Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:20

Тендер чуусу: "Гознакты" ким сүрөгөн?


Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматында өткөн тендердеги мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков "тендерден уткан компаниянын кызыкчылыгын сүрөгөн" деп шек саналууда. Экс-премьер-министрдин жактоочуларынын айтымында, Исаковго бул боюнча айыбы угузула элек.

"Бланк чыгаруудагы былык иш"

Мамлекеттик каттоо кызматындагы сатып алуу аракетиндеги мыйзам бузуу фактысын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) аныктаган. Тергөөнүн маалыматтарына караганда, өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (Мамкаттоо) 2017-жылдын август айында туулгандыгы тууралуу жана нике тууралуу күбөлүктөрдү даярдоо боюнча тендер жарыялаган. Ага “Гознак” аттуу ишканадан сунуш түшүп, бирок талаптарга жооп бербегени үчүн сунуш четке кагылган.

Натыйжада ошол эле жылдын сентябрь айында экинчи жолу сынак жарыяланып, ага үч фирмадан билдирүү келип түшкөн. Анда “Учкун” ачык акционердик коому 17,8 млн. сом, “Казакстандын улуттук банкынын банкноттук фабрикасы” аттуу ишкана 26,2 млн. сом, ал эми сынакка дагы бир жолу катышкан “Гознак” фирмасы 45 млн. сом сунуш кылган. Бирок экинчи айлампада да ишканалар талапка жооп бербегени үчүн алардын сунуштары четке кагылган. Буга карабай ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругунун негизинде күбөлүктөр үчүн бланктарды даярдоо “Гознак” жоопкерчилиги чектелген коомуна тапшырылган.

Финансы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур буларга токтолду:

- Белгилей кетчү жагдай - тендерге келген сунуштамаларды ачуу 2017-жылдын 23-октябрына белгиленген. Бирок 2017-жылдын 18-октябрь күнү Мамлекеттик каттоо кызматына тендерде “Г.” жоопкерчилиги чектелген коомун жеңүүчү кылып табуу боюнча премьер-министрден буйрук түшкөн. Анын натыйжасында башка компаниялардын сунуштары четке кагылган. Ошентип, өкмөттүн буйругунун негизинде күбөлүктөрдү даярдоо тендерде эң чоң сумма - 45 млн. сом сунуш кылган “Г.” аттуу фирмага ыйгарылып калган, - деди Пискур.

Финполиция чогулткан материалдардын негизинде Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 306-беренеси (“Мамлекеттик сатып алууну өлкөнүн кызыкчылыгына каршы жүргүзүү”) менен кылмыш ишин козгогон. Учурда ишти тергөө УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Факты боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы комментарий берген жок. Ал эми бул кызматты ошо кезде жетектеген, учурда президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеп жаткан Дастан Догоев жогорудагы факты болгонун ырастап, кыскачы түшүндүрмө менен чектелди:

Дастан Догоев.
Дастан Догоев.

- Ооба, болгон. Мен жетекчи болгон кезде орун алганын да четке какпайм. Бирок менин ага түздөн-түз тиешем жок. Ким тиешелүү экенин, мыйзам бузуу болгонбу, болгон эмеспи - аны тергөө аныктап, анан сот чечим кабыл алышы керек. Ошондуктан мен аны азыр далилдеп же кошумча комментарий бере албайм.

Буга чейин ЖЭБ ишине байланыштуу айыпталып камалган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында, экс-премьерге бул иш боюнча айыбы угузула элек:

- Азырынча маалыматты Финполициядан же УКМКдан алып тургула. Анткени ишти ошолор коюп атпайбы. Азырынча Исаковго эч кандай айып угузган жок.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнь күнү кармалып, камакка алынган. Ага "борборду оңдоого жумшалган 386 млн. доллар кытай насыясын максатсыз пайдаланган" деген айып коюлуп, Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгон. Учурда УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан Исаков өзүнө козголгон кылмыш ишин “чектен чыгуу” катары баалаганы белгилүү.

“Гознак” деген эмне ишкана?

“Гознак” жоопкерчилиги чектелген коому - мурдагы “Континент принт” деп аталган ишкананын алкагында түзүлгөн мекеме. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге тиешелүү экени айтылган “Континент принт” 2010-жылкы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылып, 65% акциясы мамлекетке өткөрүлгөн. Учурда бул активди өкмөттүн атынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тескейт. Бирок ишкананы калган акцияларга ээлик кылган Олег Подобедов, анын аялы Наталья Давиденко жана кайнатасы Генадий Давиденко башкарышат. Алардын өзүнөн соңку факты боюнча түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Ишкана мурда да ушул сыяктуу эле иштер менен аты чыгып келген. Укук коргоочу, жарандык активист Анара Дауталиева бул маалыматтарды берди:

- “Континент принт” мурдатан эле өтө чырлуу фирма катары белгилүү. Убактылуу өкмөттүн декрети аркылуу “Континент принт” ишканасы жоюлуп, “Гознак” ЖЧКсы түзүлүш керек эле. Бирок жанаша түрдө “Континент принт” ишканасы деле иш алып барып келатат. Алар өздөрү "кара тизмеде" болгону үчүн “Гознактын” атынан тендерлерге катышат. Бир эле мисал: 2009-жылы Билим берүү министрлигинде 85 млн. сомдук тендерди утуп алып, "китеп чыгарып берем" деп, чыгарбай коюшкан. Кийин алар боюнча жасалма документтерди жасап, эптеп кутулуп кетишкен. Кечээки эле шайлоодо бюллетень чыгарышып, анысы да ката болуп, аягы чырга жеткен. Сапар Исаков премьер болуп турганда да ал фирма “китептерди чыгаруу, бланктарды чыгаруу боюнча бизде гана стандартка ылайык жабдуу бар” деп бардык министрликтерге кат жөнөткөн. Сыягы бул фирманы жогорку бийликтеги кишилерден бирөөлөр “калкалап” жүрүшкөн.

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков мурда “Учкун” басмаканасын жетектеген киши катары “Континент принт” жана “Гознак” ишканасынан кабары бар экен:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Максим Бакиевге тиешелүү “Континент принт” ишканасы Билим берүү министрлигине "китеп чыгарып берем" деп, 80 млн. сомдон ашык акчаны иштетип, бирок ишти аткарбай койгондон кийин улутташтырылган. Бирок афералык жолдор менен, өкмөт 65% акцияга ээ болсо да директорлук кызматты ала алган эмес. Кийин алар “Гознак” деп кайра түзүлүп алып, өкмөттөгү чоң адамдарга кирип жүрүштү. Ошентип жатып Сапар Исаковду көндүрүп алышкан окшойт. Анан соңунда жеке компаниянын кызыкчылыгын коргоп, “ошого бергиле” деп буйрук чыгаруу - бул, чынын айтыш керек, мыйзамсыз иш болгон. Менин оюмча муну куугунтук катары карабаш керек, бул жерде чынында эле Сапар Жумакадыровичтин күнөөсү бар. Кыйыр эмес, түздөн-түз тиешеси бар.

Катар-катар кылмыш ишин козгообу?

Буга чейин болсо Бишкектеги Улуттук тарых музейин оңдоого жумшалган акча, Чолпон-Атадагы ипподромду куруудагы каражаттын иштетилиши боюнча да козголгон кылмыш иштеринде Сапар Исаковдун аты аталып келген. Бирок ага түздөн-түз айып коюла элек.

Жаңы козголгон кылмыш иши жана ага Сапар Исаковдун байланышы туурасында КСДП партиясы конкреттүү билдирүү жасаган жок. Бирок партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева Исаковго карата таратылган маалыматтарды “жалган жана атайылап каралоо” деп атап жүргөн. Бул жолу сөз болуп жаткан маселе боюнча Жолдубаева тергөө иштеринен кийин гана кенен комментарий берилерин билдирди:

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

"Акыркы айларда КСДПнын төрагасы жана экс-президент Алмазбек Атамбаев менен байланышкан адамдардын ишмердүүлүгүнө жасалма түрдө тескери баа берилип жатканын байкап жатабыз. Мындан сырткары, тергөө иштеринде күч кызматтары тандалма мамиле кылып жатканына күбө болуудабыз. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жана башка укук коргоо органдарынын мындай тандалма ыкмасы коррупция менен күрөшүү идеясынын өзүн жокко чыгарат”, - деди КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева.

Сапар Исаковго айып тагылган ЖЭБ иши боюнча Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов жана мурдагы энергетика министри, азыркы депутат Осмонбек Артыкбаев камакка алынган. Аларга ар башка фактылар боюнча кине коюлганы менен, үчөөнө тең Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылган. Буга байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаев билдирүү таратып, муну “Бажы кызматынын "көмүскө кардиналы" катары белгилүү "Раим миллиондун" (Раим Матраимов, Бажы кызматынын мурдагы жетекчисинин орун басары) бийликтеги досторунун, колдоочуларынун өч алуусу” катары сыпаттаган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG