Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:49

Иран аскер көсөмүн жоготту


Касем Сулеймани.
Касем Сулеймани.

Ирандын жогорку бийлиги генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн АКШдан өч аларын жарыялады. Генералдын өлтүрүлүшү АКШ менен Ирандын ортосундагы тирешти күчөттү.

Ирандын таасирдүү аскер башчысынын Багдадда өлтүрүлүшүнө байланыштуу дүйнөнүн бир катар мамлекеттери тынчсыздануусун билдиришти. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын операциясын "кесепети ойлонулбаган кадам" деп мүнөздөп, мындай аракет чөлкөмдөгү кырдаалды курчутуп жибере турганын эскертти.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги "эл аралык мамилелерде күч колдонууга" каршы экенин билдирди. "Биз тиешелүү тараптарды, өзгөчө Кошмо Штаттарды чыңалууну күчөтүп жибербөө үчүн сабырдуу болууга чакырабыз", - деп айтты министрликтин расмий өкүлү Гэн Шуан.

Франциянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Аели де Монтчалин АКШ менен Ирандын ортосунда чыңалуу күчөп жатканына токтолду. "Биз кооптуу дүйнөдө ойгондук", - деди ал RTL радиосуна курган маегинде.
Министрликтин өкүлү француз президенти Эммануэл Макрон чөлкөмдөгү мамлекеттердин лидерлери менен сүйлөшүүнү пландап жатканын кошумчалады.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Грециядагы сапарын токтотуп, өз өлкөсүнө кайтты. Расмий Тель-Авив генерал Сулеймани жетектеген «Кудс» элиталык аскердик бөлүгү Израилге каршы түйүндүн башында турат деп эсептейт.

Эл аралык чыр-чатактарга байкоо салган эксперттер ирандык аскер командиринин өлүмү Жакынкы Чыгыштагы согуш отуна май чачышы мүмкүн экенин эскерте башташты.

Мындан бир күн мурда Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп Багдаддагы америкалык элчиликтин имаратына кол салууга Ирандын бийлигин айыптаган. Тегеран бул дооматты четке кагып, АКШнын Ирактагы элчилигине кол салууну уюштурууга Ирандын тиешеси жок экенин билдирген.

Вашингтон - Тегеран ортосунда кайым айтышуу басыла электе Пентагон Ирактын аэропортуна абадан сокку урду.

Бул чабуулдан кийин каза болгондордун арасында ирандык генерал Касем Сулейманинин жана Ирандын бийлигини колдогон "Катаиб Хезболланын" башчысынын сөөгү табылды.

АКШнын учагынын чабуулунан кийин күйүп жаткан машине. 3-январь, 2020-жыл.
АКШнын учагынын чабуулунан кийин күйүп жаткан машине. 3-январь, 2020-жыл.

Ирандын жогорку лидери Аятолла Хаменеи таасирдүү командир Сулейманини өлтүргөндөрдү "кылмышкер" деп атап, аларга "жооп кайтарыла турганын" эскертти.

Ал АКШнын соңку кадамы иран элин Вашингтондун саясатына каршы турууга "эки эсе шыктандырарын" жума күнү жарыялаган билдирүүсүндө баса белгиледи.

- Ал шейит кетти. Кудай аны акыркы жылдары кылган ишмердүүлүгү үчүн сыйлады. Ал кудайдын эрки менен кетти. Бирок анын жолу, анын иши уланат. Аны өлтүргөн кылмышкерлерди катаал жаза күтөт. Кир колун анын канына боёгондордон өч алабыз!, - деп жазды Аятолла Хаменеи.

Сулейманинин өлүмүнө байланыштуу Тегеран өлкөдө үч күндүк аза күтүү күнүн жарыялады.

Сулеймани өлтүрүлгөн түнү АКШ президенти Дональд Трамп "Твиттердеги" баракчасына өз өлкөсүнүн байрагынын сүрөтүн илди.

Ага удаа Пентагон Сулеймани президент Трамптын буйругу менен өлтүрүлгөнүн жарыялады. АКШнын армиясы бул операция "коргонуу" максатында уюштурулганын, Сулеймани Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү кызыкчылыктарына сокку урууга камылга көрүп жүргөнүн билдирди.

"Washington Post" гезити «АКШ абадан чабуул койгондо учурда Сулеймани Багдаддагы аэропортто машинада отурган. АКШ бул чабуулду учкучсуз учактар менен жасаган» деп жазды.

Ирандагы "Ислам революциясын коргоо корпусу" «генерал тик учактын чабуулунан каза болгонун» жарыялады.

Генерал Сулеймани Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүнүн командири болгон. Бул уюм чет өлкөлөрдө жашыруун аскердик операцияларды уюштуруу менен алектенет. Ал акыркы 20 жылда Жакынкы Чыгыштагы таасирдүү оюнчу болгон. Генерал Ирак жана Сириядагы согуштардын "башкы архитектору" деп саналчу.

Орусиянын президенти Путинди Сириядагы согушка аралашууга дал ушул генерал көндүргөнү айтылып жүрөт. 62 жаштагы Сулеймани согуштук иштер боюнча Ирандын бейформал тышкы иштер министри, Ирандагы эң таасирдүү экинчи киши катары саналчу. Жакынкы Чыгышта аны жек көргөндөр да, ага кудайындай сыйынгандар да көп эле.

Кандай болгон күндө да Жакынкы Чыгыштагы согуштардын негизги оюнчусу көз жумганы ар тараптан ырасталып жатат.

Бирок Ирандын башкы аскер көсөмүнүн өлтүрүшү чөлкөмдү козгоп кеткендей. Эл аралык чыр-чатактарга байкоо салган эксперттер бул окуя Иран менен АКШ жана анын союздаштарынын ортосундагы татаал мамиледе чечүүчү фактор болорун боолгошууда. Ансыз да зорго турган Иран аймакта мурдагыдан да катаал аскердик операцияларды баштап жибериши мүмкүн экени айтыла баштады.

Касем Сулеймани Сирияда Башар Асадга жардамдашып, миңдеген шиит согушкерлерин куралдантканы, Иракта шиит кошуундарын жандандырганы маалым. Мына ушул чыр-чатактар мурда бейтааныш Касем Сулейманини Ирандагы таасирдүү адамга айланткан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG