Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

АКШ Ирандын Интернеттеги саясатына каршы


Вашингтон «Фейсбукту», «Инстаграмды» жана «Твиттерди» Иранда Интернет толугу менен калыбына келтирилмейинче, ал өлкөнүн өкмөт жетекчилерине байланышкан баракчаларды убактылуу жабууга үндөдү.

Вашингтондун Иран боюнча атайын өкүлү Брайн Хук «Bloomberg News» агенттигине буларды билдирди:

- Бул абдан эки жүздүү режим. Интернетти жаап коюшат да, өкмөт өзү бардык социалдык трамактарды пайдаланууну улантууда.

Хуктун интервьюсу Мамлекеттик департаменттин «Твиттерине» жарыяланды.

Брайн Хук.
Брайн Хук.

«Биз «Фейсбукту», «Инстаграмды» жана «Твиттерди» жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин, тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин жана президент Хасан Роуханинин баракчаларын алар өз элине Интернетти калыбына келтирмейинче жабууга үндөйбүз», - деп айтылат билдирүүдө.

Тегеран режиминин эки жүздүүлүгү тууралуу буга чейин Хук «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Иран кызматына берген интервьюда да айткан.

AFP маалымдагандай, «Фейсбук», «Инстаграм» жана «Твиттер» бул билдирүүгө комментарий берүү тууралуу өтүнүчкө жооп кайтара элек.

Өткөн жуманын аягында өкмөткө каршы митингдер башталганда Ирандын бийлиги Интернетти дээрлик толук бөгөп салган. Мониторинг жүргүзгөн айрым топтор акыркы эки күндө байланыш кээ бир жерлерде калыбына келтирилгенин маалымдашты. Ирандын бийлиги 100дөн чукул шаар-кыштактардагы демонстрациялар тынчыганын билдиргени менен, муну тактоо мүмкүн болбой жатат.

22-ноябрда Вашингтон интернеттеги «масштабдуу цензура» орнотуудагы ролу үчүн Ирандын байланыш министри Мохаммад Жавад Азари Яхромиге санкция салган.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кол башчысынын орун басары, адмирал Али Фадави буларды айтты:

Али Фадави.
Али Фадави.

- Эмне үчүн америкалыктар Интернетти өчүрүп салганыбызга ачууланышат? Себеби Интернет аркылуу америкалыктар өздөрүнүн кыянат иштерин кылууну көздөшөт. Ислам революциясынын намыстуу эркектери менен аялдары Интернеттей ички байланыш системасын түзүүгө бел байлашат. Америкалыктар каалашса да, аны көзөмөлдөй алышпайт. Ошол ички системаны биз эч качан өчүрбөйбүз.

Толкундоолор Тегеран өкмөтү бензиндин баасын көтөрүү жана күйүүчү майга чектөө киргизүү тууралуу чечимин жарыялаган соң 15-ноябрда башталган. Ирандын жетекчилиги демонстрациялардын артында чет өлкөлөр, ичинде АКШ, Израил, Сауд Арабиясы турат деп, бул өлкөлөрдү айыптоодо. Ислам Республикасынын расмий маалыматы боюнча митингдерде беш киши каза тапты. Ал эми «Amnesty International» («Эл аралык мунапыс») уюму жана башка укук коргоочулар 100дөн көп кишинин өмүрү кыйылганын билдиришүүдө.

Бир нече күн мурун Ислам революциясынын сакчылар корпусу акциялардын 100дөй лидери кармалганын билдирген. Алар тартип коргоочуларга кол салуу, Интернетте мыйзамсыз чакырыктарды таштоо жана имараттарга өрт коюу үчүн айыпталууда. Ал эми «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Иран кызматы бир нече миң киши кармалганын маалымдап жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG