Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча аскер жиберет


АКШ элчилигинин алдында нааразылык акциясына чыккандар. Иран. 30-декабрь, 2019-жыл.
АКШ элчилигинин алдында нааразылык акциясына чыккандар. Иран. 30-декабрь, 2019-жыл.

Иран колдогон жарым-жартылай аскердик түзүмдөрдүн өкүлдөрү АКШнын Ирактагы элчилигин эки күн бою камоого алышты.

Алардын чабуулунан Америка элчилигинин дарбазасы сынып, кабылдамасы өрттөндү.

АКШ бул ишке Ирандын бийлигин айыптады. Иран өз кызыкчылыгын коргоо үчүн согушка даяр экенин жар салды. Буга байланыштуу АКШ бийлиги Жакынкы Чыгышка 5 миңге жакын аскерин киргизмей болду.

31-декабрда Ирандын бийлиги каржылаган «Элдик мобилизация күчтөрү» аттуу шиит кошуунунун жүздөгөн тарапкерлери АКШнын Ирактагы элчилигинин алдына топтолгон.

Алар Иран «Катаиб Хезболла» тобунун Ирактагы позицияларына абадан сокку урган Вашингтонду айыпташты. Шиит козголоңчулар АКШ элчилигинин имаратына кирип, аны басып алууга аракет кылышты.

Аларды Ирактын коопсуздук күчтөрү токтоткон. Бирок козголоңчулар элчиликтин жанына чатырларды тигип, түнөшкөн.

Каршылык акцияcынан улам АКШнын Ирактагы элчилиги 31-декабрда ишин токтотту. Ошол эле күнү мамлекеттик катчы Майк Помпео Ирактын премьер-министри Адил Абдул-Махди менен телефондон сүйлөшүп, АКШнын Багдаддагы элчилигинин аймагында болгон зомбулукту кескин айыптады.

Элчиликтин жанында түнөгөн шиит козголоңчулар 1-январда таңга маал элчиликке экинчи ирет чабуул жасап, бастырып киргенге аракет кылышкан. Мекеменин дарбазасы сынып, кабылдамасы өрттөнгөн. Аларга каршы элчиликтин ичиндеги Американын 100 аскери көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонгон. Учурда Американын 100 аскери элчиликтин имаратын ичинен, аба күчтөрү сыртынан коргоп турат.

Бул окуядан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Казакстан, Өзбекстан, Беларус жана Украинага жасай турган иш сапарларын токтотконун жарыялады.

АКШ президенти Дональд Трамп элчиликке кол салууну уюштурганы үчүн Иранды айыптады. Бирок Иран менен согушууну каалабай турганын эскертти.

АКШнын Ирактагы элчилигинин жанындагы акция Ирандын колдоосу менен Иракта аракеттенген шииттердин "Хезболла" кыймылына Американын аскердик күчтөрү абадан сокку ургандан кийин жанданды. Мунун алдында Американын куралдуу күчтөрү "Хезболлага" абадан чабуул жасаган. Анда 25тен кем эмес адам каза болгон.

Ирандын жогорку лидери Аятолла Хаменеи да АКШнын Ирактагы шииттерге абадан сокку урганын сындап чыккан. Аятолла Хаменеи Тегеран да кан төгүлгөнүн каалабай турганын, бирок өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн согушка даяр экенин жарыялады.

Бул окуядан кийин Пентагон Жакынкы Чыгышка кошумча аскер жөнөтүүнү чечкен. АКШ бул аймакта аскердик таасирин мурдагыдан да күчөтүүгө ниеттенип жатат.

АКШнын коргоо министри Марк Эспер Ирактын аймагына өзгөчө даярдыктагы 750 десант киргизилгенин "Твиттер" аркылуу жарыялады. Кийин дагы 4 миң жоокер жиберилери белгилүү болду. Алар АКШнын Иракта жайгашкан 14 миң куралдуу күчтөрүнө кошулмакчы. Бул тууралуу Fox News маалымат агенттиги кабарлады.

Иранды колдогон активисттер "Ирак өкмөтү АКШ элчилигин өлкөдөн айдап чыкканга чейин каршылык акциялары улана бере турганын" эскертип, 2-январда тарап кетишти. Учурда Ирактын Багдад шаарындагы АКШ элчилигин Ирактын коопсуздук күчтөрү, АКШнын 100 аскери жана аба күчтөрү коргоп турат.

Ирактык шиит күчтөрүнөн турган «Катаиб Хезболла» кошуунун Иран колдоп келет. 29-декабрда Кошмо Штаттар бул топтун Ирак менен Сириядагы позицияларына абадан сокку уруп, андан кошуундун 25 мүчөсү курман болгон. Вашингтон «Катаиб Хезболла» кошууну чөлкөмдөгү АКШ күчтөрүнө тынымсыз чабуул коюп жатканын жүйө келтирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG