Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:15

Бажыда "жоголгон" акча


Мамлекеттик бажы кызматы.
Мамлекеттик бажы кызматы.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өз интервьюсунда бажы жыйымдары уурдалып, өлкө казынасы миллиарддаган акчаны жоготуп жатканын айтты.

Быйыл он айда бажы төлөмдөрүнөн бюджетке 34,3 млрд. сом түшкөн. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда, бул өткөн жылдын ушул маалына караганда 23% көп. Анткен менен экс-президент Алмазбек Атамбаев өз интервьюсунда бажы жыйымдары уурдалып, өлкө казынасы миллиондогон каражатты жоготуп жатканын айткан. Ошол эле кезде орусиялык "Regnum" маалымат агенттиги соңку 20 жылда Кыргызстан менен Кытайдын бажы статистикасындагы айырма 50 млрд. долларга жеткенин жазды.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген интервьюсунда өзү мамлекетти башкарып турган жылдары бажыдан 3 эсе көп каражат топтолгонун билдирди. Ал бул үчүн азыр абакта отурган Бишкектин экс-мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун эмгегин жогору баалады. Өз сөзүндө Атамбаев бажы жыйымдары азыр уурдалып, өлкө казынасы миллиарддаган каражатты жоготуп жатканын айтты:

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

- Кубанычбек Кулматов болсо бажы тармагын Райымдын (Райымбек Матраимов – ред.) адамдарынан тазалай баштаганы үчүн камалды. Ал бир эле Райымдын эмес, Жээнбековдун да адамдары болгонун билген эмес. Аларды тазалагандан кийин Ош бажысында бир күндө эле бажы төлөмдөрү 10 эсе көбөйгөнү эсиңиздердеби? Бул чоң акча да. Паспорт же мектептин курулушу үчүн эмес, мына ушул үчүн камады аны. Бирок азыр чындыгында супер уурулар отурат да, ошол эле бажыда. Бюджет мындан миллиардаган каражатты жоготуп жатат, дагы жоготот. Мен президент болуп, өкмөттү башкарып турган үч жылда Кубанычбек Кулматов бажыдагы топтомдорду үч эсе көбөйткөн.

Өкмөт Мамлекеттик бажы кызматына быйыл жалпысынан 43,5 миллиард сомдой акча чогултууну тапшырган. Мекеме он айда 34,3 млрд. сом топтоду жана бул былтыркы жылдын ушул маалына караганда 6,5 млрд. сомго көп. Ошону менен катар аталган кызмат өзүнүн расмий сайтына 2015-жылдан бери бажы төлөмдөрүнөн түшкөн каражат тууралуу маалыматты жайгаштырды. Ага ылайык, бажыдан түшкөн каражаттар жыл сайын көбөйүп жүрүп отурган. Мисалы, 2015-жылы ал 20,8 млрд. сомду түзсө, 2016-жылы бажыдан 29,3 млрд., 2017-жылы 34,2 млрд. сом топтолгон.

Орусиянын мамлекеттик эмес "Regnum" маалымат агенттиги бажыдагы аткезчилик же Кытайдан, Түркиядан жана АКШдан Кыргызстанга ташылган товарлар туурасында макаласын жарыялады. Анда белгиленгендей, Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы соңку 20 жылда Кытайдан жалпы суммасы 11,64 млрд. долларлык товар келгенин белгилесе, Кытай Кыргызстанга 61, 667 млрд. долларлык товар жөнөткөнүн көрсөткөн. Ортодогу айырма 50 млрд. долларды түзүп жатат.

Түркия - Кыргызстандын ири соода өнөктөштөрүнүн бири. Кыргызстандын бажы статистикасына ылайык, соңку 20 жылда импорттун көлөмү 1,129 млрд. долларды түзгөн. Түркия аны дээрлик 3 млрд. долларга жакын деп көрсөткөн. Ортодогу айырма 1,839 млд. долларды түзүп жатат.

Былтыр октябрдагы кыргыз-казак чек арасындагы кризис учурунда, Евразия өкмөт аралык кеңешинин Еревандагы жыйынында Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүү статистикасы кескин айырмаланарын, кыргыз тарап бажы көрсөткүчтөрүн азайтып жатканын айтып чыккан. Жыйында аткезчилик товарлардын айынан ЕАЭБ миллиард доллар экономикалык зыян тартып жатканы тууралуу кеп козголгон. Ошол кезде Кыргызстан импорттогу айырма Казакстанда да бар экенин билдирген эле.

Эгизбаевдин иликтөөсү: Бажыдагы уурулук

Бажыдагы уурулук
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:29:45 0:00

Мамлекеттик бажы кызматынын байкоочу кеңешинин төрагасы Алтынбек Баялиев Кыргызстанда план толтуруш үчүн ишкерлерди алдын-ала төлөтүү тажрыйбасы бар экенин белгилеп жатат. Ал экспорт-импорт түшүп, соода начарлаган учурда бажы төлөмдөрү да түшүп кетерин айтып берди:

- Кулматов көп жылдан бери ошол системада иштеп, планды толтуруунун жолун билет. Барып бизнеске “алдын-ала төлөп койгула, кийинки жылы кыскартып беребиз” деп жалдырай беришет. Айла жок макул болосуң, фискалдык орган болгондон кийин. “Жакшы көрүнөм” деп Кулматов планканы атайын көтөрүп коюп, эми эки жетекчи кыйналып жатат. Ал эми “коррупцияга каршы жумуш жүргүзгөндөн кийин ушунчага көбөйдү” деген туура эмес, бул жомок. Эч андай эмес.

Быйыл майда Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимов кызматтан кеткенден кийин Ош бажысындагы төлөмдөр он эсе көбөйгөнүн, мурда алар күнүнө 1,5-2 миллион сом болсо, учурда 15 миллион сомго жеткенин айткан. Камалаарда журналисттердин суроолоруна берген жообунда ал бажы жыйымдарын чогултуу планын 50 миллиард сомго чейин жеткирүүгө мүмкүн экенин айткан.

Кыргызстанда бажы коррупциялашкан тармак катары айтылып жүрөт. Алтынбек Баялиев казынага түшпөй калган акча тууралуу айтып берди:

- Бажыда коррупциялык схемалар абдан көп. Мен билгенден эле бешөө бар. Коррупциялык, бирок мыйзамды бузбай турган жолдорун билип алышкан. Эң чоң проблема - бул машиненин ичинде кандай товар бар экенин көрсөтүшпөйт. Документ боюнча бир эле позициядагы товар болсо, чындыгында анда 10 түрлүү товар болушу мүмкүн. Ошондо да бажы төлөмү эң аз болгон товарды көрсөтүп коюп жатышпайбы. Ошондон миллиардаган айырма берет.

Тасмада: Бажычы Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү жүргүзүлдү

Быйыл жазында бажы кызматкерлери 30 миллион сомдук товарды аткезчилик жол менен Кыргызстанга киргизип жибергени аныкталган. Алар бажы төлөмдөрүн азыраак төлөш үчүн башка аталыштагы товардын атынан кирип жаткан. Анда Кытайдан келген товарлар документте "термос" деп белгиленип, текшерүүдө ал 11 200 чөнтөк телефону жана кийим-кече экени белгилүү болгон.

Мындай көрүнүштөрдүн алдын алыш үчүн чек араларга, бажы бекеттеринде адам факторун азайтып, сканерлерди орнотуу зарыл экендиги айтылып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттеги Бюджет жана финансы бюонча комитеттин мурдагы төрагасы Таабалды Тиллаев ошол убакта бюджетке бажыдан түшкөн каражаттардын көп болгон себебин түшүндүрдү:

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

- Жылдын башында мен комитеттин төрөгасы болуп тургам. Алгачкы эки айда бажыдан бюджетке өтө көп акча түшкөн. Ошол убакта Казакстан менен Кытайдын чек арасы убактылуу жабылган, Кыргызстан аркылуу өткөндөр көп болгон. Экинчиден, ошол кезде Өзбекстан менен чек ара ачылып, күнүмдүк товарларды алууда ажиотаж жаралган. Ошонун эсебинен күнүмдүк төлөмдөр 10-20 эсе көбөйгөн. Кийинки айларда бажы төлөмдөрү мурунку калыбына түшкөн. Ал эми Кытай, Түркия менен статистикадагы чоң айырма боюнча - анда транзиттик товарлар да эске алынып калган. Орусияга кеткен товарлардын көбү биз аркылуу кетип жатат. Ачыгын айтканда бизде бажы төлөмдөрү кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу арзан. Ошондуктан Орусия да Кыргызстанга түшүрүп, анан алып кетип жатат.

Мурдагы депутат, саясатчы Равшан Жээнбеков саясий системаны түзүп жаткан, мамлекеттик башкаруу моделинин башында турган адамдарды күнөөлөдү:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- Мамлекеттин кирешеси бажы менен салыктан болгондон кийин албетте, негизги каражат ошол жактан келет. Коррупциянын негизги бөлүгү да ошол жакта болуп жатат. Мамлекеттеги саясий системаны, мамлекеттеги укук коргоо органдарын, ошол эле бажыны, салыкты көзөмөлдөгөн биринчи кезекте президенттер. Президенттер кызматка коёт жана алат. Ошондой эле укук коргоо органдары бажыны текшергенге, эгер мыйзам бузуу болуп жатса камаганга толук мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан бир да президент, ошонун ичинде Атамбаев да бажыдагы кайсы бир адамды күнөөлөбөй, биринчи кезекте өзүн күнөөлөшү керек.

Азырынча бажы жыйымдарындагы статистикалык айырмачылыктар боюнча жарыяланган маалыматтарга, экс-президенттин бажыдагы коррупцияга байланышкан дооматтарына кыргыз бийлиги, анын ичинде Мамлекеттик бажы кызматы жооп бере элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG