Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

АКШ Иранды айыптады


Иран
Иран

АКШ Иранда бийликке каршы нааразылык акциялары башталгандан бери миңден ашуун адам өлүшү мүмкүн деп билдирди.

Иранда бийликке каршы нааразылык акциялары башталгандан бери миңден ашуун адам каза табышы мүмкүн. Кошмо Штаттар Иранды ырайымсыз зордук-зомбулукка айыптады.

Кошмо Штаттарынын Иран боюнча кеңешчиси Брайан Хук буга кошумча миңдеген адам жараат алып, жети миңге жакыны камакка алынганын 5- декабрда билдирди.

Хук бир гана Ношахр шаарынан жөнөтүлгөн видеодо Ирандын аскер күчтөрү жүздөй адамды атканы тартылып калганын айтты.

- Биз Тегеранда жана анын чет жакасында жүздөгөн адам өлтүрүлгөнү тууралуу отчетторду көрдүк. Мындай чындык Ирандын өзүнөн таркап жаткандыктан, режим нааразылык акциялары башталгандан бери миңден ашуун адамды өлтүрүп коюшу мүмкүн.

Расмий билдирүүгө караганда, Кошмо Штаттары Ирандын жарандарынан мындай зомбулукту тастыктаган он миңдеген видеолорду алышкан.

Президент Дональд Трамп Ак үйдө БУУнун дипломаттары менен жолугуп жатып, Иранда өтө коркунучтуу абал түзүлгөнүн белгиледи. Кошмо Штаттары эркиндик, бакубат жашоого умтулган ирандыктарды колдой турганын айтты.

- Өтө коркунучтуу абал. Алар тополоңду ырайымсыз басуу аракетинде көптөгөн адамдарды өлтүрүп, өздөрүнүн миңдеген жарандарын камакка алып жатат.

Иранда элдин нааразы болуп көтөрүлүп чыгышына өкмөттүн бензиндин баасын көтөрүү жана май куюуга чектөө киргизүү боюнча чечими себеп болгон. 15-ноябрда башталган нааразылык акциялары кийин тоз-тополоңго айланган.

Тегеран расмий нааразылык акцияларынын жүрүшүндө беш киши каза тапканын, 180дей адам кармалганын маалымдап, бирок каза болгондордун расмий тизмесин жарыялай элек.

Мунун алдында «Эл аралык мунапыс» уюму Иранда 200дөн ашык адам ажал тапканын кабарласа, «New York Times» басылмасы 450 киши мерт болгонун билдирген.

Ал эми Ирандын президенти Хасан Роухани 4-декабрда болгон телекайрылууда нааразылык акциясына чыккандарды бошотууга чакырып, ошол эле маалда нааразылыкты уюштурган деп сырткы күчтөрдү айыптады.

Хасан Роухани
Хасан Роухани

- Эки жыл мурда эле даярдалып, ошондо эле чагым кылышмак. Былтыр да буга аракеттер болгон. Бирок анда маалы туура келбей калган.

Тегеран менен Вашингтондун мамилеси Ирандын өзөктүк программасын чектеген, дүйнөлүк алты державанын ортосунда 2015-жылы түзүлгөн келишимден былтыр АКШ чыгып кеткенден бери чыңалып жатат.

Вашингтон Иранга буга бир канча санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милденттенмелерин азайта баштаган.

АКШ Сауд Арабиясынын Абкайк ири мунай кенине чабуул үчүн жоопкерчиликти Иранга жүктөп, Ормуз кысыгындагы эл аралык кемелерге кол салууга да Тегеранды айыптаган.

Ирандын бийлиги мындай дооматтарды четке каккан. Кийин Ирандын аскерлери аба аймагына кирип кетти деп АКШнын учкучсуз учагын атып түшүрүп, бир нече эл аралык мунай танкерлерин кармап алган.

Эми Кошмо Штаттары Ирандын болжолдуу аракеттерине каршы туруу үчүн Жакынкы Чыгышка бир нече миңдей кошумча аскер жөнөткөнү турат.

АКШнын коргоо министринин орун басары Жон Руд канча аскер жөнөтүлөрүн ачык айткан жок. Ошол эле кезде ал "The Wall Street Journal" басылмасынын "Пентагон чөлкөмгө 14 миңдей кошумча жоокер жөнөтүүнү караштырып жатат" деген маалыматын четке какты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG