Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 6-апрель, 2020 Бишкек убактысы 06:27

"Тыңчы" мыйзамынын тымызын мүдөөсү


Парламентте талаштуу мыйзам талкууланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00

Парламентте талаштуу мыйзам талкууланды

Төрт жыл илгери эки ирет каралып, бирок өтпөй калган коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору үчүнчү ирет парламентке сунушталды.

Мыйзам долбоорун сунуштаган тарап муну чет элдик гранттар менен иштеген коомдук уюмдардын каржылык ачыктыгын камсыздоо катары түшүндүрдү.

Бирок айрым укук коргоочулар бул мыйзам долбоорун бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектөө катары кабыл алышууда. Ал эми кээ бир депутаттар бул чаралар мыйзамдык күчүнө кирсе, өлкөгө берилчү эл аралык жардам кыскарып, коомчулукту ажырымга алып келе турган жагдай түзүлүшү мүмкүн экенин эскертишти.

Төрт жылдан кийин кайтып келген демилге

Жогорку Кеңеште башында чет өлкөлүк гранттарга иштеген бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчыларга теңеген "Коммерциялык уюмдар тууралуу" мыйзам долбоору 2014-2016-жылдары да иштелип чыгып, парламентте каралып, бирок жарандык коомдун басымы менен артка кайтарылган.

Анда бейөкмөт уюмдардын каржы булактарын аныктоо жана ишмердигин көзөмөлдөө чаралары киргизилген. Мыйзам долбоорунун автору, депутат Бактыбек Райымкулов аталган чаралар азыр долбоорго кирбеген менен, сырттан грант алган бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчыларга теңөөнү ага киргизүү демилгеси көтөрүлүп жатканын билдирди:

Бакытбек Райымкулов.
Бакытбек Райымкулов.

"Кыргызстанда жергиликтүү каражатка иштеген коммерциялык эмес уюмдардын көпчүлүк өкүлдөрү "чет элдин каражаты менен иштеген бейөкмөт уюмдарга мына ошол чет өлкөлөрдүн "агенти" деген макамды киргизгиле" деп, бизге айтып жатышат. Бул жерде коммерциялык эмес уюмдар дагы эки тарап болушту. Бир тарапка тартып, бир жагын күчөтөйүн деген нерсе болгон жок. Биз бул мыйзам долбоорун бардык жагынан карап, таразалап туруп, маалымат берүү иретинде гана киргизип жатабыз".

"Агенттерди" териштирүү ажырымы

Парламент депутаты Дастан Бекешев жергиликтүү каражатка же чет элдик грантка иштеген деген сыпаттама менен бейөкмөт уюмдарга мүнөздөмө берүү туура эмес экенин айтты.

Андай боло турган болсо, бардыгынын коммерциялык сырын ачып, биздеги Сауд Арабиясынан, Бириккен Араб Эмирлигинен, Пакистандан жана Ирандан акча алган тараптарды дагы ачыкка чыгаралы.
Дастан Бекешев.


Депутат Дастан Бекешев мамлекет өзү грант алуучу болуп турган шартта, кайсы коомдук уюмдун каяктан каражат алганын териштирүү коомчулукту чоң ажырымга алып келиши мүмкүн экенин эскертти:

"Андай боло турган болсо, бардыгынын коммерциялык сырын ачып, биздеги Сауд Арабиясынан, Бириккен Араб Эмирлигинен, Пакистандан жана Ирандан акча алган тараптарды дагы ачыкка чыгаралы. Мамлекет өзү канчалаган гранттарды алып жатат. Биз азыр Дүйнөлүк банктан, Азия өнүктүрүү банкынан, Кытайдын банкынан, Орусиядан, Европадан, АКШдан гранттарды алып жатабыз. Керек болсо, Орусиянын "Россотрудничество" уюмунан дагы. Бизде мына ошондой каражат алган уюмдар көп. Бирок, бул мыйзам кабыл алынса, анда аларды коомчулукта бөлүп баштайбыз. Бул эмнеге алып келет? "Бул ал жактан, тигил бул жактан каржыланат" деп, коомду ажырымга алып келиши мүмкүн".

Көмүскө каржылоо коркунучу

Бул мыйзам долбоору башында Орусиядагы базалык мыйзамга шайкеш келип, чет элдик кызыкчылыктын таасирин чектөөнү көздөй турганы көрсөтүлгөн.

Коммерциялык эмес уюмдар бирлигинин төрайымы Токтайым Үмөталиева мыйзам долбоору деле мурдагы эле максатты көздөй турганын айтты. Анын баамында, эгерде мамлекет чындап эле чет элдик тыңчылыкты аныктоону максат кылса, анда ал аны бир эле бейөкмөт уюмдарга байлабай, аны чет элдик таасир этүүнүн көзгө көрүнө бербеген аракеттеринен издесе болмок деген ойдо:

Саясий партиялар шайлоолордун астында 1-2 млн. доллардан акча алып, жеп жатышпайбы. Алар акчаны каяктан алат? Эмнеге аларды текшеришпейт?
Токтайым Үмөталиева.


"Акчаны көргөзбөй алып жаткандар коркунучтуу болуп жатпайбы. Саясий партиялар шайлоолордун астында 1-2 млн. доллардан акча алып, жеп жатышпайбы. Алар акчаны каяктан алат? Эмнеге аларды текшеришпейт? Бул мыйзам долбооруна мен каршымын. Анткени мыйзамда чет элдик таасир көрсөтүүчү агент деген ким экенин аныктоо зарыл. Бул улуттук коопсуздукка байланыштуу өзүнчө мыйзам долбоору болушу керек. Азыр диний уюмдар дагы чет элдик таасирди алып жүрүүчү агенттер болуп калышты. Молдокелер канчалаган гранттарды алып жатат? Аларды ким текшерип жатат? Чет өлкөлөрдүн кызыкчылыгын сүрөгөнү үчүн канча деген саясатчылар чет өлкөлөрдөн канча деген каражат алып жүрүшөт? Айрым депутаттар парламентте чет элдин кызыкчылыгы үчүн "лобби жасап" чет элдик таасир көрсөтүүнү жайылтып жүрөт. Ошолорду бирөө текшердиби? Ал эми бейөкмөт уюмдар каражаты каяктан алынганын жана кандай максатта жана каякка жумшалганын тиешелүү мамлекеттик органдарга дайыма эле кабарлап келет".

Мыйзам долбоорун сунуштаган тарап анын максатын чет элден грант алган бейөкмөт уюмдардын финансалык ачыктыгын камсыздоо чарасы менен гана байланыштырган.

Мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдардын ишмердигине зыянын тийгизбей турганын жана аларга тоскоол болбойт деп ишендирди.

Ишмердикти чектөө ченеми

Анткен менен "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова долбоордо бейөкмөт уюмдун ишмердигин чектей турган ченемдер бар экенин белгиледи:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

"Бул мыйзам долбооруна ылайык, бейөкмөт уюмдар ар бир коомдук иш-чараны мамлекеттик органдар менен макулдашып анан, өткөрө алат экенбиз. Биз эми андай иш-чараларды өткөрбөй коё беребиз. Өздөрү өткөрө беришсин. Биз анда, бир эле жарандардын укугун коргоо иши менен эле алек болобуз. Долбоорлордун бардыгын мамлекеттик органдар менен макулдашууга туура келет экен. Адам укугу адатта, мамлекеттик органдар тарабынан бузулат. Биз адам укугун коргоо үчүн "коргой берсек болобу?" деп мына ошол органдардан уруксат алышыбыз керек болот экен. Анан эксперттик талдоо жүргүзгөн иштердин бардыгы макулдашылышы керек экен. Отчеттуулукту татаалдаштырып жатышат. Алар макулдук берсе гана мына ошондой долбоорлорду аткарат экенбиз. Болбосо, жок экен".

"Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу" мыйзам долбоору тиешелүү комитеттин кароосунан өтпөй, регламентти бузуу менен, шашылыш парламенттин кароосуна коюлганын айрым депутаттар сындап чыгышкан. Кечээ, 27-февралда биринчи окууда каралган бул мыйзам долбооруна парламент кийинки аптадан добуш берет. Регламент боюнча мыйзам долбоору үч окуудан кийин кабыл алынат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (9)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG