Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Иракта элдин нааразылыгы күчөп жатат


Кербела шаарындагы нааразылык акциясы. Ирак, 28-октябрь, 2019-жыл.
Кербела шаарындагы нааразылык акциясы. Ирак, 28-октябрь, 2019-жыл.

Иракта коменданттык саат киргизилгенине карабай масштабдуу митингдер тынчыбай жатат.

Ирак бийлиги 28-октябрда кайрадан коменданттык саат киргизгени менен шейшембиге караган түнү нааразы болгон эл Багдаддагы борбордук Тахрир аянтынан кетүүдөн баш тартты.

- Коменданттык саатка жол жок! Биз бул жакта калабыз. Коменданттык саат - алардын дагы бир ыплас оюну, тил эмизүүсү. Бир туруп «тигил же бул жакта машинелерге уруксат берилбейт» же «жумушка барбагандар жазаланат» дешет. Бизди муну менен коркута алышпайт. Миң киши шейит кетсе да, бул жерде кала беребиз, - деди акцияга чыккандардын бири.

Тахрир аянтындагы акция. Багдад, 26-октябрь, 2019-жыл.
Тахрир аянтындагы акция. Багдад, 26-октябрь, 2019-жыл.

Октябрдын алгачкы күндөрүндө башталган толкундоолор бир нече убакытка токтоп, 25-октябрда кайрадан жаңы күч менен жанданды.

Ал күнү өкмөттүк кеңселер орун алган Жашыл зонага карай жылган демонстранттарды полиция күч менен токтоткон.

Жума жана эртеси ишембиде тартип коргоочулар чогулгандарды жаш агызчу газ, күч колдонуп таратууга аракеттенгенде 74 киши өлгөн.

Премьер-министр Адел Абдул Махдинин басма сөз катчысы 27-октябрда жумушка барбагандар же окуу процессин үзгүлтүккө учураткандар катуу жазаланарын эскерткен.

Көчөлөргө агылган демонстранттардын көбү студенттер. Алар бийликтин эскертүүсүнө карабай дүйшөмбү күнү акцияларга катышты. Полициянын атайын бөлүктөрү башкалаадагы эки университетти тосууга, жаш агызчу газ чачууга аракеттеништи. Бирок андан майнап чыккан жок.

Полиция демонстранттарга жаш агызчу газ чачты. Багдад, 28-октябрь, 2019-жыл.
Полиция демонстранттарга жаш агызчу газ чачты. Багдад, 28-октябрь, 2019-жыл.

- Бүгүн жаштар жумуш менен камсыз кылууну же социалдык турмушту жакшыртууну сураган жок. Жаштар режимди түп тамырынан өзгөртүүнү талап кылууда. 16 жылдан бери башкарып келатышат, бирок бизге эч нерсе кылып беришкен жок. Тойдук, жетет, - дейт Багдаддагы дагы бир студент.

Демонстранттар саясий партиялардын кеңселерине, полициянын, өкмөттүн имараттарына өрт коюшту.

Коррупция, жумушсуздук, социалдык шарттарга нааразы болгон эл баш калаадан тышкары өлкөнүн түштүгүндөгү бир нече шаарда көчөлөргө чыгып жатат.

Шейшемби күнү тараган маалыматка караганда, 28-октябрда шииттердин ыйык шаары – Кербелада коопсуздук күчтөрү демонстранттарга ок атканда бери дегенде 14 киши каза тапты, 865 киши жарадар болду.

Ирактагы нааразылык акциялары 1-октябрда башталып, полиция менен кагылышууларда, тополоңдо расмий сандарга ылайык, 250дөн көп киши өлдү, 4 миңдейи жабыркады.

Полиция октябрдын башындагы митингдерде ашыкча күч колдонулганын моюнга алган жана жооптуулардын күнөөсү караларын билдирген.

Ири мунай өндүрүүчүлөрдүн катарына киргени менен Иракта калктын 20 пайызга жакыны жакырчылыкта жашайт. Жаштар арасындагы жумушсуздук 25 пайызга жетет.

Соңку митингдер бийликке бир жыл мурун келген Махди үчүн олуттуу сыноо болуп калмакчы.

28-октябрда шииттердин белгилүү диниятчысы, парламенттеги ири блокту колдогон Муктада ал-Садр мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө чакырды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG