Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Шайлоого камылга: экс-спикерлердин сунушу


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Мурдагы спикерлер шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизиш үчүн азыркы төрага Дастан Жумабековго жана депутат Асылбек Жээнбековго сунуштарын беришти.

Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүүдө эрежелерди аныктаган мыйзамдар топтому ушул жылдын август айында күчүнө кирген.

Кыргызстандын президентин, Жогорку Кеңешин, жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Ош шаары менен Бишкек шаарынын макамы боюнча жалпысынан жети мыйзамга өзгөртүүлөрдү камтыган топтомду президентке караштуу жумушчу топ депутаттар менен бирге иштеп чыккан.

Ошол эле учурда президент кол койгон мыйзамдарга буга чейин бир катар депутаттар сунуш кылган, шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүү, коррупция үчүн соттолгондордун бир нече жылга талапкер болушуна тыюу салуу сыяктуу ченемдер кирген эмес.

Спикерлер кеңешинин мүчөсү, парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев алардын сунушунда дал ушул 9% босого камтылганын айтты:

Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

- Биздин мыйзам долбоорун сунуш кылууга укугубуз жок. Ошондуктан аларга «ушул маселелерди камтып, мыйзам жазып, парламентке киргизсеңер туура болот эле» дедик. Өзгөчө шайлоодо партияларга коюлган 9% бөгөт боюнча талаш-тартыштар болду. Аны колдогондор өлкөдө туруктуулук болушу үчүн парламентте эки-үч гана партия болушу керек экенин айтышты. «Эгер андан бир эле партия өтсө эмне кыласыңар? Анда Баш мыйзамды бузуп 120 мандатты бир эле партияга берип каласыңарбы?» деп сурадык. «Же маселен бир партия 85% добуш алса, анда бир эле партия 65 орунду ээлеп калабы? Же 9% алган бир-эки эле партия өтсө, анда калган шайлоочулар парламентте өкүлсүз калабы, алардын укугу эмне болот?» деген суроолор коюлду. Мындан башка да маселелер боюнча сунуштар айтылды.

Чолпонбаев бул жөнүндө даяр мыйзам долбоорун иштеп чыгыш үчүн экс-спикерлер кеңешинен тиешелүү адамдар дайындалганын белгиледи. Алар сунушун төрага Дастанбек Жумабеков менен Асылбек Жээнбековго тапшырган. Мындай кадамды экс-төрөга колдо болгон мүмкүнчүлүктү пайдалануу менен максатты ишке ашыруу аракети катары түшүндүрдү:

- Асылбек Жээнбеков учурда депутат болгону үчүн кайрылдык. «Колдоп бер» деп жатабыз. Анан биз менен сүйлөшүп, макулдашкандан кийин таасири болот го деп ойлойбуз. Негизи биз сунуш кылып аткан мыйзамдын көп деле таасири жок. Биз жалпысынан партиялык тизмеге каршыбыз. Бирок булар күчтүү болуп турган кезде алардын эрежеси менен ойнойлу деп чечтик. Талаптарыбызды ошон үчүн коюп атабыз.

Дагы бир экс-спикер Ишенбай Кадырбеков мурдагы төрөгалар сунушун президентке жеткирүү аракетин көрө турганын айтты:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

- Президенттин "жумушчу топ түзүп, шайлоо мыйзамдарын кайра карап көрсөкпү” деген ой-пикири бар экенин уктук. Эгер чындап, ошондой болсо бизден да өкүл шайлап ошол жакка жиберели деп жатабыз. Мындан тышкары президенттин өзүнө да кайрылуу жасайлы деген ниетибиз бар. Эгер көңүлүнө алса жакшы, көңүлүнө албаса, анда Кыргызстандагы саясий абал курчуп кетиши мүмкүн.

Жогорку Кеңешинин экс-спикерлеринен куралган кеңештин жаңы отуруму 5-октябрда өткөн. 12 адам катышкан жыйында шайлоодон башка өлкөдөгү саясий кырдаал, чек арадагы абал да талкууланган. ​

Анткен менен мурдагы төрагалардын бул аракетин сындагандар да арбын.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова спикерлер кеңешинин Асылбек Жээнбековго кайрылганын саясий тактика катары баалады.

- Асылбек Жээнбековдун парламентте салмактуу орду бар. Ошондуктан ал маселени чечүүдө эң ыңгайлуу талапкер. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн парламентте таасири бар, колунан келет деп Асылбек Жээнбековго тапшырса, анда сунуш бат өтөт. Башка депутаттарга тапшырса, алардын сөзү өтпөй калышы мүмкүн. Ошондуктан бул сунуш Асылбек Жээнбековго берилди деп эсептейм.

Ал эми коомдук активист Гүлжигит Исаков болсо мурдагы төрөгаларды «саясий эркин өз убагында көргөзгөн эмес» деп сынга алды:

Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

- Кайсы төрөга болбосун, бийликтин камчысын чаап эле келе жатпайбы. Кыйын болсо анда өздөрү кызматта отурган кезде азыркы айтып жаткандарын аткарышпайт беле. Азыр эл арасында саясий салмагын жоготуп алганы үчүн эле чогулуп жатышат. Аларга тигил же бул ишти аткарууга көмөктөшө алат деп ишенүү кыйын. Болгону бир аз үмүт бар. Ал өздөрү кетирген катаны азыркы төрөга кайталабашы үчүн кеп-кеңештерди берет деп гана ишенсе болот. Ал эми мыйзам долбооруна сунуштар жана башка маселелерди алардын популистик кадамы деп айтсак болот.

Парламенттин мурдагы төрагалары быйыл март айында атайын кеңеш түзүшкөн. Кеңештин төрагасы болуп Медеткан Шеримкулов, ал эми аткаруу комитеттин катчылыгына Акматбек Келдибеков дайындалган.

Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Мукар Чолпонбаев, Алмамбет Матубраимов, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков, Асылбек Жээнбеков жана Исхак Масалиев мүчө болгон спикерлердин кеңеши 4-июлда өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал боюнча да билдирүү тараткан.

Алар билдирүүдө мурдагы президен Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы саясий абал коомчулукта тынчсыздануу жаратып жатканын, анын башкы себептеринин бири коррупцияга каршы күрөш экенин айтышкан.

Кайрылууда экономика, кадр саясаты, коррупцияга каршы күрөш, чек ара жана башка тармакта көп иштер жүрүшү керектиги, жалпы элдик референдум аркылуу президенттик же парламенттик башкаруу формасын аныктап алып, андан кийин конституциялык реформаны баштоо зарыл экендиги айтылган.

Эл жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн чындап иштөө мезгили келгени кошумчаланып, бул билдирүү аркылуу бардык жарандарды провакация, жалган маалымат, убадаларга ишенбөөгө, кырдаалды туура түшүнүүгө, бөлүнбөөгө чакырык ташталган. Мыйзам алдында баары бирдей экени жана ар ким кылган иши үчүн жооп бериши керек экендиги жазылган.

Мурдагы спикерлер кетирилген каталарды бирге оңдоп, укуктук-демократиялык коом курууга да үндөп келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG