Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Бажыдагы «байкатпаган» кадрдык жүрүштөр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыр кармалып, камакка алынганы жарыяланган «Түндүк-Чыгыш» бажы бекетинин башчысынын орун басары Элнура Мамбетжунушова Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына көтөрүлдү.

Элнура Мамбетжунушова бажы төлөмдөрү төлөнгөнү тууралуу документтерди жасалмалаганы боюнча кылмыш иши козголгону айтылган болчу. Финансы полициясы ага кылмыш иши козголгону расмий ырасталбаганын билдирди.

Саясий чөйрөдө мындай кадрдык дайындоолорду коррупцияга каршы бирдиктүү саясаттын жоктугу жана кадрдык саясаттагы ырааттуулуктун бузулган белгиси катары сынга алынды.

Бажыдагы тымызын дайындоолор

Маалымат агенттиктери жакында былтыр кылмыш иши козголгон «Түндүк-Чыгыш» бажы бекетинин башчысынын орун басары Элнура Мамбетжунушова быйыл октябрь айында премьер-министрдин буйругу менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалганын жазып чыгышты.

Төраганын дагы бир орун басарлыгына «Манас» бажысынын мурдагы башчысы Замирбек Карашев дайындалган. Бирок премьер-министрдин бул дайындоолору тууралуу өкмөттүн интернет-порталына жарыяланган эмес. Анткен менен Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппараты Элнура Мамбетжунушова төраганын орун басарлыгына дайындалганын ырастады.

Мекеменин басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов Элнура Мамбетжунушованын төраганын орун басарлыгына дайындалганы туурасында комментарий бере албай турганын айтты:

- Бул боюнча биз комментарий бере албайбыз. Ал иштин эмне менен бүткөнүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) эле билбесе... Менимче, ал иш далилденбесе керек. Ошон үчүн ушундай дайындоо болду го. Болбосо, андай киши төраганын орун басарлыгына дайындалбайт эле да.

2018-жылы 4-декабрда жергиликтүү маалымат агенттиктери Финансы полициясындагы булактарына таянып, Мамлекеттик бажы кызматынын «Түндүк-Чыгыш» бажы бекетинин башчысынын орун басары Элнура Мамбетжунушова жана мекеменин статистика бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Умукеева кармалганын жазып чыгышкан. Анда алар бажы төлөмдөрү тууралуу жасалма документтерди даярдоо фактысынын негизинде кармалганы кабарланган. Ага чейин Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов, борбордук бажыкананын мурдагы башчысы Нурбек Айбашев жана мекеменин башкармалыгынын башчысы Замирбек Ниязалиев кармалган.

Финполиция кармоо фактысын ырастабайт

Финансы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур жогорудагы бажычыларга кылмыш иши козголгонун ырастап, бирок былтыр алардан кийин Элнура Мамбетжунушованын кармалганы тууралуу маалыматты тастыктаган жок:

- Биз ал адамдын кармалганы тууралуу маалымат берген эмеспиз. Анткени мен бажыдан аял кишилердин кармалганы тууралуу маалымат берген эмесмин. Мен Нурбек Айбашевдин кармалганы, анын үйүндө тинтүү жүргөнү жана Адамкул Жунусовдун Бакудан кармалганы тууралуу гана маалыматтарды бергем. Ал эми Мамбетжунушованын кармалганы тууралуу менде маалымат болгон эмес. Сиз карап көрсөңүз, биз керек болсо, аны эч тастыктаган эмеспиз. Мен бул аял боюнча тактап көрөйүн, макулбу?

Премьер-министрдин буйругу менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалган Элнура Мамбетжунушованын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Анын кабылдамасына эртең менен эле чала баштадык эле, бирок анын катчысы Мамбетжунушова байланыша албай турганын, жыйын өткөрүп, колу бошобой жатканын айтып жооп берди.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев аталган кадрдык дайындоо маселеси тактоону талап кыларын айтып, бул боюнча кийинчереек маалымат бериле турганын билдирди.

Ал эми президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси, саясатчы Эмилбек Каптагаев өкмөттүн аппараты былтыр кармалганы тууралуу аты-жөнү коомчулукка чыккан адамдын жетекчилик кызматка дайындалышы боюнча түшүндүрмө бериши керек деп эсептейт. Ал буга окшогон көрүнүштөрдү коррупцияга каршы күрөштөгү жана кадр саясатындагы калпыстык катары кабыл алды:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

- Жалпы жонунан алганда, президент жарыялаган коррупцияга каршы күрөштү өкмөт баш болуп, ага тиешелүү бийлик органдары, сот, прокуратура органдары колунан келишинче дискредитация кылып жатышат. «Мына, кармадык» деп чурулдап, видео тасмаларын көргөзүп, Интернетке коюп, маалымат беришет. Анан кийин эле канча бир убакыт өткөн соң кармаган адамдары эркиндикте жүргөн болот. Болбосо өкмөт азыр «биз былтыр жаңылып, жөн жерден кармап алыппыз, кечирим сурайбыз» деп айтып, элге түшүндүрүп туруп анан ал адамды жаңы жетекчилик орунга дайындашы керек эле да? Мына ушунун өзү мамлекетте коррупцияга каршы күрөш боюнча бирдиктүү саясаттын жоктугун жана ырааттуу кадрдык саясат болбой жатканын билдирет. Ошондуктан элде бийликке ишеним жок болуп жатат.

Саясат талдоочулар кылмыш иши козголгон же соттолгон адамдар бошоп кетип, айрымдары тескерисинче кызматынан көтөрүлгөн учурларды мисал келтирип жүрүшөт. Алардын бири катары Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов былтыр пара менен кармалып, 12,5 жылга соттолгон болчу. Кийин Бишкек шаардык соту ал өкүмдү бузуп, ага 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен Алмаматовду боштондукка чыгарган. Жакында Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата Бишкек шаардык сотунун өкүмүнө карата кассациялык арыз менен кайрылган. Бирок ал убакта Алмаматов өлкөдө жок болуп, кийин гана ага издөө жарыяланган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG