызстанда андай жерде төрт-беш киши эле отурган жок. Менин билишимче 10 миңден ашуун киши абакта отурат. Ошонун көпчүлүгү оорулуу. Ошону да эске алыш керек.

Мындан сырткары, УКМКнын өлкөдөн чыгып кеткен Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевди издөөсүнөн майнап чыга элек. Шадиев алгач "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", кийин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү", "Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу же адалдоо" беренелери боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгон. Атайын кызмат анын качып кеткенин бир айдан кийин гана расмий билдирип, издөө жарыялаган.

Издөө жарыяланганы менен аны алып келүү мүмкүн эмес экенин Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирүүдө:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Мыйзам боюнча Шадиевге издөө салынган. Анын Америка Кошмо Штаттарында экенин укук коргоо органдары аныктаган. Бирок Америка менен андай келишим жок, алар издөөдө жүргөн адамдарды бербейт. Шадиевди убагында качырбаш керек болчу, күч органдарынын шалаакылыгынан улам качып кеткен.

Издөө иштери кандай жүрүп жатканы туурасында УКМК жана Башкы прокуратура маалымат беришкен жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG