Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:27

Иранда кымбатчылык элди көчөгө чыгарды


Нааразылык акцияларынан бир көрүнүш.
Нааразылык акцияларынан бир көрүнүш.

Ирандагы нааразылык акцияларында бир милиционер жана бир демонстрант өлгөнү кабарланууда. Ал эми миңдей киши камакка алынды.

Өкмөттүн күйүүчү майды кескин кымбаттаткан жана бензин сатууга квота киргизген чечиминен кийин эл ондогон шаарда нааразылык акцияларына чыккан. Кошмо Штаттар Ирандагы нааразылык акцияларында укук коргоо органдарынын күч колдонушун жана бийликтин Интернетти чектегенин айыптады.

Ирандын маалымат каражаттары кабарлагандай, 18-ноябрда Тегеран, Исфахан, Шираз жана башка шаарларда кеминде беш университет жабык турса, 17 шаарда мектептер иштеген жок.

Иранда элдин нааразылыгы өткөн жумада өкмөттүн мунайдын баасын кымбаттатуу жана күйүүчү майды сатууга чектөө киргизүү тууралуу чечиминен кийин күч алган.

Эл Сиржан, Мешхед, Ахваз, Бандар-Аббас, Шира жана башка шаарларда нааразылык акцияларына чыкты. Айрым шаарларда демонстранттар полиция менен кагылышты. Расмий маалыматтарга ылайык акыркы күндөрдөгү окуяларда үч демонстрант, эки полиция кызматкери жана дагы бир күзөт кызматкери каза тапкан.

Мамлекеттик ISNA агенттиги 17-ноябрда өлкөнүн батышындагы Керманшах шаарында нааразылык акцияларынын катышуучулары менен кагылышта бир полиция кызматкери өлгөнүн жазды. Ал эми 15-ноябрдагы Сиржан шаарындагы тополоңдо бир демонстрант каза таап, бир канча киши жаракат алган.

Сиржан шаарында митингчилер мунай заводун өрттөөгө аракет кылып, бирок күч түзүмдөрү буга жол берген эмес.

Маалымат каражаттары билдиргенедй, көчө жүрүштөрүнүн учурунда 100дөй банк жана дүкөн өрттөлгөн. Ирандын «Фарс» маалымат агенттиги 1000дей киши кармалганын жазды.

Ирандын бийлиги жүзгө чейинки шаарда тутанган нааразылык акцияларынын учурундагы тартип бузууга катуу чара көрө турганын эскертип жатат.

Ички иштер министри Абдулреза Рахмани Фазли мамлекеттик телеканалдан чыгып сүйлөп, митингдер коомдук мүлккө зыяны тийчү болсо күч органдары чара көрөрүн билдирди. Башкы прокурор Мухаммад Жафар Мунтазари болсо «кутумчуларды чет өлкөдөн жиберип жатышат, ал эми алардын жасаганы мыйзамсыз жана кылмыш» деп атады.

Ирандын руханий көсөмү, аятолла Али Хаменеи нааразылык учурунда айрымдар өлүп, кээ бир имараттар талкаланганын айтып, демонстранттарды «башкесерлер» деп атады. Ал мунайдын баасын көтөрүү жана бензин сатууга чектөө киргизүү тууралуу өкмөттүн чечимин колдой турганын билдирди.

Мамлекеттик телеканал аркылуу чыгып сүйлөгөн сөзүндө лидер элдин нааразылыгынын артында чет өлкөлүк күчтөр турганын айтып, аларды «туруксуздукка түртүүдө» деп айыптады:

- Бул чечимге айрым адамдар нааразы болушу мүмкүн, бирок башаламандык жана өрт коюу биздин элдин эмес, ээнбаштардын кылганы. Контрреволюция жана Ирандын душмандары дайыма туруксуздук болушун эңсеп келишкен, азыр да ошону улантып жатышат.

Ал эми Кошмо Штаттар Ирандагы нааразылык акцияларынын учурунда укук коргоо органдарынын күч колдонуусун жана бийликтин Интернетти чектөөсүн айыптады. Ак үйдүн 17-ноябрда тараткан билдирүүсүндө Вашингтон Иран элинин тынч нааразылык акцияларын өткөрүү мүдөөсүн колдой турганы айтылат.

- Биз Ирандагы режимди өзгөртүүнү каалабайбыз. Биз Иран элине өз келечегин өзү аныкташына жол беришибиз керек. Анын келечеги дүйнөлүк коомчулук менен бирге болушу зарыл, - деди Кошмо Штаттардын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Жон Раколта.

Ал эми мамлекеттик катчы Майк Помпео «Твиттердеги» баракчасына «Мен бир жарым жыл мурда Иран элине айткандай эле, Америка сиздер менен!» деп жазды.

Дүйнө жүзүндөгү Интернеттин абалын иликтөөчү «NetBlocks» уюму Иранда Интернет дээрлик толугу менен өчүрүлгөнүн маалымдады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG