Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Чүйдө кайыр сурап күн көргөн 49 бала аныкталды


Милиция кызматкерлери “Кайырчы” рейдин өткөрүп жаткан учуру. Чүй, Кыргызстан.
Милиция кызматкерлери “Кайырчы” рейдин өткөрүп жаткан учуру. Чүй, Кыргызстан.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери соңку бир апта ичинде “Кайырчы” рейдин өткөрүп, көчөдө калган балдарды аныктоого аракет кылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат бөлүмү кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, жашы жете элек тогуз бала кайырчылык менен алектенип жүргөнү такталды. Алардын бирөө социалдык борборго жайгаштырылып, бешөө каттоого алынды. Ички иштер министрлигине караштуу эреже бузган балдарды тарбиялоо борборуна үч өспүрүм жөнөтүлдү.

Ал эми кароосуз калган, оор турмуштук шартта жашаган, үйү болсо да кайыр сураган, үй-бүлөсү жетишсиз 40 бала такталды. Мындан сырткары "дайынсыз жоголду" деп эсептелип жүргөн бир бала табылды. Алар боюнча административдик протоколдор толтурулуп, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка органдарга жүздөй билдирүү жөнөтүлдү.

“Кайырчы” рейдине 360 милиция кызматкери жана башка органдын 61 өкүлү тартылган. Алар базар, авто жана темир жол бекеттерин, компьютердик клубдарды, жертөлөлөрдү кыдырып чыгышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG