Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Матраимовдордун иши жана 647 млн. доллар


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Финполиция «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады. Анда Кыргызстандан 647 млн. доллар чыгарылып кеткенин тактады. Ысмайыл Матраимов атындагы фондго 1,4 млн доллар сырттан которулганын билдирди.

«Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи»

Финполдун алдын-ала маалыматы

Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун башка миллиондору

Миллиондорго Матраимовдордун байланышы

Миллиондорго Таировдордун байланышы

Миллиондорго Атамбаевдин байланышы

Финпол эмнени тактай элек?

Президенттин тапшырмасы аткарыла элек

«Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи». Ток этери

29-майда «Азаттык» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда ынанымдуу булактар 2011-2017-жылдары өлкөдөн 700 млн. доллардын тегерегинде акча чыгарылганын билдиргени баяндалат. Бул сумманын 250 млн. долларга жакынынын документи «Азаттыктын» колуна тийген. Документтер Айеркен Саймаити аттуу Кытайдын жараны, ал теңшерик ээлик кылган «Абдыраз» ЖЧКсы жана Саймаитинин аялы Вуфули Бумаилиаму Оштогу банктар аркылуу ондон ашуун чет өлкөгө акча которушканын көрсөтүүдө.

«Азаттык» Кадамжайдагы «Абдыраз» ээлик кылган базарга барган. Ноогардан-Атуш аттуу ал базардын эки гана өтмөгү иштеп, соода солгун экени, арзан кездемелерди сатары белгилүү болгон. Базар ээси Назия Турдалиева ачылгандан берки жалпы соодасы 16,5 млн. долларга гана тете болгонун билдирген.

Жүз миллиондогон доллар негизинен чет өлкөлөрдөгү «AKA» компаниялар тобуна (анын ичинде Германиядагы «АКА Петролеум», «АКА Иммобилиен») жана алардын артында турган Хабибула Абдукадыр, анын жакындары Айбибула Нуермаймайти, Айбибула Паливанмухаймайти, Айбибула Йамаймайтиге которулган.

«Азаттык» иликтөөсүндө жана иликтөө жарыялангандан кийин да акча которулган тараптар менен Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, анын бир туугандары депутат Искендер Матраимов менен Руслан Матраимовдун, Финполдун жетекчиси Бакир Таировдун, Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин байланыштары бар экенин баяндаган.

Адегенде Финполдун 9-июлдагы жыйынтыгына кыскача токтололу.

Финполдун алдын-ала маалыматы

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат – Финполиция «Азаттыктын» иликтөөсү чыккандан кийин тергөө тобу түзүлгөнүн билдирген. «Азаттык» колундагы банктык документтердин бир бөлүгүн Финполицияга өткөрүп берип, кызматташып жатат.

Мекеменин басма сөз кызматы баштапкы жыйынтыкты 9-июлда жарыялады. Анда «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылгандай Кыргызстандан жүз миллиондогон доллар сыртка чыгарылып кеткенин негизинен ырастады. Сумма менен убакытты гана башкача көрсөтүүдө.

Тагыраагы, Финпол 2010-2019-жылдары «Абдыраз» ЖЧКсы жана Saimaiti Aierken менен Wufuli Bumailiyamu деп, өздөрүн жеке ишкер катары каттаткандардын банк эсептери аркылуу жалпы 646 миллион 879 миң 649 доллар чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн деп билдирди.

Финполиция каражаттар 11 банктык эсептен Түркия, Кытай, БАЭ, Германия, Латвия, Орусия, Казакстан, Англия, Нидерланды, Швейцария, АКШ, Панама мамлекеттерине, Британ-Виржин аралдарына жана Белизге которулганын тактап жатат.

Финпол бул каражаттар сыртка которулуп жатканда максаты текстил жана курулуш материалдарын, тетиктерди, тамак-аш азыктарын алуу үчүн деп көрсөткөнүн билдирүүдө. Бул фактылар боюнча салыктык текшерүүлөр белгиленгени кошумчаланат.

Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун башка миллиондору

Ошол эле маалда 9-июлда Финпол коомчулукка мурда белгилүү болбогон дагы бир маалыматты жарыялады. Анда Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун эсебине 2014-2019-жылдары 1 млн. 439 миң 348 АКШ доллары жана 221 миң 600 сом салынганын билдирүүдө. Финпол бул суммаларды которгон адамдардын аты-жөнүн толук ачыкка чыгарган жок. Бул каражат Түркиядан, БАЭден, Өзбекстандан жана Орусиядан которулганы көрсөтүлгөн:

«Ж.М.» 10 000 доллар;

«М.Ч.» 10 000 доллар;

«W.B.» Стамбулдан 199 958 доллар;

«D.A.» Стамбулдан 170 588 доллар;

«S.C.K.G.» Стамбулдан 139 965 доллар;

«A.G.T.F.» Бириккен Араб Эмираттарынан 159 965 доллар;

«A.A.» Өзбекстандан 499 950 доллар;

«R.J.» Стамбулдан 199 760 доллар;

«P.O.» Москвадан 49 162 доллар;

«М.Р.» 221 600 сом.

Булардын арасында Вуфули Бумаилиаму, тактап айтканда Кыргызстандан миллиондорду чыгарып кеткендердин бирөө жана Саймаитинин аялы Матраимовдордун фондуна 199 миң 958 доллар 20 цент которгон деп жатат.

Ал эми «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Саймаити менен Бумаилиаму «2 338 700 доллар которгону ырасталган жок» деп билдирүүдө. Бирок «Азаттыктын» колунда Финполдун фондго которулган акча тууралуу маалыматы толук эмес экенин ырастаган документтер бар.

Ал документтер кезектеги иликтөөдө көрсөтүлөт.

«Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийинки 5-каналда өткөрүлгөн талкууда Искендер Матраимов фондго «кайрымдуулук» үчүн чет өлкөдөн акча которулганын билдирген. Анда коомдук ишмер Эдил Байсалов бийликте турган Матраимовдорго четтен акча келишин коррупция катары мүнөздөгөн. Искендер Матраимов акча которгон донорлордун аты-жөнүн, Кыргызстандагы кызыкчылыктарын атоодон баш тарткан.

Миллиондорго Матраимовдордун байланышы

1. Кыргызстандан чет өлкөлөргө 647 млн. долларды которгон Саймаити жана анын аялы Бумаилиаму Түркиядан Матраимовдордун фондуна акча салган.

2. Кыргызстандан акчанын бир бөлүгү Германияда катталган «АКА Иммобилиен» компаниясына которулган. «АКА Иммобилиен» 2017-жылдын 15-декабрына чейин Кыргызстандагы «Автостолица» ЖЧКсына ээлик кылып келген. Андан кийин «Автостолица» кайра каттоодон өтүп, бул ирет ага Канатбек Маматов менен Минавар Жумаева ээлик кылып калышты. Минавар Жумаева – Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун аялы. «Автостолицанын» Бишкектин Жибек Жолу 381 дарегинде 25 сотых жери бар. Ал жерде «Эльдорадо» соода комплекси жайгашкан.

3. «Тарим Транс» (Абу-Сахий) карго компаниясы Кытайдан Өзбекстанга товар ташыйт. Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири - «Абу-Сахий Синьцзян» компаниясы. Миллиондордун бир бөлүгү ушул компанияга которулган. «Тарим Транстын» мамлекетке төлөмдөрүн Сыдыков Нурманбет Жалалидинович да төлөп турганы budget.okmot.kg сайтында көрсөтүлгөн. «Фактчек» сайты Нурманбет Сыдыков – Райымбек Матраимовдун бир тууган эжеси Чынара Матраимованын уулу экенин жазып чыкты.

Мындан тышкары «Азаттыктагы» маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов «Тарим Транс» Кыргызстан аркылуу жүк ташуучу монополист компанияга айланганын, аны Райымбек Матраимов калкалап турарын айтып берген.

«Тарим Транстын» директору Нурбек Керимбеков «компанияны Матраимовдор калкалайт» деген маалыматты четке кагууда. Бирок ал Руслан Матраимов менен тааныш жана мамилелеш экенин ырастаган.

Миллиондорго Таировдордун байланышы

Бакир Таиров.
Бакир Таиров.

Кыргызстандан миллиондор «АКА Петролеум» деген компанияга да которулган. «АКА Петролеум», «Бизниснур» жана Искендер Таиров - үч тарап «Терек-сай жаштары» аттуу ЖЧК түзүшкөн. «Терек-сай жаштары» Чаткалдагы Кассан кенин иштетүү укугун 2014-жылы 4,5 млн. долларга сатып алган. Искендер Таиров Финполициянын жетекчиси Бакир Таировдун бир тууган иниси болгон. 2016-жылы анын көзү өткөндө компаниядагы үлүшүнө аялы Чолпон Элмуратова ээлик кылып калды. «Терек-сай жаштарын» башкы «финполчунун» күйөө баласы Токтосун Туманбаев башкарат. Мына ушундай байланышка карабай, Бакир Таиров «Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондор тууралуу Финпол акыйкат иликтөө жүргүзөт» деп билдирген.

«Эч кандай кызыкчылыктар кагылышы болбойт. Убакыт көрсөтөт, менде принцип бар. Мыйзам чегинде баарын так аткарып беребиз», - деген эле Таиров 18-июндагы маегинде.

Миллиондорго Атамбаевдин байланышы

Жогоруда сөз болгон, «Терек-Сай жаштарынын» директору - Токтосун Туманбаев. Анын компаниясы тендердик документтер боюнча «Хуасинь» деген компанияга атаандаш. Тактап айтканда эки тарап тең башка бир Терек-Сай сурьма кенин иштетүү укугун талашып, «Хуасинь» утуп алган. Бирок Туманбаев иш жүзүндө «Хуасиндин» мамлекетке төкчү төлөмдөрүн төлөп жүргөн.

Экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин караштырган депутаттык комиссия Туманбаев менен Атамбаевдин байланышын ушул жерден көрүүдө. Туманбаев өзү андай байланышты четке кагууда:

«Текшерип көрүшсүн. Мага да чалып жатышат. «Каякка чакырбагыла, барып жооп берем» деп жатам. Ошол убакта Искендер агам (кайнагасы - ред.) өтүнгөндө төлөп койгом. 274 сом төлөгөм. Кийин кайра каттоо учурунда 1,5 млн. сом бонус төлөгөм. Ал жерде лицензия алгандар көп. Бири-бири менен тааныш, Чаткалда айыл өкмөт тез-тез чакырып турат. Ошол жерде тааныш болуп, анан чыгат экен да».

Жогоруда сөз болгон «Хуасинь» компаниясына 2016-жылдын 14-январынан бери Субихи Пархати жана дагы бир кытайлык Чжай Хунвей аттуу киши ээлик кылат. Пархати 2017-жылдын 27-октябрында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү илимий өндүрүштүк «Форум» ЖЧКсына да теңшерик негиздөөчү болуп калат. Бирок 2018-жылдын 18-апрелинде «Форум» кайра каттоодон өтүп, эми жападан-жалгыз Субихи Пархатиге тиешелүү болуп калды. Депутаттык комиссия Пархати «Форумду» Атамбаевден 54 млн. сомго сатып алганын тактаганын билдирүүдө. Комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев мындайча чечмелеген:

«2017-жыл үчүн Атамбаевдин декларациясында (Субихи) Пархатиден 54 млн. сом өлчөмүндө киреше чагылдырылгандыгы, башкача айтканда Пархати Атамбаевден «Форум» ЖЧКсын сатып алгандыгы көрсөтүлгөн. Бул боюнча өтө талаш-тартыш болду. Себеби, декларация маселеси өтө оор кылмышка кирбейт. Бирок биздин юристтер бир нече жолу далилдеп беришти. Түпкүлүгүндө бул чүмбөттөлгөн (афиллированный). Ушул үч-төрт фирманы, «АКА Инвест», «Терек-Сай жаштары», «Хуасиндин» чүмбөтүн алып салсак чыныгы адамы көрүнөт. Себеби Кыргызстанда 26 жашында Пархати деген адам миллионер болуптур. Биз ал баланы да чакырып көрөлү. Шектенүүгө негиз бар».

Башкы прокуратура депутаттык комиссиянын беш, анын ичинде «АКА Инвест» боюнча да бүтүмүн негиздүү деп тапты. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов:

«Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, ЖЭБге көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деп шек саноого кылмыштын белгилери бар», - деген эле 25-июнда.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Ал эми Алмазбек Атамбаев өз жүйөсүн мындай деп айтты:

«""АКА Инвест", "АКА холдингге" лицензия алып бериптир" дешет. «АКА холдингдин» башчысы Хабибула Абдукадырды мага Сооронбай өзү тааныштырган, 2017-жылы».

Атамбаев Хабибула Абдукадыр - Субихи Пархатинин «шефи» деп билдирүүдө. Документте «Форум» ишканасындагы өнөктөшү болуп келгенине карабай Пархатини бир да көрбөгөнүн айтып жатат.

Атамбаевдин билдирүүсү боюнча президент Сооронбай Жээнбеков өзү же президенттик аппарат өз жүйөсүн айта элек.

Ал эми Субихи Пархати изделип жатканын башкы прокурор билдирген.

Финпол эмнени тактай элек?

Журналисттерде Финпол же башка тескөөчү мамлекеттик кызматтарда бар ыйгарым укуктар жок.

«Азаттык» биринчи иликтөөсүндө: «Жүз миллиондоп сыртка которулган акча кимдики? Ал каражаттар кандай жол менен табылган?» деп суроо койгон. Мына ушул негизги суроолорго Финполдун иликтөөсүн 9-июлдагы жыйынтыгында жооп айтылган жок. Аталган кызмат миллиондорду алган тарап «АКА» компаниялар тобу, анын артында турган Абибулла Абдукадыр жана ага жакын кишилердин ким экенин да тактаган эмес.

Президенттин тапшырмасы аткарыла элек

Азырынча Финпол «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү материалдар боюнча гана баштапкы бүтүмүн чыгарды.

2018-жылдын декабрында президент Сооронбай Жээнбеков Райымбек Матраимовдун мүлк-байлыгын, анын келип чыгуу себептерин текшерүүнү ушул кызматка тапшырган. Бакир Таиров 18-июндагы «Азаттыктагы» маегинде «ушул жуманын ичинде жыйынтыктайбыз» деген эле. Бирок алигиче жыйынтык маалымат жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG