Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 14-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 04:06

Иракта коменданттык саат киргизилди


Нажаф шаарындагы Ирандын консулдугунун жанына чогулган демонстранттар. 27-ноябрь, 2019-жыл.

Коменданттык сааттын алдында 27-ноябрда Ирандын Нажаф шаарындагы консулдугуна чабуул коюлган. Иракта бийликке каршы толкундоонун башталганына эки айга чукулдады.

«Иран чыксын», «Жеңиш Ирактыкы» деп кыйкырган демонстранттар «Иран Ирактын бийлигин колдоп жатат» деген нааразылыгын билдирүү менен 27-ноябрда консулдуктун имаратын өрттөштү. Аларды таркатууга келген күч түзүмдөрү жаш чыгарчу газ чачып, ок атышты. Кагылышууда бир демонстрант каза таап, 35ке жакын адам жабыркаганы кабарланды.

Полициянын айтымында, консулдуктун ичиндеги кызматкерлер кол салуу башталганча эле чыгарылып кеткен. Толкундоо бул түнү өлкө түштүгүндөгү, негизинен шииттер басымдуулук кылган Басра шаарында да уланды. Жалпысынан каргашалуу түн 14 демонстранттын өмүрүн алганы кабарланды. Ушундан улам бийлик коменданттык саат киргизди. Расмий Багдад Нажафтагы Ирандын консулдугуна кол салууну сынга алды. Коргоо министрлиги 27-ноябрдын кечинде болгон окуялар «Ирак менен Ирандын ортосундагы тарыхый алакаларды бузууга багытталганын» билдирип, муну айыптады.

Иран Багдадды консулдукту коргой албаганы үчүн күнөөлөп, чабуулдун артында тургандарды жоопко тартыш үчүн чечкиндүү кадамдарга барууну талап кылды. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Аббас Мусави буларды айтты:

- Ирактагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана дипломаттардын коопсуздугун камсыз кылуу Ирак өкмөтүнүн жоопкерчилигинде. Тегеран чабуулду кескин айыптайт жана өкмөттөн чечкиндүү кадамдарды талап кылат.

Бул Ирандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө алгачкы сол салуу эмес. Ушул айдын башында Кербела шаарындагы Ирандын консулдугуна демонстранттар чабуул коюшкан. Андагы кагылышууда төрт демонстрант окко учкан.

Басра шаарындагы жолду тороп алган демонстранттар. 25-ноябрь, 2019-жыл.
Басра шаарындагы жолду тороп алган демонстранттар. 25-ноябрь, 2019-жыл.

Премьер-министр Абдел Абдул Махдинин кызматка киришкенине бир жылдан бир аз ашты. Ал бийликке келгенде берген убадаларынын көбү аткарылбаганына ирактыктар, өзгөчө жаштар нааразы. Алар өлкөдө күч алган жемкорлукка, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп, октябрдын башында көчөгө чыгышкан.

Алты күнгө созулган акциялар полиция менен кагылышуу менен аяктаган. 150дөй адамдын өмүрүн алган ал толкундоодон кийин Абдул Махди өкмөттө кадрдык өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө убада берип, жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрүнүн айлыгын азайткан. Ал ошондой эле жаштар арасындагы жумушсуздук маселесин чечүү боюнча өз пландарын да жарыялаган. Бирок анын мындай кадамдары жаштарды ынандыра алган жок. Көп өтпөй ирактыктар кайрадан көчөгө чыгышты. Эки айдан бери уланып жаткан тоз-тополоңдо 340тай адам каза тапты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG